Кыргыз адабий сынынын бийик чокусу эле. Кеңешбек Асаналиев тууралуу 17 факт

© Sputnik / Яков БерлинерЖазуучу иш убагында. Архивдик сүрөт
Жазуучу иш убагында. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2023
Жазылуу
Кеңешбек Асаналиев адабият таанууга жана адабий сынга өткөн кылымдын орто ченинде келип, дароо эле өзүнүн адабий-теориялык деңгээлинин, эстетикалык табитинин жеткилеңдигин көрсөткөн.
Чыгармалардын мазмунун кургак баяндоонун, авторлорду көшөкөрлөнүп мактоонун алкагынан кыргыз адабий сынын бөлүп чыккан. Чечендиги да, билимдүүлүгү да келишкен киши болчу, өтө жаш чагында филология илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын жактап, адабий чөйрөдө чоң кадыр күткөн.
Биз бүгүн кыргыз адабиятчыларынын жана сынчыларынын көч башында жүргөн Кеңешбек Асаналиев тууралуу 17 факт сунуштайбыз.
Туулган жери, ата теги. Ал 1928-жылы Чүйдүн Сокулук районуна караштуу Сай айылында туулган. Кыштактын тоо жагынан Сокулук суусу агып өтөт. Апасы бешти төрөгөн: андан мурда экини, андан кийин экини, төртөө тең жашабай жатып каза таап, Кеңеш жалгыз өсөт. Ошогобу тартынчаак, элге кошулбаган бала болгон. Атасы Тердикбай уулу Асаналы түбү манап тукумунан болуп, молдолук жайы да бар эле, жаңы өкмөт чыкканда мугалимдик кылган. Кулакка тартуу башталганда манаптын урпагы, анан молдо болгону үчүн кодуланганда айылынан качып кетет да, Токмоктун үстүндөгү Кегети деген айылга барып, мугалим болуп жан багат. Бир аз куугунтук токтогондо колхозуна келип, чарбалык иштер боюнча башкармага жардамчы катары жүрүп согушка кетет, ал жактан "кара кагаз" келет.
Мектеп жылдары. Атасы башталгыч класстардын мугалими болгонгобу, аны өтө жашынан тамгаларды окутуп коёт, 1935-жылы 1-класска киргенде алуу-кошууну билип, тексттерди окуй алчу. Зээндүү бала көп чыгармаларды жатка билчү, колго урунган китептерди ылгабай окуй берчү.
Эрте жетилген балалык. Классташтарына караганда билимдүү да, тартиптүү да баланы согуш учуру чарбалык иштерге тартууга мажбур кылган. Араба айдаган, мала, соко тарткан, айылдык кеңештин тапшырмасы менен 1942-жылы эл каттоо ишине катышкан, ошол кеңештин катчысы (сельсоветтин секретары) болуп да иштеген.
Алгачкы жолу окуп, таасир алган китептери. Безгек менен ооруп төшөккө жатып калганда апасы жалгыз баласына эрмек болор деп Карбоз айылындагы дүкөндөн бир китеп сатып келип берет. Ал Максим Горькийдин "Эне" деген китеби экен. Тамгалары латынча бул китеп аны адабият ааламына баштап кетти. Ага удаа эле 1941-жылы 6-классты бүтүп жатканда мектеп жетекчилиги дагы бир китеп белекке берет, ал Касымалы Жантөшев которгон Николай Островскийдин "Болот кантип курчуду" романы эле. Бул китеп анын мүнөзүн өзгөрттү, курчтукка, чечкиндүүлүккө тарбиялады.
Окуусун атактуу №5тен уланткан. Айылда окуу болуп-болбой калды. Ошого анын ичи аябай ачышты. Окугусу келгенин капысынан жолуга калган Асылбаш айылындагы мектеп директору Баатыркан Шадыканов деген агайга айтып берет. Ал киши мурда Фрунзе шаарындагы №5 мектепте да иштеген экен, Кеңешбектин атасы Тердикбай уулу Асаналыны да жакшы биле турган, айтор, ошол барктуу киши жардам кылып, номер бешке, 10-класска орноштурат. Бул жерде кыргыз тили жана адабиятынан Калиман Аюпова, математикадан Х. Абдулина деген атактуу мугалимдерден сабак алат. Ушул жылдарда Алыкул Осмоновдун "Махабат" деген ырлар жыйнагы чыгып, бул китеп колдон түшпөс мүлкүнө айланган. 1945-1946-окуу жылында А.Пушкин атындагы №5 кыргыз мектептен жетилүү аттестатына ээ болот.
