Түркия жана Сириядагы зилзаланын кесепеттерин жоюуга Россиянын көмөгү. Сереп

© Фото / Пресс-служба Минобороны РФ / Медиабанкка өтүүРоссиялык аскер кызматкерлери Сириядагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга жардам беришип атат
Россиялык аскер кызматкерлери Сириядагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга жардам беришип атат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2023
Жазылуу
Россия табигый кырсык же террордук чабуулдан жабыркаган коңшу өлкөлөргө биринчилерден болуп кол сунат. Сирия менен Түркиядагы апааттан көп өтпөй Россиянын Коргоо жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин кызматкерлери жардамга аттанышты.
Дос кыйын кезеңде таанылат эмеспи деп белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Кезектеги макаласында мүңкүрөп турган эки өлкөгө көрсөтүлгөн жардамдан кеп салган.
6-февралда Сирия менен Түркияда 100 жылдан бери болуп көрбөгөн, күчү 7,7 баллга жеткен зилзала болуп, анын натыйжасында 6000 ашуун киши набыт болуп, тилекке каршы, өлүм саны улам артууда. Себеби уранды алдында дагы миңдеген киши калганы айтылып жатат.
Кырсык кабары тарагандан көп өтпөй россиялык президент Владимир Путин сириялык жана түркиялык лидерлерге – Башар Асад менен Режеп Тайип Эрдоганга зилзаланын кесепеттерин жоюуга көмөгүн сунуштады.
Жардам ыраазычылык менен кабылданып, РФ Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлери, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 100дөн ашуун адиси жана аэромобилдик госпиталы кырсык болгон жерде ишке киришти.
РФ коргоо министри Сергей Шойгу Сирия Араб Республикасынын жабыркаган калкына ыкчам жардам берүүнү россиялык күчтөрдүн тобуна табыштады. Натыйжада Хмеймим авиабазасында аракеттерди координациялоо, мобилдик медициналык топ, донордук кан алуунун төрт түйүнүн ачуу үчүн биргелешкен ыкчам штаб уюштурулду. Урандылардын алдынан адамдарды куткаруу жана медициналык көмөк көрсөтүү үчүн 10 курама отряд түзүлүп, бул ишке 300дөн ашуун аскер кызматкери, 60 аскердик бирдик жана атайын техника тартылды.
Курама отряддар дароо эле бир нече калктуу конуштарда урандыларды казууга киришип, ар бир локацияда атайын багыттагы медициналык отряддын бригадасынын нөөмөтү түзүлгөн. Булардан тышкары, Алеппо, Хама, Латакия, Жебла, Стам жана Бустан-Эль-Башада жабыр тарткандарга гуманитардык жардам (азык-түлүк) таратуучу алты пункт иштөөдө.
Хмеймим авиабазасы, Аскер-деңиз флотунун Тартустагы материалдык-техникалык камсыздоо түйүнү жана Сириядагы башка россиялык объектилер зилзаладан жабыркаган эмес. Нөөмөттөгүлөр ушул тапта штаттык режимде кызматын өтөп жатышат. РФтин Сирия жергесиндеги куткаруу жана гуманитардык миссиясы 49 жылга ижараланган Хмеймим жана Тартус базаларындагы инфраструктураларда жүргүзүлүүдө.
Табигый кырсыктан улам Россиянын ыкчам жана майнаптуу аракеттери Батышта таркалган украиналык согуштук аракеттер театрына Москванын бүт күчтөрү жана каражаты топтолуп же алдан тайып баратканы жөнүндөгү маалыматты толугу менен төгүндөйт.
Президент Садыр Жапаров Түркия лидери Режеп Тайип Эрдоган менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2023
Садыр Жапаров Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Эмне кеп болду?
Түркиянын түштүк-чыгышында сутка ичинде 7,7 баллдан 5,3 баллга чейинки үч жер титирөө катталып, он провинцияда 13,5 миллиондой киши жабыркады. 5775 имарат толугу менен кыйрап калды. 1939-жылдагы катуу зилзаланын күчү 7,9 баллга жетип, курман болгондордун саны 33 миңге чыккан.
Урандыларды казууда азыр 16 миң киши иштөөдө. 7-февралдын таңында кыйраган имараттардын алдынан 7800 киши куткарылганы кабарланды. Кырсыктан жабыркаган 338 миңден ашуун кишини баш калкалоочу жай, жатакана жана университеттерде жайгаштырып жатышат. Түрк бийлиги "эң жогорку (төртүнчү) деңгээлдеги тревога" жарыялады. Демек, кырдаал эл аралык активдүү жардамды талап кылат. Европа биримдиги, Улуу Британия жана Кошмо Штаттар колдон келишинче көмөктөшүүгө сөз берди.
Жер Сирия, Ливан, Израиль, Ирак, Грузия жана Кипрде да силкинди. 45 чакты өлкө Түркияга жардам сунуштап, айрымдары гана Сирияга кол сунуп, көмөктөшүүгө милдеттенме алышты. Аталган мамлекетте Латакия, Хама, Алеппо жана Тартус провинциялары катуу жабыркады.
Washington Post "жарандык согуштун айынан түзүлгөн Башар Асаддын өкмөтү менен дипломатиялык чыңалуу" Сирияга чет өлкөлүк көмөк көрсөтүүнү татаалдаштырууда", — деп жазды. Ал эми аталган республикадагы кырсык тооруган зоналарда россиялык куткаруучулардын кынтыксыз аракеттери туурасында батыш маалымат каражаттары адатынча үн катпайт. Анткен менен америкалык Newsweek журналы: "Россия, Иран жана араб мамлекеттери зилзаладан жабыркаган Сирияга көмөктөшүп жатканда АКШ Асад менен сүйлөшүү жүргүзбөөгө сөз берүүдө", — деп маалымдады.
Эске салсак, Вашингтон Дамаск менен мамилесин үзүп, ушул тапта "Сирия демократиялык күчтөрү" аттуу күрттөрдүн тобу менен гана алакада. Бул Сирия Араб Республикасынын түндүк-чыгышында "автономдук өкмөт" катары белгилүү. Ал жакта сириялык мунайдын уурдалышын калкалаган америкалык күчтөр мыйзамсыз жайгашканы да маалым.
Ал ортодо Россиянын өтүнүчү менен Израиль да "касташкан мамлекети" Сирияга болуп көрбөгөндөй көмөгү тууралуу белгилүү болду. Премьер-министр Биньямин Нетаньяху өлкөнүн түштүгүндөгү израилдик ооруканаларда чукул медициналык жардам алууну жана медициналык жабдууларды сунуштады.
Зилзала катуу суук жана бороон-чапкын менен да коштолууда. Москва мамлекеттик университетинин Физика факультетинин адистери тектоникалык плиталардын тийишкен зонасында жер титирөөлөр дагы жарым жылга созулушу мүмкүн экенин айтышат. Чыгыш таануучулар Түркия менен Сириядагы табигый кырсыктардан улам "зилзалалар кайра-кайра кайталанмайынча келбей турган Кыямат күн жөнүндө" эскеришет (аль-Бухари).
Мусулмандар дин менен өздөрүн жооткотуп, жер титирөөлөр менен бейиш багынын ортосундагы байланыш туурасында айткан Мухаммед пайгамбардын сөзүн эстеп жатышат. Ал эми Россия жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюп, андан жабыркагандарды сактап калуу үчүн колунан келген көмөгүн бере бермекчи.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
Түркияга жөнөтүлгөн 
кыргызстандык куткаруучулар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2023
“Бир туугандар келди”. Кыргызстандык куткаруучулардын Стамбулдагы видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0