Кыргызстандыктар 114 номерине чалып акысыз кеңеш алса болот

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүТелефон кармаган жигит. Архивдик сүрөт
Телефон кармаган жигит. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Юстиция министрлигинде 114 тез байланыш номери иштеп жатат. Мекемеден маалымдагандай, бул номерге жарандар укуктук маселелер менен кайрылып, акысыз кеп-кеңеш алса болот.
Аталган кызмат 17-январдан тартып ишке кирген. Күнүнө жүзгө жакын адам түрдүү суроолор менен кайрылууда. Элге кеп-кеңеш берүү борборунун операторлору жооп берип, алгач кайрылган адамды электрондук тизмеге киргизет. Андан соң адис берилген суроого жараша тиешелүү кеңештерин айтат.
Министрликтин 114 байланыш номерине төмөнкү багыттарда кайрылса болот:
үй-бүлөлүк маселелер;
мүлккө байланышкан суроолор;
эмгектик укук мамилелери;
жерге байланыштуу соболдор;
социалдык колдоо;
жарандарга документ берүү жана башка маселелер.
Бала кармап турган аля. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2023
Алимент алчулар көп. Акысыз юридикалык жардамды кимдер ала алат. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0