Жазган дил баяны 40 жылдан кийин колуна тийип... Кеңеш Жусупов тууралуу 13 факты

© Фото / из семейного архива ЖусуповыхКыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов агартуучу, жазуучу, тарыхчы, публицист жана эң негизгиси мекенчил инсан катары улуттук маданиятка чоң салым кошту.
Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов  агартуучу, жазуучу, тарыхчы, публицист жана эң негизгиси мекенчил инсан катары улуттук маданиятка чоң салым кошту. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2022
Жазылуу
Жазуучу Кеңеш Жусупов 14-апрелде 85 жашка толду. Ал киши ашыкча тойлорду, мактоолорду жактырбаган мүнөзү менен бул датаны кадыресе жылдардын бири катары аксакалдык кадыр-наркы менен тосуп алды.
Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов ар дайым чыгармачылык активдүүлүктө иштеп келген агартуучу, жазуучу, тарыхчы, публицист жана эң негизгиси мекенчил инсан катары улуттук маданиятка чоң салым кошту.
Биз бүгүн Кеңеш Жусуповдун өмүр-жашоосу, чыгармачылык жолу тууралуу окурмандарыбызга 13 факт сунуштоо менен 85 жылдык мааракесин куттуктайбыз.
Теңир-Тоонун кулуну. Кеңеш Жусупов Нарын жериндеги Тянь-Шань районунун Эчки-Башы деген айылында 1937-жылы жарык дүйнөгө келген. Атасы – Сыдыкбек Иманаалы уулу, апасы – Турдубүбү Молдогазы кызы кийин он үч балалуу болгон. Кыргыз салтына ылайык, Кеңешти биринчи эркек баласы болгону үчүн Сыдыкбектин колунан агасы Жусуп менен жеңеси Турумбүбү өздөрүнүн баласы жок болгону үчүн сурап алат. Ошол атасы Жусуп тек-атын берет, ал киши мектепте директор жана кийинки аялы Сүйүн мугалим болгону үчүн Кеңешти беш жашында эле китеп окууга үйрөтүп коюшат. Балалык кези тууралуу "Жаз" деген эссесинде мындай баяндарды жазат: "…Атам Кара жорго деген атты кабактан сугарып кел деди. Жоргону жетелеп, колума чака алып, коктуга түштүм. Жазгысын атты дайрадан сугаруу биздин айылда оңой эмес. Көктөмдө кокту-колоттун кары сарыгып, дайранын жээгин муз каптап, суу күкүктөп турат. Ат күбүргө барбай ыргыштап, суу ичпей коёт. Аны чакалап сугарабыз. Бир жолу чакага суу сузуп алсам, балык кошо түшүп калыптыр. Чакадагы сууну көтөргөн бойдон, атымды унутуп, дегдеңдеп үйгө чуркапмын. Балык кармаганымды атама айттым. "Убал болот", – деди атам. – "Жазында эми балык көбөйө берет. Бар да, балыкты коё бер!". Мен чаканы кайра сууга көтөрүп барып, нымжан муздак балыктын оозуна шилекейимди тамызып, достошуп коё бердим…". "Наристе кезибизден эле бизди табият энедей алпештеп, жыгылсаң алдыңа өлөң чөбүн төшөп, бооруна басып, колдон жетелеп, дүйнө тааныткан. Тоолуктардын балдары адегенде табияттан сабак, таалим алганбыз. Мадыра баш кезиңде биринчи көргөн кушуң, гүлүң, булагың өмүр бою эстен кетеби? Эшик алдындагы карагай отун жарсак тоо бизге жаңырып турчу. Күнгөйдүн кары кетери менен жерден буу чыгып, дымып, нымшып калар эле. Жаңыдан кылайган көктү саяң кези нымжан чөпкө аралаш жоогазын гүлү чыга келет. Биз темир шишти көтөрүп, боорубуз менен жер сайгылап, алгачкы жер ырыскысынан элден мурун ооз тийчү элек. Данын жеп, гүл сабагын жерге көөмп