Кадры из фильма Золотая осень Толомуша Океева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2022
Кыргыз унутпай турган кымбат кызматы бар. Адабияттын алпы Түгөлбай Сыдыкбеков
Студенттик күндөр. Ал 1946-жылы мектепти бүтүп, Кыргыз мамлекеттик пединститутунун тил-адабият факультетине келип кирет. Согуш кесепетин көргөндөр, окугусу келгендер көп топтолуп, балдар бири-бирине атаандашып окуган, анан калса бул жерде Константин Кузьмич Юдахин, Кусейин Карасаев, Калкабай Сартбаев деген тажрыйбалуу мугалимдер менен бирге жаш мугалимдер Ыбрай Жакыпов, Бейшегүл Үмөталиева сабак берген. Адабияттан кадимки Узакбай Абдукаимовдун зайыбы Илий Сарманова, Шабдан баатырдын баласы Самүдүндүн уулу Абдылдабек Тайгүрөңов окуткан. Окуу жайында Ленинград, Москва шаарларынан эвакуацияланып келген илим-билимдүү мугалимдер боло турган. Кеңешбек Асаналиев сталиндик стипендия алып, эң жакшы окуду, артыкчылык диплому менен 1950-жылы пединститут университетке айланар жылы бүтүрүп чыкты. Келечектүү адабиятчы катары ага СССР илимдер академиясынын Кыргыз филиалынын (КирФАН) Тил-адабият институтунда иштөөгө жолдомо берди.
Аспирантура. Ошол жылдарда Кыргыз ССРинин коммунисттик партиясынын биринчи секретары Исхак Раззаков Москвада абдан активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өз алдынча академия түзүү аракетин көрүп жаткан. Аны үчүн, албетте, окумуштуу кадрлар керек эле. Кыргыз филиалдын директорунун орун басары Асылбек Алтымышбаев жаш илимий кызматкерди жалгыз энем бар дегенине карабай, ага жардам беребиз деп аспирантурага жиберип ийет. Аны менен кошо Сейитказы Байгожоев, Кулан Рысалиев, Мукаш Түлөгабылов, Жаныбек Төлөев, Сагыналы Асанкулов деген курсташтары кошо кетип, кийин алар кыргыз адабият таануусуна барандуу салым кошкон. Ошентип, 1950-жылдын сентябрынан Москва, андан ары Ленинград шаарларындагы илимий иштери башталды. Болгондо да Ленинграддагы "Пушкин үйү" атыккан Орус адабияты институтунда. Бул жерден СССРге гана эмес, жалпы дүйнөгө таанымал философ, эстетик, культуролог, адабияттаануучу, лингвист окумуштуулардын лекцияларын укту, семинарларына катышты, жүзмө-жүз таанышты, полемикага чыккан учурлары болду.
Эки дөөнүн ортосунда калганда... Ага адегенде Аалы Токомбаевдин "Кандуу жылдар" романы боюнча кандидаттык тема беришет. Ошол жылдарда Кыргызстанда Токомбаев-Сыдыкбеков кармашы тымызын да, ачык да жүрүп турган, жазуучулар экиге бөлүнүп калган, ошол окуя таасир эттиби, анын темасы "Тугельбай Сыдыкбеков и его роман "Люди наших дней" деп өзгөртүлүп, ушул темада 1953-жылы кандидаттык диссертациясын орус тилинде коргогон.
Ыр китеби чыкпай, акындыктан "кетүү". Ар кандай эле кыргыздын "чымындуу" жаштарындай ал да жаш кезинен ыр жазган. Айрымдары студент кезинде "Ала-Тоо" журналына, 1950-жылы чыккан "Жаш акындар" аттуу альманахка жарыяланган. Биринчи жыйнагы да Узакбай Абдукаимовдун редакторлугунда чыкмак болуп атканда, атасынан "айып табылып", китептин жолу, ал гана эмес акындыктын жолу биротоло буулат.
Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов  агартуучу, жазуучу, тарыхчы, публицист жана эң негизгиси мекенчил инсан катары улуттук маданиятка чоң салым кошту. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2022
Жазган дил баяны 40 жылдан кийин колуна тийип... Кеңеш Жусупов тууралуу 13 факты
Жаш адабиятчынын бийиктиги. 1953-жылы филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын коргоп келген Кеңешбек Асаналиевдин ыргыткан ташы улам өргө кулайт. Ал кезде улуттук адабият боюнча кыргыз окумуштууларынан илимдин эки гана кандидаты (Тазабек Саманчин, Бүбү Керимжанова) болгон. 1954-жылы көркөм чеберчилик боюнча "Советтик Кыргызстан" газетасында жүргөн талкууну жыйынтыктоо милдети жаш сынчы Кеңешбек Асаналиевге берилет, 1955-жылы "Эки китеп жөнүндө" деген макаласы чыгып, анда аксакал жазуучулар Айткулу Убукеевдин "Жыргал", Төлөн Шамшиевдин "Үч дөбө" деген китептерин талкалап жазат. Дагы жазгандары биринин артынан бири чыгып, "Кыргыздын Белинскийи" атала баштайт. СССРдин чоң шаарларында орусча докладдарды жасайт. Дароо эле 1953-жылдын декабрь айында Кыргыз илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун илимий кызматкери, кенже илимий кызматкери, 1955-жылдан улук илимий кызматкери, 1956-жылдан директордун илимий иштер боюнча орунбасары (директор И.А.Батманов) кызматтарын аркалайт. Жазуучулардын ар түрдүү жыйындарында баяндамаларды жасайт, чоң-чоң адабиятчылар менен полемикага чыгат, анын сындагы натурасы полемист болчу. Кыргыз ССР илимдер академиясынын басмасынан "Романы Тугельбая Сыдыкбекова" (1956) "Кыргыз совет прозасынын очерки" (1-бөлүм, 1957), "Кыргыз совет прозасын очерки" (2-бөлүм, 1960) деген өз кезегиндеги фундаменталдуу эмгектери, "Адабият таануу терминдеринин кыскача сөздүгү (Р.З.Кыдырбаева менен)" (1961) деген китептери чыгат. Бул эмгектери аны адабиятчы, сынчы катары жалпы кыргыз журтчулугуна кеңири таанытты. Ал Тоголок Молдо, Токтогул Сатылганов, Молдо Кылыч, Касымалы Жантөшев, Касымалы Баялинов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Мукай Элебаев, Аалы Токомбаев, Алыкул Осмонов, Узакбай Абдукаимов, Насирдин Байтемиров, Сүйүнбай Эралиев, Чыңгыз Айтматов, Касым Каимов, Элүүбай Отунчуев, Шабданбай Абдыраманов, Мурза Гапаров ж.б. жазуучулардын адабий портретин жазып, алардын улуттук адабияттагы ордун көрсөтүп бергендердин бири болду.
Чыңгыз Айтматов менен алгачкы кездешүүлөрү. 1957-жылы Кыргызстан жазуучулар союзунун кыргыз прозасына арналган пленуму өтүп, аңгеме жанрына байланыштуу баяндама жасоо Кеңешбек Асаналиевге тапшырылат. Ал бирөөлөрдүн сунушу менен эми гана жаза баштаган Чыңгыз Айтматовдун "Ак жаан", "Асма көпүрө", "Түнкү сугат" деген аңгемелерин да окуп чыгып, алардын жаңычылдыгын айтып берет. Пленумдан кийин толмочунун келген кыз колтуктаган шыңга бойлуу жигит келип, ыраазычылык билдирип, колун кысып кетет. Ал бирин-экин аңгемелери орусча чыгып аткан Чыңгыз Айтматов эле. Экинчи жолу – 1957-жылы "Бетме бет" повести жазылганда Москвадагы "Москва" мейманканасында Кеңешбек Асаналиевге жолугуп, ага эки саат тынбай окуп бергенин, окуп бүткөндө повесть мыкты жазылганын айтып, дароо мактоолорду жаадырганын улуу жазуучунун айтып бергени бар. Дагы бир жолу Чыңгыз Айтматов сынчынын академиядагы иш бөлмөсүнө шашып келип, кагазга тыкан оролгон "Огонёк" китепканасы чыгарган өзүнүн "Джамийла" аталышында "17.04.1959-жыл" деген датасы коюлган китебин берип, кандай тез келсе, ошондой тез чыгып кетет. Кеңешбек Асаналиев ал китепти дароо эле бир дем менен окуп чыгып, ошол кезде чогуу иштеген, кийин жубайы болуп калчу Раиса Заитова Кыдырбаевага окуганга берет.
Кийин экөө тынымсыз жолугушуп тургандыгы белгилүү. Окумуштуу катары, эстетик катары Кеңешбек Асаналиев "Открытие человека современности: Заметки о творчестве Чингиза Айтматова" (1968), "Өрдөн өргө" (1977), "Движение во времени" (1978), "Доор менен бирге" (1981), "Тандалмалар" (1983), "Көркөм нарк" (1988), "Чыңгыз Айтматов: кечээ жана бүгүн" (1995), "Аил Шекер и космос" (2004), "Чыңгыз Айтматов – адабий доор" (2013) деген ж.б. китептерин жана "Чингиз Айтматов: поэтика художественного образа" аттуу темадагы докторлук диссертациясын (1990) жазды. Булардын баалуулугу дүйнөлүк башка айтматовчу аалымдардан бир кыйла өйдө турган жагы жазуучунун чыгармачылыгын бийик эстетикалык критерийлер менен, терең анализ жана философиялык синтез менен талдагандыгында гана эмес, кыргыз атуулу, Айтматовдун курбалдашы катары жазуучу азыктанып турган руханий кыртышты туура аңдап түшүнүп, сүрөткердин чыгармачылыгын элдик аң-сезимдин байыркы башаттары жана кийин-соңку эволюциясы менен карагандыгы менен балким планетадагы эң мыкты айтматовтаануучулук орунга көтөрүлгөндүгүндө.
