Көөкөрдүн сыры

Жасалышы, колдонулушу боюнча инфографика
Кыргыздар күнүмдүк жашоосунда көөкөрдү кеңири пайдаланып, белек, тартуу үчүн да колдонгон. Sputnik Кыргызстан агенттиги унутта калып бараткан буюм тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Кыргыздар күнүмдүк жашоосунда көөкөрдү кеңири пайдаланып, белек, тартуу үчүн да колдонгон. Sputnik Кыргызстан агенттиги унутта калып бараткан буюм тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Көөкөр — уйдун, төөнүн терисинен ашатылбай ышталып жасалган идиш. Кол өнөрчүлөр жаңы сыйрылган теринин жүнүн устара менен кырып алгандан кийин өсүмдүктүн тамырын кошуп кайнатып алып, керектүү суюктукту даярдап, ага терини үч-төрт күн чылаган. Жумшап калган терини бычып, шибеге, теменени колдонуп малдын тарамышынан ийрилген жип менен тиккен. Ал жип башында жумшак болсо, кургаганда ийне өткөн жерлери чыңалып суу чыгарчу эмес. Көөкөр кургаганда ичине топурак аралаш кумду ийиктин сабы менен шыкаган. Ошондо көөкөр өз формасына келген, ичиндегиси толук кургагыча жыгач менен сыртына оюулар тартылып, көөкөрдүн бурчтары, ийини, мойнуна күмүш, мис, жез, коло, калай чөгөрүлгөн.

Андан соң ичиндеги кумду алып тазалап, табылгы, карагайдын тобурчагы менен ыштап, май менен майлап колдоно баштаган.
Ал эми көөкөрдүн кепкеги карагайдан, арчадан, табылгыдан жасалып, ага да түстүү металлдар чөгөрүлүп, жезден чагарак салынып, кайыш боо менен байланган. Көөкөрдүн оозу кууш, мойну узун, түбү кенен болгон. Эң кичинекейи бир литр болсо, чоңуна алты-сегиз литрге чейин суюктук сыйган.

Көөкөрдү кыргыздар көчмөн турмушта, үй оокаттарында кеңири колдонуп, кымыз, айран, чалап өңдүү суюктуктар куюлган. Көпчүлүк учурда ал буюм конок келгенде кымыз куюп берүүчү идиш катары пайдаланылып, меймандостуктун, токчулуктун символу болгон. Ошондон улам да кыргыздар сүттүү бээнин желинин "көөкөр эмчек" дешкен.
Көөкөр кызга же жаш келинге арналса оймо-чиймелер менен кооздолуп, чачылар тагылып, жигиттерге арналганы жупунураак болгон. Ал эми колунда барлар көөкөрдү алтын, күмүш менен аземдешкен.

Кожойкелер көөкөрдү колдонууда аны жок дегенде жылына бир-эки жолу ыштаган. Анткени идиш жакшы сакталып, формасын жоготпойт.
Кыргыздар жаргылчакты эмне максатта кантип колдонгон?
Кыргыз эли күнүмдүк жашоо турмушунда жаргылчактын жардамы менен жасалган азыктарды кеңири пайдаланган. Sputnik Кыргызстан агенттиги бул буюм тууралуу инфографика сунуштайт.
Бешик жана анын тарыхы
Бешик жасала баштаганда биринчи жыгачынан баштап, бала уктаганга чейинки ар бир кыймыл-аракет каалоо-тилек, бата менен коштолот.
Кыргыз аялдары ийикти кантип, эмнеге колдонушкан?
Ийик — жүн, кебез, жибектен жип ийрүүчү аспап. Аны кыргыздын кыз-келиндери жип ийрип килем, таар, шалча, атка жабуу сыяктуу чарбалык керектүү буюмдарды жасоодо кеңири колдонуп келген.
Редактор
Мирбек Сакенов

Маалымат булагы
кол өнөрчү, салттуу билимдерди алып жүрүүчү Бүкадича Орозалиеванын маалыматтары, Амантур Акматалиевдин "Кыргыздын кол өнөрчүлүгү" китеби, Олжобай Каратаев, Салайдин Эралиев түзгөн Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк

Программист
Пётр Панов

Дизайнер
Даниил Сулайманов
Жаңылыктар түрмөгү
0