койчубуз, кайрадан өсүп чыгар деп жүрбөйбүзбү!". Тоолук бала катары ал дал ушундай табият койнунда, жаратылыштын кучагында, ошол кыргыз жеринин кереметин көрүп да, андан тарбия-таалим алып да чоңойду. Өзгөчө ал кезде тоо арасында жашаган эл табият менен тынымсыз карым-катышта болуп гана калбай, ага сыйынып, ыйык көрүп, сактап турган. Анан ошол эле жаздоо, жайлоо, күздөө, кыштоо учурунда узун сөздүн учугун улап, оозеки сөз өнөрүнө балдарды аралаштырчу. Бул иште чоң энеси Уулбаланын ролу айрыкча болгон. "Бала чагымда эмне сонундарды көрсөм, ажайып нерселер туурасында эргип кыялдансам, кандай максат-тилектерди ойлосом, кандай жакшы сөздөрдү уксам, турмушта не бир адамдардын адил сапаттарын үйрөнсөм – мына ушулардын баары үчүн ошо чоң энеме милдеттүүмүн. Ыраматылык далайды көргөн, нарктуу, акылман, сөзмөр, ымандуу киши эле", – деп эскерет жазуучу кийин чоң энеси тууралуу. Эчки-Башыда жети жылдык мектепте окуп жүргөн кезде эле дубал газета чыгарып, гезиттерге кабар жазып жүргөн. Жашынан жанагындай табият койнунда өсүү, сөзгө кунт коюп угуу анын адабиятка болгон ышкысын ойготкон, гезиттерге кабарлары басыла баштайт, 7-класста "Ленинчил жаш" газетасына эки куплет ыры да чыккан.
© Фото / из семейного архива Жусуповых Кеңеш Жусупов Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинен билим алган.
Народный писатель КР Кенеш Жусупов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2022
Кеңеш Жусупов Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинен билим алган.
Фрунзеде – университетте. Эчки-Башыда жети жылдык мектепти бүтүп, он жылдыкты 1954-жылы "Оттук" орто мектебинен аяктаган соң Фрунзеге келип, Кыргыз мамлекеттик университетинин юридика факультетине тапшырып өтпөй калат да, анан айлындагы "Коммунизм" колхозунда колхозчу, китепканачы, комсомолдук уюмдун катчысы болуп иштеп туруп, эки жылдык эмгек стажы менен Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине келип кирди да окуу менен гана чектелбей, чыгарма жазууга өттү. Студенттик кезинде чыгармачылыгы башталып, "Күтүү", "Акын", "Эненин жүрөгү" деген сыяктуу үйрөнчүк аңгемелерин жазган. Университетте окуу ага жазуучулуктун сырларын үйрөттү. Анан калса, XX кылымдын 60-жылдары бул университет өзүнчө бир адабият институтунун кызматын аткарып, акын-жазуучулардын жаңы генерациясын чыгарып жаткан. 1958-жылы "Акын" деген аңгемеси жаштардын "Ленинчил жаш" газетасына басылып чыгат.
Нарындагы жигиттик курагы. 1961-жылы окууну бүткөндөн кийин эки жылдай Нарын областтык "Нарын правдасы" газетасында адабий кызматкер болуп иштеди. Газетада эмгектенүү анын эл турмушуна дагы тереңирээк үңүлүүсүнө шарт түздү. Малчылардын жашоо-шарты менен таанышты, айлында тынбай болуп, айыл адамдарынын бейнелерин адабий багажына чогултту. Түнү менен уктабай чыгарма жазган учурлары болду. "Эне кудурети", "Аянкул" ушул Нарын суусунун илеби соккон шаарда жазылган. 1962-жылы "Ленинчил жаш" газетасына "Аянкул" повести басылат. Аңгыча область жоюлуп кетип, ага кошо газета жоюлуп, жаш журналист жумуш издеп борборду көздөй жылат.
