Бөлтүрүк "Кумтөрдүн" эки машинасын министр менен фонд жетекчисине берип койгон

© AFP / TORU YAMANAKAToyota Land Cruiser автоунаасы. Архив
Toyota Land Cruiser автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2023
Жазылуу
Эсеп палатасынын отчетунда автокөлүктөр качан чыкканы, баасы жана кайсы маалда берилгени айтылган.
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. "Кумтөр голд компани" ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк башка тараптарга эки автоунааны берип жиберген. Бул туурасында Эсеп палатасынын аталган компаниянын тышкы башкаруу учурундагы ишин (май 2021 – июнь 2022) текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жазылган отчетунда айтылат.
Башка тараптардын табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова менен "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" коомдук фонду Уран Темирбеков экенин айтышты. Кутманова ал кезде Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетти жетектеп турган, кийин ведомство министрликке айланган.
Отчетто автоунаалардын колдонууга бекер берилгени айтылган. Келишимде бир жылга пайдаланууга берилери, анын мөөнөтүн тараптар макулдашып узартып алууга болору белгиленген.
2021-жылдын 1-июнунда мамлекеттик комитетти жетектеген Кутмановага 2014-жылы чыккан Toyota Land Cruiser 200 жолтандабасы берилген. Анын баланста турган наркы 62,3 миң доллар экени айтылды. Мындай "кызматташууга" комитет төрайымынын жолдо жакшы жүрө алган транспорт каражаты керектиги боюнча каты негиз болгон. 
Ал эми коомдук фондго 2021-жылдын 11-октябрында Mercedes-Benz 350 берилген. Ал 2011-жылы чыккан, баланста тургандагы баасы 74,8 миң доллар деп жазылган. Фонд 2019-жылдын сентябрь айында өкмөттүн, канадалык Centerra компаниясынын, "Кумтөр голд компани", "Кумтөр оперейтинг компани" ЖАКтын стратегиялык өнөктөштүгү боюнча макулдашуусунан улам негизделген.
"Компаниянын өзүн текшерген тарапка тышкы башкаруучунун автоунаа бериши кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүдө", — деп айтылган отчетто.
Документте "Кумтөр голд компани" ЖАКтын жетекчилиги Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети жоюлганына жана Toyota Land Cruiser 200 үлгүсүндөгү автомобилдин кайтарымсыз ссудасы жөнүндө келишим мөөнөтү аяктагандыгына карабастан бул активди кайтаруу боюнча чараларды көрбөгөндүгү белгиленген.
Эсеп палатасынан эки автоунааны "Кумтөр голд компаниге" кайтарып берүүнү айтышкан.
Теңиз Бөлтүрүк 2022-жылдын 13-сентябрында кармалган. Буга чейин Эсеп палатасы аталган компаниядан бир катар финансылык мыйзам бузууларды таап чыккандан кийин ал кызматтан четтетилген. Компания текшерүүгө алынган соң Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон.
Кумтөр ишканасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2022
Эсеп палатасы: "Кумтөрдү" беш ай текшердик, 4,5 млрд. сомдук зыян аныкталды
Жаңылыктар түрмөгү
0