00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Стимул
17:05
51 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Особый акцент
Жара опасна для гипертоников: кардиолог о симптомах, воде и правилах поведения летом
14:05
60 мин
Ачык кеп
Бишкек шаарындагы дарактарды коргоо жана жашылдандыруу иштери
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
«Театр Боотура» в Бишкеке: якутский эпос, три «Золотые маски» и живой диалог со зрителем
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Пассивдүү жашоо образы дүйнөдө өлүмдүн төртүнчү себеби болуп калды — буга эмне кылуу керек?
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
Утилизационный сбор год спустя: сколько собрали и почему переработка всё ещё буксует
18:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Оор жараатка карабай жашоону сүйгөн ардагердин өмүрү
19:06
32 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Кто и как считает климатический ущерб в КР
20:06
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
6 мин
Ачык кеп
Бишкек шаарындагы дарактарды коргоо жана жашылдандыруу иштери
21:07
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Мекенибизде саат 5. Жаңылыктар түрмөгү менен таанышып алыңыз. Микрофондо Элдияр Асылбеков. Алгач кабарлардан кыскача...Евразия экономикалык биримдигинде Кыргызстанда өндүрүлгөн аялдардын сырт кийимине талап он эсе өстү 25 миң доллар пара талап кылган милиция кызматкери кармалды. Чүйдө эки чакан ГЭС ишке берилип, ачылышына президент катышты Алдыда кененирээк...Чүйдө эки чакан ГЭС ишке берилип, ачылышына президент катышты Чүйдүн Сокулук районундагы Сокулук жана Туюк чакан ГЭСтери ишке берилди. Алардын ачылышына президент Садыр Жапаров катышканын маалымат кызматы кабарлады. Мамлекет башчысы долбоор Улуттук инвестициялар агенттигинин көмөгү аркылуу "Сокулук ГЭС-3" ЖЧКсы менен түзүлгөн инвестициялык келишимдин негизинде ишке ашырылганын билдирди. "Келишимдин алкагында эки чакан гидроэлектр станциясынан турган каскад курулду. Биринчиси — Сокулук дарыясында кубаттуулугу 9,7 мегаватт, экинчиси — анын куймасы Туюкта 5,9 мегаватт. Эки ГЭСтин жалпы кубаттуулугу 15,6 мегаватты түзөт. Бардык объектилер ата мекендик инвестордун каражатына курулду. Жалпы инвестициянын көлөмү болжол менен 1,7 миллиард сом болду", — деди президент. Жапаров азыркы тапта өлкөдө 48 чакан ГЭС иштээрин, алардын жалпы кубаттуулугу 180 мегаватты түзөрүн белгиледи.
Кыргызстанда инвестициялар 25,5 пайызга өстүҮстүбүздөгү жылдын январь-март айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда негизги капиталга тартылган инвестициялардын көлөмү олуттуу өскөнү байкалды. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик маалымдады. Расмий маалыматтарга ылайык, үч ай ичинде инвестициялардын жалпы көлөмү 77 млрд 319 млн сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25,5 пайызга жогорулады. Ички инвестициялар 1,2 эсеге көбөйсө, тышкы инвестициялардын агымы андан да ылдам өсүп, 1,5 эсеге жеткен.Инвестициялык каражаттар негизинен кен казуу тармагындагы курулуш иштерине, кайра иштетүү өнөр жайына, транспорт жана логистика секторуна, ошондой эле энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган.Адистер белгилегендей, мындай оң динамика инвесторлордун өлкөнүн реалдуу секторуна жана ири инфраструктуралык долбоорлорго болгон кызыгуусу жогору бойдон сакталып жатканын көрсөтөт. Ошондой эле мамлекеттик органдар инвестициялык климатты жакшыртуу, инвесторлордун ишенимин арттыруу жана туруктуу укуктук базаны түзүү багытында иштерди улантууда.
Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдө Кыргызстанда өндүрүлгөн аялдардын курткаларына, пальто жана башка сырт кийимдерге болгон суроо-талап 10 эсе өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. Январда 62,6 миң даана кийим сатылды, ал эми өткөн жылдын ушул эле мезгилиндеги көрсөткүч 6,2 миңди түзгөн. Баары уюмга мүчө мамлекеттерге жөнөтүлгөн. Белгилей кетсек, ЕАЭБге жеңил өнөр жай товарларын, айыл чарба продукцияларын өндүрүү жана экспорттоо арбыды. Текстиль товарларынын 78 пайызы, азык-түлүк жана агрардык продукциянын 60 пайызы уюм ичинде таркайт.
Бишкекте Ленин Райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү пара талап кылууга шектелип кармалганын УКМК билдирди. Маалыматта О.А. аттуу тергөөчү алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин токтотуу жана издөөдөн чыгаруу үчүн кыргыз жаранынан 25 000 доллар опузалап талап кылганы айтылат. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү тергөө абагына киргизилди. Учурда кошумча тергөө иш-чаралары улантылууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0