© Фото / из семейного архива ЖусуповыхКыялдарга тойбой турган жаштык учур. Кеңеш Жусупов (солдон оңго экинчи) классташтары менен.
Народный писатель КР Кенеш Жусупов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2022
Кыялдарга тойбой турган жаштык учур. Кеңеш Жусупов (солдон оңго экинчи) классташтары менен.
Адабий чөйрөгө тааныткан аңгемеси. 1964-жылы жаш акын-жазуучулардын "Жаштык сапар" деген бир кыйла көлөмдүү адабий альманахы чыккан. Ошого кийин кыргыз адабиятынын оор жүгүн колдон алган ал кездеги адабий талапкерлердин тырмак алды чыгармалары, эки сап өмүр баяны, сүрөттөрү менен кошо жарыяланган эле. Ушулардын ичинен Кеңеш Жусуповдун 1961-жылы жазган "Эне кудурети" деген аңгемеси өзгөчө чыйрак жазылгандыгы менен өзүнчө бөлүнүп турган. Анын башкы каарманы – кат ташыган Батма аттуу аял, эне. Анын аңгемеде баяндалган бир күнү өтө оор күн – ал дал ушул күн өлүм кабарын алып келе жатат. Согуш майданынан алыс турган тоо айлындагы тоолук эненин жүрөгү аркылуу почтадан үйгө чейинки аралыктагы эненин абалы, анын трагедиясы жалпы ааламдык трагедия менен айкалышып, жаш калемгер тарабынан психологиялык кырдаалдарда ишенимдүү турмуштук жагдайларда ачылып берилет.
Биринчи жыйнак. Аңгемелери бир топ көбөйүп, аты эл оозуна алынып, ушул жылдары, тагыраак айтканда, 1965-жылы "Жашоо кумары" деген ат менен биринчи китеби чыгат. Алгачкы китеби менен эле ал өзүнүн оригиналдуу жазуу ыкмасына умтулган, эл турмушун жакшы билген автор экендигин көрсөттү. Мисалы, жыйнакка "Аянкул" аттуу повесть киргизилген. Аёолуу адам Аянкулдун тагдыры баяндоочу каарман жаш баланын жүрөгү аркылуу өтөт. Аянкул – эки көзү көрбөгөн азиз, ал эми анын жан дүйнөсү жарыкты, кеңдикти, алыс-алысты эңсейт, бирок анын жараткан берген ошол көрүү бактысын согушта адам баласы аксатып салган. Бир жагында азиз адам, бир жагында романтикалуу дүйнөсү менен жашоону башкача караган бала турат, экөө биригип, повесттин драмалык да, оптимисттик да маанайын аныктап берет. Бул чыгарманын жазылышы тууралуу автор "мен согуштан кийин, Аянкул деген майдандан эки көзүнөн айрылып келген агабызда кээде жетелеп да жүрдүм" деп жазат. "Жашоо кумары" жыйнагына анын согуш жана согуш бүткөндөн кийинки алгачкы жылдардагы көрүп-билгендери тууралуу "Аптечка", "Сүйүү рейси", "Эне кудурети", "Жалгыз арча" деген аңгемелери, "Аянкул", "Жашоо кумары" повесттери кирген, булардын бир тобунда согуш трагедиясын балалык баёо жүрөк менен таасирдүү кылып айтып берет. Жаш жазуучу 1966-жылы СССР Жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынат.
© Фото / из семейного архива Жусуповых Кеңеш Жусупов 1987-жылдан тарта "Ала-Тоо" журналынын башкы редактору (ошол эле кезде Жазуучулар союзунун секретары) вазийпасында милдет аткарып, улуттук кенчтерди, "унутулган адабиятты", тарыхтын "ак тактарын" элге жеткирүүдө эбегейсиз мээнеттенди.