Калем. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2022
Элди агартууга салым кошуп, 33 жашында атылган Сатыбалды Нааматов тууралуу 9 факты
Илимдер академиясы жана адабиятчынын ишмердүүлүгү. Адабиятчынын ийгиликтери да, алдыга, артка кетүүлөрү да башкы илим мекемеси менен байланыштуу болду. 1963-1976-жылдарда улук илимий кызматкер, 1976-1981-жылдарда совет адабияты секторунун башчысы, 1992-1994-жылдарда Айтматов бөлүмүнүн жетектөөчү илимий кызматкери, 1994-1996-жылдарда Көркөм маданиятты изилдөө борборунун башкы илимий кызматкери, Чыгыш өлкөлөрү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеди. Бул жылдарда кыргыз адабиятын изилдөө, адабияттын тарыхын жазуу, чыгаруу менен бирге эле адабиятчы кадрларды даярдоо ишине активдүү катышты.
Асаналиев – агартуучу. Адабиятчы, адабияттын теоретиги катары гана агартуучу болбостон, ал түздөн-түз эл агартуу ишине катышты. 1965-1966-жылдарда Кыргыз педагогика илим изилдөө институтунда илимий кызматкер болуп иштөө менен кыргыз адабияты программасын жаңылоого катышты (тилекке каршы, айрым бут тосуулардан улам ал программа бекитилбей, адабиятчы жумуштан кетип калган). Экинчисинде, 1996-2007-жылдарда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде профессор, кыргыз тилин жана адабиятын орус мектептеринде окутуу кафедрасынын башчысы болуп иштеген. Ал азыркы учурда да колдонулуп келе жаткан "Кыргыз адабияты" (10-класс үчүн) жана "Кыргыз адабияты" (11-класс үчүн) окуу китептеринин авторлорунун бири, "Кыргыз адабий илиминин терминдер сөздүгү" (Р.З.Кыдырбаева менен) аттуу мугалимдер үчүн өтө зарыл энциклопедиялык сөздүк жазып берген.
Улуттук мурастарды изилдөөчү. Кеңешбек Асаналиев 1956-1960-жылдарда "Манас" эпосун чыгаруу боюнча редакциялык топто иштеди, ошол кезде чыгарманын кошмо вариантын түзүүгө, жарыялоого активдүү катышкан, үчилтиктин атактуу көк китебинин "Сейтек" бөлүмүнө баш сөз жазган. Эгер 1960-жылы Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин тапшырмасы менен Молдо Кылычтын чыгармаларын реакциячыл деп, Касым Тыныстановдун ырларынан улутчулдук идеяларга сугарылган десе, кийин 1985-жылдан кийинки кайра куруудан соң Молдо Кылыч тууралуу эң таамай, так талдоо берген "Башат" аттуу макала жазган. Узакбай Абдукаимовдун "Майдан" романы талкууга алынып жатканда жаш экендигине карабай, Камбаралы Бобулов экөө гана чыгарманы коргоп чыккан.
Үй-бүлөсү. Адабиятчынын Илимдер академиясынан тапкан кийинки жубайы Раиса Заитовна Кыдырбаева университеттин орус филологиясын, Москвадан Максим Горький атындагы адабият институтунун аспирантурасын бүтүп, Алыкул Осмоновдун лирикасы боюнча кандидаттык диссертациясын коргогон. Экөө үй-бүлө кургандан кийин Раиса Заитовна Кыдырбаева манас таануу илими боюнча көптөгөн изилдөөлөрдү жүргүзүп, кадрларды даярдап, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденттигине чейин өсүп жетти.
Асаналиевдин сабактары. Адабиятчынын бизге калтырып кеткен мурастары жогорку окуу жайларында, мектептерде кеңири колдонулат. Майрамкан Жаңыбаева сынчынын ишмердүүлүгү боюнча кандидаттык диссертациясын коргогон, ошол эле автор Абдыкадыр Садыков менен бирге илимий очерк-китеп чыгарган. Кеңешбек Асаналиевге 2004-жылы адабиятчы-сынчылардын ичинен алгачкы жолу "Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу" наамы берилген. Башынан өткөн окуяларын абдан кызыктуу кылып, адабий процесс менен байланыштырып 2013-жылы "Адабий айкаш" деген ат менен эскерме-баянын чыгарган.
Акын, жазуучу, котормочу жана коомдук ишмер Камбаралы Бобулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2022
Аткаминерлерди титиреткен, эне тил үчүн күйгөн Камбаралы Бобулов жөнүндө 9 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0