00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жылуулук тармактарынын 68,6 пайызынын эскилиги жетти: кандай чаралар көрүлүүдө?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
MedExpo Kyrgyzstan 2026: Россия менен медицина тармагындагы кызматташтык
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Магия кадра: почему одни снимки становятся легендами, а другие исчезают в ленте
12:05
29 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкекте эл аралык медициналык форум өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как развивался капитализм — беседа о социуме
14:05
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Ак көңүл, бирок катаал жетекчи: полковник Жумалы Кубатов
17:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Бишкекте алыш бел боо боюнча Азия чемпионаты өтөт — алыш олимпиадага качан кошулат?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
«Это поменяло мое мировоззрение» — легендарный Салижан Шарипов о космосе
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
6 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
21:07
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Россия менен Кытайдан келген атайын техниканы тапшыруу салтанаты өттү. Сүрөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРоссия менен Кытайдан келген атайын техниканы тапшыруу салтанаты өттү
Россия менен Кытайдан келген атайын техниканы тапшыруу салтанаты өттү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2023
Жазылуу
Келген заманбап техникалардын аймактарга да бөлүштүрүлөрүн айтышты.
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-февралда, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Саламаттык сактоо министрлигине жана Бишкек шаардык мэриясына жаңы адистештирилген техникаларды тапшыруу салтанатына катышты.
Мамлекет башчысы "Ала-Тоо" борбордук аянтына коюлган жаңы техникаларды көрүп чыгып, алардын тактикалык жана техникалык мүнөздөмөлөрү менен таанышкан.
"Президент Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге ыраазычылык билдирип, бүгүн кубанычтуу күн экенин — Кытай тарабынан гранттык негизде Өзгөчө кырдаалдар министрлигине заманбап, кубаттуу атайын техникалар тапшырылып жатканын баса белгиледи. Ошондой эле өлкө бюджетинин эсебинен сатып алынган тез жардам унаалары жана борбор шаарыбыздын калкын тейлөө үчүн автобустар тапшырылды", — деп билдирди маалымат кызматы.

Эмне техникалар келди?

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин муктаждыктары үчүн Кытайдын гранттык каражаттарынын негизинде келген 100 даана автотехника - 85 өрт өчүрүүчү, 10 авариялык-куткаруучу автоунаалар, 3 автотепкич жана 2 штаб үчүн автокөлүктөр тапшырылган. Бул техника өлкөнүн бардык аймактарына бөлүштүрүлүп берилери айтылды.
Саламаттык сактоо министрлиги үчүн республикалык бюджеттин эсебинен 33 тез жардам унаасы сатып алынган, алар дагы өлкөнүн бардык аймактарына бөлүштүрүлмөкчү.
Мындан башка Бишкек шаарынын мэриясы республикалык бюджеттин эсебинен газ менен жүрүүчү 120 жүргүнчү ташуучу автобустарды сатып алды. Ага кошумча дөңгөлөктүү тракторлор, багбанчылык машина-экскаваторлор, кран-манипулятор ж.б. алынган.
Жапаров Тез жардам кызматынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо аракеттери мындан ары уланарын айтты. Соңку жылдары ордо калаада автоунаалардын саны артып, жол тыгындары шаардын күн тартибиндеги башкы көйгөйүнө айланганын эске салган. Жакынкы эки жылда кошумча 1,5 миң автобус алынып, ошону менен шаардын керектөөсү толук камсыздаларын белгиледи.
"Өлкөнүн визиттик карточкасы болгон борбор калаабыздын келбетин жакшыртуу иштери дагы улантылат, үстүбүздөгү жылдын I кварталынын соңуна чейин дагы 64 даана техника сатып алабыз деп турабыз", — деген Жапаров.
Маалыматта борбор калаа үчүн экологиялык таза (газ) жаңы автобустар эл аралык стандарттарга жооп берери, көзөмөл камералары жана мобилдик аппараттар үчүн usb-кубаттагычтар менен жабдылганы айтылган. Бул автобустар абага бөлүнүп чыккан газдарды бир топ азайтып, шаардын экологиясына оң таасирин тийгизет.
ӨКМдин атайын өрт өчүрүүчү техникасынын курамына 5 тонна суу көтөрүүчү автоунаалар, 8 тонналык куткаруучу автоунаалар, 50 метр бийиктикке чыгуучу өрт өчүрүүчү машиналар, куткаруу жаздыктары жана тик учак үчүн асма цистерналар кирет.
Саламаттык сактоо министрлиги жергиликтүү климаттык шарттарда үзгүлтүксүз иштөө үчүн бардык стандарттарга жооп берген, ошондой эле биринчи медициналык жардам көрсөтүү үчүн бардык керектүү нерселер менен жабдылган 33 "Соболь" жана "ГАЗель" тез жардам автоунааларын сатып алды.
Садыр Жапаров жаңы келген Airbus H145ке түшүп, иштөө ыкмасын көрүп чыкты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.12.2022
Садыр Жапаров жаңы келген Airbus H145ке түшүп, иштөө ыкмасын көрүп чыкты. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0