Народный писатель КР Кенеш Жусупов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2022
Кеңеш Жусупов 1987-жылдан тарта "Ала-Тоо" журналынын башкы редактору (ошол эле кезде Жазуучулар союзунун секретары) вазийпасында милдет аткарып, улуттук кенчтерди, "унутулган адабиятты", тарыхтын "ак тактарын" элге жеткирүүдө эбегейсиз мээнеттенди.
60-70-жылдардагы иштеген жумуштары жана чыгармачылык изденүүлөрү. "Нарын правдасынан" соң борбор шаар Фрунзеге келип, Кыргыз ССРинин Министрлер Советине караган Басма сөздө мамлекеттик сырды сактоо боюнча комитетте кызматкер (1964-1966), "Кыргызстан" басмасында редактор (1966-1968), "Кыргыз фильм" киностудиясынын сценарий бөлүмүндө редактор (1968-1973) болуп иштеди. 1973-жылдан 1977-жылга дейре Кыргызстан Жазуучулар союзунун Нарын облустук бөлүмү боюнча кеңешчи болуп иштеп жүрүп, кыргыз маданиятынын ар түрдүү тармагынын өнүгүшүнө атуулдук жана адистик салымын кошту. Ушул жылдарда жаш жазуучунун "Каралдым тоолор" (1966), "Жүрөгүм менен тоолордо" (1967) деген китептери чыгат. Бул китептердеги өзгөчө көрүнгөн нерсе – прозадагы лиризм эле, б.а. кара сөз менен эле жазуучунун өзүнүн ички толгонууларын, ички сезимдерин: кайгысын, кубанычын, ырахатын, ыйын, толкундануусун, кооптонуусун ж.б. билдирүүсү. Ошол эле кезде бул чыгармаларда кыргыз тоолорун даңазалоо мотиви күчтүү көрүнөт. Демек, ушул өзгөчөлүктөрү аркылуу жусуповдук өзүнчө үн угулуп, жалпы адабиятыбыздын хорунан бөлүнө баштаган. Ушул жылдарда "Карагайчылар" деген повести орус тилине которулуп, жалпы союздук адабий сында жакшы баасын алды. Чыгарма карагай кескени айылдан алыс барган чакан жамаатты түзгөн адамдардын ким экендигин, аларды эл ичинен бөлүп, алыска, кыйынчылыкка алып барып караганда өздөрүн кандай жактан көрсөтө тургандыгын аныктагандыгы менен кызыктуу эле. Ошондой эле бул повестте жаш адамдын жетилиши, ага таасир эткен шарт-жагдайлар, адамдар, деги эле ыймандык проблемалар курч да, билгичтик менен да коюлгандагы өз кезегинде адабий сында белгиленген. Ошол чыгармасынын аты менен аталган "Лесорубы" аттуу китеби Москвадан орус тилинде жарыяланып, бүткүл союздук окурмандардын арзуусуна айланган.
© Фото / из семейного архива ЖусуповыхКыргыз адабиятынын дөө-шаалары кытайлык кыргыз, үлкөн манасчы Жусуп Мамай (ортодо, солдон бешинчи) менен. Солдон алтынчы - Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов.
Народный писатель КР Кенеш Жусупов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2022
Кыргыз адабиятынын дөө-шаалары кытайлык кыргыз, үлкөн манасчы Жусуп Мамай (ортодо, солдон бешинчи) менен. Солдон алтынчы - Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов.
