Ош облусунда келе жаткан жумада аба ырайы кандай болот?

© AFP / ARMEND NIMANIЖамгыр учурунда көчөдө бараткан адам. Архив
Жамгыр учурунда көчөдө бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2023
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Ош облусунда келе жаткан аптада күн кандай болорун Кыргызгидромет агенттиги билдирди.
12-февралда жана 13-февралда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. 13-февралда күндүз жана 14-февралда түнкүсүн тоолуу райондорго кар түшөт. 14-16-февралда айрым жерлерде жаан, кар жаашы күтүлөт.
Ал эми жума этегинде, 17-18-февралда көпчүлүк аймактарда жана тоо этектеринде жаан менен кар, тоолуу райондордо кар жаайт.
Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Газ плита. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2023
Депутаттар жаңы конуштарды газдаштыруу үчүн элге субсидия берүүнү сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0