Аткаминерлерди титиреткен, эне тил үчүн күйгөн Камбаралы Бобулов жөнүндө 9 факт

© Фото / из семейного архива БобуловыхАкын, жазуучу, котормочу жана коомдук ишмер Камбаралы Бобулов. Архив
Акын, жазуучу, котормочу жана коомдук ишмер Камбаралы Бобулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2022
Жазылуу
Бүгүн – акын, жазуучу, котормочу жана коомдук ишмер Камбаралы Бобуловдун туулган күнү. Sputnik Кыргызстан эскерүү катары бул инсан туурасында кызыктуу фактыларды окурмандарга сунуштайт.
"Сары алтындуу" Ноокатта туулган. Камбаралы Бобулов 1936-жылы 15-майда Ноокат районундагы Өсөр айылында туулган. Бир туугандары, эркек балдар – төртөө: Бакир, Алан, Амирали, анан Камбаралы, кыздар – экөө: Жаннат, Урмат. Энеси Айкан сөзмөр, нарктуу аял болгон. Райондун борборундагы Федоров атындагы мектепте дагы бир жазуучу Мурза Гапаров менен классташ болуп окуган. Анын мектепте эле бетке айткан мүнөзү бар экенин, эч кимден тартынбастыгын, эркиндикти баарынан жогору койгон бала болгонун ошол кездеги райондук эл агартуу бөлүмүнүн башчысы, кийинки профессор Аскар Осмонкулов айтып жүрдү.
Бешинчи курста эле эң абройлуу журналга ишке алынган. Айылда туулуп, айылда өскөн бала 1954-жылы он сегиз жашында алгачкы аңгемесин "Айлуу түндө күйгөн от" деген ат менен "Жаш ленинчи" журналына бастырган. "Сүйүү лирикаларынын туура бааланышы зарыл", "Акынга кат", "Түгөлбай Сыдыкбековдун "Биздин замандын кишилери" романы боюнча Аалы Токомбаевге ачык каты", "Оморчулук деген эмне?", "Азыркы адабий сын жөнүндө пикир", "Поэзиядагы халтуранын жолун бөгөөгө мүмкүнбү?.." деген адабий сын макалаларын студент учурунда жана андан кийинки алгачкы жылдарында эле жаза баштап, 1957-жылы ошол кездеги эң окумдуу басылма болгон "Ала-Тоо" журналынын адабий сын жана көркөм өнөр бөлүмүнө адабий кызматкер катары жумушун баштаган.
© Фото / из семейного архива БобуловыхБелгилүү акын, жазуучу Камбаралы Бобулов кызы менен
Известный писатель и критик Камбаралы Бобулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2022
Белгилүү акын, жазуучу Камбаралы Бобулов кызы менен
Чыңгыз Айтматовду коргоп чыккан. Элүүнчү жылдардын аягында Чыңгыз Айтматовдун "Обон" ("Жамийла") повести кыргыз интеллигенциясынын күркүлдөрү тарабынан кабыл алынбай четке кагылып, анын кийинки тагдыры бар же жоктун ортосунда турган. Анан эле Камбаралы Бобуловдун Кыргызстан жазуучуларынын III курултайына карата "Махаббат баяны" деген макаласы жарыяланып, ал ачык асмандагы күн күркүрөгөндөй эле элес берген. "Жамийла" повести жарык көргөндө аттуу-баштуу, өзүбүздүн эле жазуучубуз аны абдан катуу сынга алды. Повестимди партиялык жыйында, коомчулуктун алдында талкалап салды. Ал өзүнүн повестке койгон дооматында адабий чыгармалардын маани жана мазмунун Коммунисттик партиянын саясатына ылайыкташтыруу керектиги, социалисттик реализмден алыстабоо, идеологиянын башкы нугу тууралуу айтып отуруп, акыры үй-бүлөдөгү ажырашуу иши Коммунисттик партия тарабынан талкууланчу чоң нерсе экенин айтты. Партия негизинен үй-бүлө биримдигин сактаган элемент экенин баса көрсөтүп, акыры менин повестимде ушундай идеяларга дал келбеген сюжеттин болгонун белгиледи. Ал мезгилде аялын кимдир бирөө таштап кетсе сөгүш деген нерсени алчу. Партиядан чыгарылып, ишинен айрылчу. Адабий чыгармалар да коомдогу терс көрүнүштөрдү чагылдырганда ушундай адамдарды терс каарман кылууга тийиш эле. Ал эми меники болсо тескерисинче", – деп айтат кийин ал мезгил тууралуу Чыңгыз Айтматов.