Сапар таасирлери. Кеңеш Жусуповдун чыгармачылыгында саякатка чыгып, бөтөн эл, бөтөн жер тууралуу көргөн-билгендерин, изилдегендерин жазган чыгармалары да бир топ, алар совет учурунда – чет өлкөлөр тууралуу маалыматтар жок кезде өзгөчө кызыгуу менен окулган. Ал дүйнө кезип, бөтөн жерди тоолук кыргыздын көзү менен карап "Микеланджело мекенинде" (1971), "Япония элестери" (1978), "Кан жолдогу ойлор" (1982), "Сапар китеп" (1991) деген китептерин чыгарды. Армения, Волга бойлоп саякат сапарларына чыгып, алардан алган таасирлерин келиштирип жазды. Мында эң биринчи жолу чет жерлердин артыкчылыктары, алардын табияты, көркөм өнөрү, шаарлары, адамдары туристтин же саясатчынын көзү менен эмес, кыргыз гуманистинин, кара сөздөгү лириктин көкүрөк-көөдөнү менен өтүп, окурмандарга суктанарлык да, кызыгарлык да, тамшантарлык да маанайда айтып берди. Бул китептерди окуган окурмандар Италияда, Арменияда, Россияда же Японияда жазуучу менен кошо жүргөндөй болот.
Биографиялык эсселери. Ушул жылдарда анын "Ыр сабындагы өмүр" (1974) деген эссеси чыгып, ал чыгарма кыргыз адабиятындагы жаңы көрүнүш катары адабий сында да, окурмандар чөйрөсүндө да жогору баасын алып, автор бул китеби үчүн 1975-жылы республиканын Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаттыгына татыктуу болду. Эгер бул документалдуу баян акын Алыкул Осмоновдун өмүр үзүмдөрүн баяндаса, кийин ошондой эле негизде философ-окумуштуу Асанбек Табалдиев тууралуу "Бир өмүрдүн сабагы" деген биографиялык баянын жазды. Бул үндөш эки чыгармада улуу адамдардын улуулугу сөздүн керемет күчү менен элестүү тартылды.
© Фото / из семейного архива ЖусуповыхКыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов жубайы Эралиева Айгүл менен (солдон оңго үчүнчү жана төртүнчү).
Народный писатель КР Кенеш Жусупов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2022
Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов жубайы Эралиева Айгүл менен (солдон оңго үчүнчү жана төртүнчү).
Кеңеш Жусуповдун "Ала-Тоосу" жана "Кыргыздары". Жазуучу 1978-жылдан 1982-жылга чейин "Ала-Тоо" журналында адегенде адабий кызматкер болуп иштеген, кийин 1987-жылдан журналдын башкы редактору (ошол эле кезде Жазуучулар союзунун секретары) вазийпасында милдет аткарып, улуттук кенчтерди, "унутулган адабиятты", тарыхтын "ак тактарын" элге жеткирүүдө эбегейсиз мээнеттенди. Москвадан келген кайра куруу, ашкере айтуу саясатынын таасири менен ал кездерде кыргыз эли бай мурасыбыздын катылган кабынын оозун ачкандай, журналдын ар бир санын талашып, колдон колго өткөрүп окушту. Ал материалдардын көпчүлүгү кийин "Кыргыздар" деген аталышта китептер сериясында чыкты. Кеңеш Жусупов түзүүчүсүнүн бири болгон бул китептер – XX кылымдын соңку кылымдарга өткөрүп берген баа жеткис табериги, мааниси өлчөөсүз руханий кенчи. XXI кылымда Каныбек Иманалиев менен өнөктөштүктө бул уникалдуу эмгектер сериясы улантылып, 2004-жылы он томдук, 2011-жылы он төрт томдук, 2019-жылы жыйырма томдук болуп чыкты. Андан башка да өтө көлөмдүү "Кыргыз поэзиясынын антологиясы", чакан көлөмдөгү "Ак бата", "Накыл", "Махабат" деген китептердин түзүүчүлөрүнүн бири катары эмгеги өлчөөсүз чоң.
"Манасты" кара сөздө жазып чыккан. Кеңеш Жусуповдун чыгармачылыгындагы дагы бир баскыч – "Манас" дастанын кара сөзгө айлантуусу. Мындай жумушту Жазуучулар союзунун тапшырмасы менен адегенде Ашым Жакыпбеков менен бирге баштап, кийин өз-өзүнчө уланткан. Бул чыгармасы балдарга арналган китеп түрүндө 1995-жылы жарык көрдү. Ошол китепке жазган баш сөзүндө Түгөлбай Сыдыкбеков мындай баа берген: "Мен жазуучу К.Жусуповдун "Манас" эпосун кара сөз менен жазганын окуп чыгып, анын көркөм тилине, баяндоо ыкмасына, эпостун окуяларын толук камтыганына, дастандын духун түшүнгөнүнө, поэзияда уютулган кең дүйнөнү терең чечмелеп, жандырганына көңүлүм тойду".
