Акжол Махмудов дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга чыкты

© Фото / United World WrestlingКыргызстандык балбан Акжол Махмудов
Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2023
Жазылуу
Буга чейин биринчи сапта түркиялык балбан турган эле.
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов 77 килограмм салмак категориясы боюнча дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга чыкты.
Буга чейин Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) рейтингинде түркиялык Юнус Эмре Басар лидер болчу.
Ушуну менен грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбандар эки салмак категориясы боюнча мыкты аталышты. Махмудовдон тышкары, лидерликти Жоламан Шаршенбеков бербей келет. Ал 60 килограммга чейинки салмакта кармашат.
Грек-рим күрөшү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2023
Бишкекте спорттун төрт түрү боюнча чемпионат өтөт
Жаңылыктар түрмөгү
0