Дал ушул кезде эң алгач Камбаралы Бобулов үн катты, болгондо да повестти өтө жогору баалап салды. Ырас, анын да өз тарыхы бар эле. Ошол жылдары Москвада кыргыз адабияты менен көркөм өнөрүнүн декадасы болуп, анда Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары өтө жогору бааланат, муну көп жазуучулар, партиялык жетекчилер көрө албайт. "Жамийла" тууралуу Камбаралы Бобуловдун "Ала-Тоо" журналына даярдалып, басылганы жаткан макаласы да терилип калган кезде номерден алынып салынат. Тескерисинче, "Жамийланын" тилин талкууга алган Жазуучулар союзунун жыйыны өтүп, анда 23 адам чыгып сүйлөп, алардын ичинен "бала сынчылар" Кеңешбек Асаналиев менен Камбаралы Бобулов гана теңтуш жазуучуну жактап чыгышып, калгандары Айтматовду куру сындоо менен тепкиге алат. Ушундай кысымга карабай Камбаралы Бобулов көктүгүн көрсөтүп, "Ала-Тоо" чыгарбаган макаласын кыскартып, үзүп-жулкуп, эптеп партиялык газетага чыгарат. Өз кезегинде бул анын өжөрдүгүнөн, батылдыгынан, принциптүүлүгүнөн улам аткарылган чоң эрдиги болгон.
© Фото / из семейного архива Бобуловых Камбаралы Бобулов жубайы менен
Известный писатель и критик Камбаралы Бобулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2022
Камбаралы Бобулов жубайы менен
Адабий сын жыйнагы Бобулов тарабынан түзүлгөн жана Орто Азиядан жалгыз Адабий сынчылардын эл аралык ассоциациясынын мүчөсү болгон. Адабий сын китептерин чыгаруу сунушу жазуучулардын курултайында кабыл алынган соң ошол сунуш эске алынып, Камбаралы Бобулов сынчылардын макалаларын жыйнап, түзүп чыккан, ал китеп "Адабий сын макалалар" деген ат менен 1960-жылы жарык көрүп, ошондон кийин сынчылардын учурдагы адабий процессти талдаган макалалары топтолуп, жекече китеп болуп чыга баштады. Бул сунушу менен жаш адабиятчы өзүнүн атуулдук позициясын бекемдеп, адабияттын чыныгы күйөрманы экендигин дагы бир жолу көрсөтө алган. Адабий сынчылардын эл аралык ассоциациясы (МАЛК) деген дүйнөлүк абройлуу уюм болгон жана ага мүчө болуу чоң сыймык эле, өзү да ошонусуна сыймыктанып, макалаларды жазганда "МАЛКтын мүчөсү" дегенди кошуп жазып жүрчү.
Атактуу "правдачы". 1963-жылы Чыңгыз Айтматов СССРдин №1 газетасы, КПСС БКнын органы болгон "Правдадан" жумуштан башка ишке которулганда ордуна Камбаралы Бобуловду коюп кеткен. "Правдада" иштеген экинчи кыргыз киши дегендин өзү анын канчалык деңгээлде экенин көрсөтүп турат. "Правдачы" катары ал иштеген мезгилде далай обкомдун, райкомдун биринчи катчыларын төрө пейилдиги үчүн, улутун унуткан маңкурттугу үчүн калтыратып, титиретип койгондугу азырга чейин айтылып келет.
Акын, адабиятчы, котормочу Аман Токтогулов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2021
Чекисттерди четинен жумшарткан. Аман Токтогулов тууралуу кызыктуу 11 факт
Эл арасына учкул сөздөрү сиңип кетти. "Эл эмеспиз, журт эмеспиз эч качан, эне тилдин ар-намысын жоготсок", "Эне тил барда мен бармын, эне тил менен Камбармын", "Кыргыздын кыргыздан башка жоосу жок", "Кыргыздын Ала-Тоодон башка тоосу жок" ж.б.
Кара сөздүн устаты, лириканын чебери жана таланттуу котормочу. "Түштүк кызы", "Чоочун киши", "Армандуу биздин балалык" деген повесттери бир нече жолу басылган, башка тилдерге которулган, "Түштүк кызынын" негизинде кинофильм ("Түштүк кызы" же "Жоош кыз") тартылган.