© Фото / из семейного архива Жусуповых Кыргыз эл жазуучусу (солдон экинчи, туруп турган) Кеңеш Жусупов жаратылыш койнунда. Сүрөттөн акын Темиркул Үмөталиевди, акын жана жазуучу Аалы Токомбаевди көрүүгө болот.
Народный писатель КР Кенеш Жусупов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2022
Кыргыз эл жазуучусу (солдон экинчи, туруп турган) Кеңеш Жусупов жаратылыш койнунда. Сүрөттөн акын Темиркул Үмөталиевди, акын жана жазуучу Аалы Токомбаевди көрүүгө болот.
Тарыхчы жана публицист. Анын чыгармачылыгында тарыхый баяндар, публицистикалык жанрдагы чыгармалар, биографиялык эсселер өзгөчө орунда турат. "Айылым жөнүндө баян" (1972), "Ата журт" (1974), "Тулпар" (1986) деген китептери – кыргыз айылынын, кыргыз жеринин, кыргыз улутунун улуулугун, элдик салттардын көөнөрбөстүгүн даңазалоочу көрүнүктүү чыгармалар. Жазуучу 2001-жылы "Байыркынын издери" деген китебин тартуулады. Бул китепти автор өзү улуттук дух жана рухий дүйнө жөнүндө деп атайт. Мында байыркы кыргыздардын тарыхына жана рухий маданиятына ой чабыт жасоо менен бирге эле, улутубуздун жоокерчилик өнөрү, боз үй маданияты, элдик аңыздары, бакшычылыгы, ишенимдери, табынуу, сыйынуулары тууралуу, таш жазуулары, тулпарлары, оозеки сөз өнөрү жөнүндө тарыхый да, заманбап да материалдар менен коштоп, документалдуу-көркөм, публицистикалык баян курат. Бул китеби үчүн жазуучу 2004-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты алууга арзыган. 2006-жылы ушул эле багытта "Кыргыздардын байыркы маданияты" аттуу публицистикалык илимий-популярдуу ой толгоолор китебин, 2007-жылы "Жаншерик" аттуу эскерүүлөрдөн, чыгармачылык өнөркана сырлары тууралуу баяндардан турган көлөмдүү эмгегин чыгарды.
© Фото / из семейного архива ЖусуповыхКеңеш Жусуповдун чыгармачылыгында саякатка чыгып, бөтөн эл, бөтөн жер тууралуу көргөн-билгендерин, изилдегендерин жазган чыгармалары өзгөчө кызыгуу менен окулган.
Народный писатель КР Кенеш Жусупов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2022
Кеңеш Жусуповдун чыгармачылыгында саякатка чыгып, бөтөн эл, бөтөн жер тууралуу көргөн-билгендерин, изилдегендерин жазган чыгармалары өзгөчө кызыгуу менен окулган.
