Алимент алчулар көп. Акысыз юридикалык жардамды кимдер ала алат. Маек

© AFP / DIMITAR DILKOFFБала кармап турган аля. Архив
Бала кармап турган аля. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2023
Жазылуу
Өлкөдө акысыз юридикалык жардам көрсөтүү кызматы укуктук жактан көйгөйү барлар менен иш алып барат. Мунун да өз жолдору жана шарты бар.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде конокто Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам жана укуктук агартуу кызматынын башчысы Айчүрөк Камаева болду.
© Sputnik / Асел АкматЮстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам жана укуктук агартуу кызматынын башчысы Айчүрөк Камаева
Главный специалист отдела социального законодательства 2-го управления разработки и экспертизы актов Министерства юстиции КР Айчурок Камаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2023
Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам жана укуктук агартуу кызматынын башчысы Айчүрөк Камаева
— 2022-жылы сиздердин кызмат тарабынан калкка канча акысыз юридикалык жардам көрсөтүлдү?
— Мыйзамга ылайык, акысыз юридикалык жардам консультациялык-укуктук жана квалификациялуу юридикалык түрдө көрсөтүлөт. Консультациялык-укуктук жактан 11 айдын жыйынтыгы менен 40 693 жаранга акысыз юридикалык жардам берилди. Ал эми соттук өндүрүш иштеринде адвокаттардын катышуусу менен 30 177 жаранга акысыз квалификациялык колдоо жасалды. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам өлкө Конституциясына негизделет. Ар бир жаран квалификациялуу жардам алууга укугу бар. Ошондой эле качкындар, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар мыйзамда белгиленген тартипте гана жардам ала алышат. Юридикалык кызмат үч багытта иш алып барат. Ал биздин кызматкерлер тарабынан эле эмес, башка мамлекеттик органдардан да көрсөтүлөт.
Ал эми квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүлгөндө атайын координатор кылмыштык-соттук өндүрүш, жарандык сот өндүрүшү, укук бузуулар жана административдик соттук өндүрүш боюнча адвокат дайындап, жарандардын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоп сотко катышат.
— Сиздердин мекеме тарабынан жыл сайын ушул жаатта декада, иш-чаралар өткөрүлүп турат. 2022-жылы канча программа ишке ашырылды?
— Бул укуктук агартууга кирет. Өткөн жылы беш акция өттү. Булардын эң маанилүүсү декабрь айында акысыз юридикалык жардам декадасы болду. Мунун арты менен республика боюнча 7 280 жаран биздин юристтерден жана биз чакырган башка мамлекеттик органдардын компетенттүү кызматкерлеринен атайын өздөрүнө тиешелүү жардам алышты. Мындан тышкары, июнь айында 6 000дей адамдын маселесин чечүүгө көмөк көрсөтүлгөн. Массалык маалымат каражаттары аркылуу да онлайн-жардам көрсөтүлөт, жумасына үч жаранды адвокат менен камсыздайбыз. Мында алардын маселесинин жагдайы каралат. 2023-жылы ар бир райондо бөлүм ачууга аракет жасалат. Бул боюнча Жогорку Кеңеш 10-августта мыйзам кабыл алган. Ага чейинки сурамжылоодо райондук деңгээлде жардам көрсөтүү керектиги аныкталган. Атайын органдарга кайрылган жаранды кабыл алуудан баштап, ага жардам көрсөтүлүүсүнө чейин көзөмөлгө алабыз. Арыз түшкөндөн кийин иш үч күндүн ичинде каралышы керек же ыйгарым укугу болбосо башка мамлекеттик органдын кароосуна жөнөтүү зарыл. Тактап айтканда, биздин жарандарга юридикалык жардам, укуктук колдоо жеткиликтүү болсун деген максатта ушундай иштер жасалып жатат.
Квартал сайын укуктук агартуу жаатында акцияларды өткөрүп турууну чечтик. Жакында 30-январда "Тилектештик автобусу" долбоору Юстиция министрлигинде ишке кирет. Анын алкагында юристтерден куралган команда Нарын, Чүй, Ош облустарын кыдырат. Алар алыскы райондордун жашоочуларына акысыз юридикалык жардам беришет. Ал эми санариптештирүү жаатында жогоруда үч тармакта автоматташтырылган маалымат тутумун ишке беребиз. Ал азыр Чүй облусунда жана Бишкек шаарында сынамык иретинде иштеп жатат. Саамалык элди автоматтык түрдө квалификациялуу юридикалык жардам менен камсыздоону көздөйт. Сот, прокуратура жаатында ар бир органдын иштөө системасы бар. Ошол тутум менен биздин тутумду интеграциялоо процесси жүрүп жатат. Себеби булар бири-бири менен тыгыз байланышта.
Мындан тышкары, 17-январда "шыр байланыш 114" деген линияны киргизгени жатабыз. Бүгүнкү күндө операторлорду окутуу иштери аяктады. Ар бир жаран 114 номери аркылуу үйүнөн эле биздин юристтерден акысыз юридикалык кеңеш алса болот. Буга катар сайтыбызда автоматташтырылган акысыз онлайн-система иштейт. Жооп алып эле тим болбостон, кайрылган кишинин уюлдук телефонуна SMS келет. Анын жардамы менен алган консультациясына канааттанганын же нааразы экенин билдире алат. Ошондой эле баалоочу да функциялар болот. Себеби кызмат көрсөтүүнүн сапатына да анализ жүргүзүү керек.
— Укуктук жардам көрсөтүүнүн чеги кандай болот?
— Ар бир тармак боюнча мыйзамда каралган. Ошол мыйзамдын алкагында карап көрүп, анан кеңеш беребиз. Мыйзамдагы категорияларга ылайык адвокат менен камсыздайбыз. Жактоочу шектүүлөргө, соттолуучуларга жана 18 жашка чейинки күбөлөргө да берилет. Өзүнүн процедуралары бар. Атайын арыз менен да кайрылса болот. Кылмыш-жаза иштеринде баңгизат, адам сатуу жана үй-бүлөлүк зомбулук боюнча адвокаттар кайрадан окутулуп, адистештирилүүдө.
— Негизинен кайсы маселе боюнча көп кайрылышат?
— Алимент төлөтүү маселеси менен кайрылгандар көп. Акысыз адвокаттын кызматына 90 пайыз алимент боюнча чыгышат. Балдардын жашаган жерин аныктоо боюнча, 1-2-топтогу майыптарга, жалгыз бой ата-энелерге, мамлекеттик стационарда баш калкалаган улгайган адамдарга, өздүгү такталбагандарга, аскер кызматкерлерине дароо жардам көрсөтүлөт. Башкача айтканда, маянасы текшерилбейт. Ал эми балдардын зордук-зомбулукка кабылышы купуя болгондуктан бул жааттагы маалыматты ачык айта албайбыз. Мыйзам боюнча, ушундай жабырлануучуларга айлык маянасына карабай туруп дароо акысыз жардам көрсөтөбүз. Биз Акыйкатчы институту менен да тыгыз байланышта иштешебиз. Балдардын жашай турган жерин аныктоого, психотерапиялык ооруканага жаткыруу үчүн эмгектик укук маселелеринен келип чыккан доо иштерине да кызмат көрсөтөбүз.
Сом жана доллар купюралары жана Кыргызстан желеги. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2022
Тышкы карыз мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтириши мүмкүн. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0