Салык кызматы декларациялоонун биринчи этабын баштады. Тапшырчулардын тизмеси

© Sputnik / Жоомарт УраимовБирдиктүү салык декларациясын тапшыруу үчүн документтер. Архив
Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу үчүн документтер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2023
Жазылуу
Кийинки жылдан баштап салык салынуучу киреше алган бардык жеке жактар милдеттүү түрдө салык декларациясын тапшырат.
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы быйылтан тартып Кыргызстанда жалпы салыктык декларациялоонун биринчи этабы башталганын эскертти.
Жыл сайын милдеттүү түрдө салык декларациясын тапшыргандардан тышкары быйылкы жылы салык төлөөчүлөрдүн жаңы категориялары да тапшыруусу зарыл.
Тактап айтканда, ушул жылдын 1-майына чейин 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырышы керек:
мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган, илимий-изилдөө, чыгармачылык, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо жана калкты тейлөө боюнча аткаруу-тескөө функциялары менен байланышпаган башка иштерди жүзөгө ашыруучу мекемелердин, ишканалардын же уюмдардын кызматкерлери;
мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери;
эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар;
жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлк сатып алган жеке жак.
Белгилей кетсек, салык мыйзамдарына ылайык, 2026-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын бардык жарандары салык декларациясын тапшырууга милдеттүү.
Ага чейин жалпы салыктык декларациялоо этап-этабы менен киргизилет. Биринчи этап 2023-жылы башталды. Кийинки жылдан баштап салык салынуучу киреше алган бардык жеке жактар милдеттүү түрдө салык декларациясын тапшырат.
Эскерте кетсек, 1-апрелге чейин юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, 1-майга чейин жеке жактар жана жеке ишкерлер салык декларациясын тапшырууга милдеттүү.
Жогорку Кеңештин депутаты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.01.2023
Мал-мүлкүн элге ачыктагысы келбеген депутаттардын тизмеси
Жаңылыктар түрмөгү
0