Өмүрдө алган унутулгус белек. Бул тууралуу жазуучу "Жаншерик" деген китебинде мындай деп жазган: "Өмүрүмдө биолог агайыбыздын бир жоругуна ыраазы болдум. Агай көлдөн эле. "Мичурин" деп сыртыбыздан атачубуз. "Оттук" орто мектебинин аймагында колуна таяк алып, күчүк ээрчитип, көз айнекчен басып калганда Мичуринге окшоштурчубуз. Окууну бүтүп кеткенден кийин кабарлашпай калганбыз. Бир күнү агайым 1953-жылы 9-класста жазылган дил баянымды кырк жылдан кийин баласы аркылуу берип жибериптир. Мен саргарып бараткан жазууну ачканда ушунчалык таңыркадым жана ыраазы болдум. Өмүрүмдө мындан артык белек алган жок элем. Ушунча жыл неге ошол кол жазмамды аманат сактап жүрдү экен? Зили мугалим ушундай асыл адам болуш керек деп ыйбаа тутамын, анын тумардай ыйык болушун элестетем. Жаш кезде рухий жол көрсөткөн мугалимдин эмгеги – колуңан жетелеп барып Меккени көрсөткөнгө тете. Андан ары сен сыйынасыңбы, ак жолго түшөсүңбү, калганы өзүңө байланыштуу. Аттиң, ошол агайымдын кайрадан окуучусу болгум келет..."
© Фото / из семейного архива ЖусуповыхТаланттуу кара сөзчү, тарыхый инсандарды изилдөөчү, маданият таануучу, мекенчил мээнеткеч жазуучу - Кеңеш Жусупов.
Народный писатель КР Кенеш Жусупов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2022
Таланттуу кара сөзчү, тарыхый инсандарды изилдөөчү, маданият таануучу, мекенчил мээнеткеч жазуучу - Кеңеш Жусупов.
Жеке жашоосу, мүнөзү, жүрүм-туруму. Кеңеш Жусупов жаш чагынан көп ооруп, даба издеп, барбаган жери, ичпеген дарысы, колдонбогон чөп-чары, май-сайы калган эмес. Кавказ, Крым, Чехословакия, Батыш Украина ж.б. атактуу курорттордо дарыланган. Шаардан оолак деп Байтик айылына, Ысык-Көлдүн Бостерисине там салып, ошол жактарда да жашап турган. Йога, даос, сопучулук менен дагы алектенген. Акырын, тынч жүргөнү үчүн жазуучулар арасында "Кеша тихий" деген ылакап ат алган. Түз жүргөн, түз сүйлөгөн киши катары кадыры зор болуп, текеберликтен, бой көтөрүүчүлүктөн, шаан-шөкөттөн алыс жүрдү. Башка калемдештеринен өтө иштемчилдиги менен айырмаланат. Түгөлбай Сыдыкбековду ата жана устат катары сыйлап жүрсө, Чыңгыз Айтматовдун сыйына татыган, Мурза Гапаров, Кубатбек Жусубалиев, Салижан Жигитов, Ашым Жакыпбеков, Жолон Мамытов менен жан достордон болгон. Жубайы Айгүл, уулу Медер жазуучунун чыгармачылыгын туура түшүнүп, ар дайым көмөк кылып келди. 1914-жылы Бактыяр Өмүров "Кеңеш Жусуповдун чыгармачыл изденүүлөрү" деген темада кандидаттык диссертациясын коргогон. Сүйгөн өлкөлөрү – Италия, Жапония. Кызыккан жерлери – Тибет жана Мекке. Сүйүктүү жазуучулары – Юкио Мисима, Ясунари Кавабата, Рабиндрант. Тоолуу Алтай, Хакасия, Тува, Монголия жерлерине барып, байыркы ата-бабалардын мекени менен таанышып келген. Индостан, Кытай, АКШ, Россия, Түркия, Армения ж.б. өлкөлөрдү кыдырган. Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде профессор болуп да иштеген. Китеп чогултуу жагынан да белгилүү киши, ошолордон өзү окуган Улуттук университетке 1000, Нарын университетине 500, айылындагы атасы Жусуп Иманалиев атындагы мектепке 500, Кыргыз-түрк "Манас" университетине 500 китеп тартуу кылган.
Акын Алыкул Осмоновдун үй музейи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2020
Алыкулдун 6 сомго сатылган отургучу. "Ыр сабындагы өмүр" эссеси жөнүндө 9 факты
Переводчик, прозаик, народный поэт КР Эрнис Турсунов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2021
Кыргыз маданиятынын "князы" Эрнис Турсунов тууралуу 15 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0