Күчтүү сүрөткер, залкар режиссёр. Геннадий Базаровдун сүрөттө калган элеси
Күчтүү сүрөткер, залкар режиссёр. Геннадий Базаровдун сүрөттө калган элеси
Sputnik Кыргызстан
Белгилүү кинорежиссер Геннадий Базаров 81 жашында дүйнө салып, сөөгү бүгүн "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилди. Sputnik Кыргызстан агенттиги залкар киночунун... 07.02.2023, Sputnik Кыргызстан
Геннадий Базаров мектепти аяктаган соң "Кыргызфильм" киностудиясында эки жылдай катардагы жумушчу, оператордун ассистенти болуп тажрыйба топтоп, 1961-жылы Герасимов атындагы мамлекеттик кинематография институтуна режиссёрлукту окуганы жол тарткан. Москвадан жогорку окуу жайда билим алып жүрүп, 23 жашында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде "Саманчынын жолу" тасмасын тартып чоң киного кадам таштаган.Кийин СССРдин кинематографиясынын отличниги ар кыл жанрдагы "Каныбек", "Жаңылуу", "Буктурма", "Көчө", "Көздүн кареги", "Искусство жөнүндө баян", "Приют для совершеннолетних", "Айың", "Аномалия", "Нонсенс", "Метаморфоза" өңдүү мыкты эмгектерди камерага түшүрүп, бир катар кинокартиналардын сценарийин жазган.КРдин эл артистинин "Буктурма" кинофильми СССРде эң популярдуу тасмалардын бири болуп, аны биринчи жылы эле 16,5 миллиондон ашык адам көрүп, ошол кездеги прокаттын лидери аталган.II жана III даражадагы "Манас" орденин кавалери 6-февраль күнү таңга маал көз жумуп, 7-февралда "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.Тема боюнча:
Белгилүү кинорежиссер Геннадий Базаров 81 жашында дүйнө салып, сөөгү бүгүн "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилди. Sputnik Кыргызстан агенттиги залкар киночунун сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Геннадий Базаров мектепти аяктаган соң "Кыргызфильм" киностудиясында эки жылдай катардагы жумушчу, оператордун ассистенти болуп тажрыйба топтоп, 1961-жылы Герасимов атындагы мамлекеттик кинематография институтуна режиссёрлукту окуганы жол тарткан. Москвадан жогорку окуу жайда билим алып жүрүп, 23 жашында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде "Саманчынын жолу" тасмасын тартып чоң киного кадам таштаган.
Кийин СССРдин кинематографиясынын отличниги ар кыл жанрдагы "Каныбек", "Жаңылуу", "Буктурма", "Көчө", "Көздүн кареги", "Искусство жөнүндө баян", "Приют для совершеннолетних", "Айың", "Аномалия", "Нонсенс", "Метаморфоза" өңдүү мыкты эмгектерди камерага түшүрүп, бир катар кинокартиналардын сценарийин жазган.
КРдин эл артистинин "Буктурма" кинофильми СССРде эң популярдуу тасмалардын бири болуп, аны биринчи жылы эле 16,5 миллиондон ашык адам көрүп, ошол кездеги прокаттын лидери аталган.
II жана III даражадагы "Манас" орденин кавалери 6-февраль күнү таңга маал көз жумуп, 7-февралда "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.
Иш маалындагы кызыктуу ирмем. Камеранын жанында отурган оператор Мурат Алиев, ортодо жаш актер, актрисаларга баш-көз болгон кинорежиссёр Геннадий Базаров. Ош шаары, 1972-жыл.
Базаров "Приют для совершеннолетних" тасмасына тартылгандарга камеранын алдында иштөөнү үйрөтүп жаткан учур. Каармандар аракечтиктен жабыркаган адамдардын образында.
Кинематографист башка кесиптештеринен коомдогу көйгөйдү мыкты ачып бере алгандыгы менен айырмаланган. Киночу "Карагыз" фильмине тартылган белгилүү актёр Марат Алышпаев менен.