Ал ашкере ички сырын төгүп, окурман менен сыр чечишкен акын болгон. Ага мисал, анын "Махабат аралы" жыйнагы – кыргыз поэзиясынын тарыхындагы өз орду бар жыйнак гана эмес, ыр жазабыз дегендерге өрнөк боло алуучу, аларга үлгү катары көрсөтүүгө толук татыктуу китеп. Адатта зыңкыйып, каардуу, сүрдүү жүргөн Камбаралы Бобулов ырга келгенде өзүн-өзү жоготуп, өзүн-өзү жазында эриген кардай ак кагазга төгүп салган. Буга "Лалахан казалдары" ыр түрмөгү толук күбө. Камбаралы Бобулов эң мыкты котормочу, улуттук маданияттын тарыхында ал которгон Хафиздин казалдарына жете турган котормо али жарала элек сыяктанат, балким Хафиз өзү тирилип келип, кыргызчаны үйрөнүп, ушул котормолорун окуганда өзүнүн баа-баркын дагы бир жолу аңдап билер беле деген ой келет. Ал грузин акыны Чавчавадзенин, кара калпак акыны Бердахтын лирикаларын кыргыз тилине эң сонун оодарган.
© Фото / из семейного архива БобуловыхКамбаралы Бобулов үй-бүлөсү менен
Известный писатель и критик Камбаралы Бобулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2022
Камбаралы Бобулов үй-бүлөсү менен
Москвадан КПСС БКнын Коомдук илимдер академиясынан диссертациясын коргоп келген. Бул ишке баруу мыктынын мыктысынын гана колунан келген. Ошол кандидаттык диссертациясын "Пути развития реализма в киргизской прозе" деген орусча монография кылып чыгарат жана ал жогору бааланат. Бул кыргыз адабиятын үйрөнүүчүлөр жана таанып-билүүчүлөр үчүн бүтүндөй прозабыздын советтик мезгилдеги башаты, калыптанышы, дүйнөлүк бийиктикке көтөрүлүшү ар тараптуу талданган эмгек болуп саналат. КПСС БКнын Коомдук илимдер академиясын ийгиликтүү бүтүрүп, кандидаттыгын жогору деңгээлде жактап келгендер ал кезде жок эле дегенде Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинде иштеши керек эле, андай болбой "Кыргызстан пионери" газетасы менен алаксытып коюшат. Ага карабай басылманы кыргыз басма сөзүнүн тарыхындагы эң популярдуу, дээрлик бир нече муунду тарбиялаган, эң эле нускасы көп газетага айландыра алган.
Улут үчүн күйгөн инсан. Камбаралы Бобулов сөздүн толук маанисинде улутчул эле, улут үчүн күйгөн инсан эле. Бир жолу анын Өзбекстандын Жиззак облусуна барганын жомок кылып айтып калышат, бир кыргыз мектепке барса Кыргызстандын символикалары, кыргыздардын портреттери жок экен, ачууланган Бобулов хокимдери менен раистерин баш кылып сөккөн экен, эртеси кайра Камбар акаларинин келишине Ташкенденби, Бишкектенби, баарын таап, алып келип, тагып коюшуптур. Ал кыргыз адабиятын бүткүл союздук окурмандарга тааныштырган, бул багытта Алыкул Осмоновдун чыгармаларын талдоого арналган, акындын Москвадан чыккан "Библиотека поэта" деген түрмөктөгү китебине баш сөз жазган, "Көкөй кескен поэзия" деген көлөмдүү макаласында болсо улуттук маданияттагы Алыкул Осмонов феноменин жалпы дүйнөлүк контекстте кароого жетишкен. Тагдыры татаал Узакбай Абдукаимовдун чыгармачылыгы тууралуу "Сүрөткердин нускалуу сөзү жана иши" макаласы да айтылуу "Майдандын" авторунун адабияттагы ордун белгилөөгө багытталат. Улуу акын Токтогул тууралуу бир топ макалаларды жазып, жыйындарда баяндама жасап, "Акындын өлбөс кербези" деген жыйынтыктоочу эмгегинде терең ойлор айтылган. 2000-жылдан легендарлуу парламент мүчөсү, 1992-2003-жылдарда "Кыргыз тил" коомунун биринчи төрагасы катары өзгөчө тил маселесине күйүп-бышып, жалындуу сөздөрүн айтып, маселе көтөрүп, айрым "киргиздерди" кыргызча сүйлөөгө чакырып турган чыныгы мекенчилдик руху менен элине унутулгус эмгек калтырганын эли унутпас. 2003-жылы 24-январда 67 жашында узакка созулган оорудан улам каза болду.
Переводчик, прозаик, народный поэт КР Эрнис Турсунов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2021
Кыргыз маданиятынын "князы" Эрнис Турсунов тууралуу 15 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0