Бүгүн "Ош" базары иштебейт

Ош базары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2023
Жазылуу
Бүгүн-эртең ордо калаанын борбордук көчөлөрү маал-маалы менен жабылып турары айтылган.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Бүгүн Бишкектеги "Ош" базары иштебейт. Маалыматты Бишкек шаардык мэриясы таратты.
Анда аталган базарда 31-январда өтө турган санитардык күн 26-январга жылдырылгандыгы белгиленген.
Мэрия мындай чечим Өзбекстандын президентинин сапарынан улам Бишкектеги айрым жолдордун жабылгандыгы менен байланыштуу кабыл алынгандыгын билдирди.
Окуучу онлайн сабак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2023
Бишкекте айрым класстын окуучулары онлайн-окууга өтүштү. Себеби
Жаңылыктар түрмөгү
0