Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Түлөбердиева: балдардын ойлоп тапкан шаймандары жашоодо колдонулган учур көп

© Sputnik / Асель СыдыковаКыргызпатентке караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун чыгармачылык демилгелерди стимулдаштыруу бөлүмүнүн башчысы Дамира Түлөбердиева
Кыргызпатентке караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун чыгармачылык демилгелерди стимулдаштыруу бөлүмүнүн башчысы Дамира Түлөбердиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2023
Жазылуу
Кыргызпатентке караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун чыгармачылык демилгелерди стимулдаштыруу бөлүмүнүн башчысы Дамира Түлөбердиева Кыргызстанда ойлоп табуучу балдардын эл аралык күнү 2019-жылдан бери 17-январда белгиленип келерин айтты.
Бүгүн мектеп жана мектептен тышкаркы мекемелердин жетекчилери менен окуучулары болуп жалпысынан 3 000ден ашык бала ойлоп табуучу балдардын эл аралык күнүнө карата уюштурулган иш-чараларга катышууда. Бул тууралуу Дамира Түлөбердиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Түлөбердиева: балдардын ойлоп тапкан шаймандары жашоодо колдонулган учур көп
Анын айтымында, Кыргызпатент өлкө боюнча 55 техникалык ийрим жана төрт инновациялык лаборатория (Ош, Баткен, Ысык-Көл, Талас облусунда) ачып берген.
"Бүгүнкү күндө балдардын эс-тутуму, билими, ойлоп табуулары экономиканын өсүшү үчүн салым кошо тургандай деӊгээлге чыкты. Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду алардын ишин баалап, белгилеп турууну демилгелеген. Кыргызпатенттин Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасында өткөн иш-чарага көркөм өнөр менен алектенген, ойлоп табуучу 2500дөн ашык бала катышты. Ошол жерден "STEAM — билим берүү" менен FABLab санариптик лабораториясынын гравировка жана лазердик кесүүчү станокту колдонуу боюнча мастер-класстары болду. Ошондой эле графикалык дизайн боюнча киришүү сабагы, 3D принтерде басып чыгаруу үчүн 3D моделин түзүү сабагы жана балдардын техникалык чыгармачылык көргөзмөсү уюштурулду. Ошондон бери ар бир региондогу мугалимдерге усулдук көрсөтмөлөрдү берип, семинарларды уюштуруп келебиз. 2022-жылдын аягында интеллектуалдык жана инновациялык ресурстар көрсөтмөсүнө чоӊдор менен теӊтайлашып балдар да катышты. Ал жер кеп-кеӊеш берип, тажрыйба алмашуу аянтчасы болду. Жыйынтыгында Кыргызпатент Кемин жана Ноокат районундагы балдар чыгармачылык борборлоруна 75 миӊ сомдук сертификат тапшырды. Бул каражат ийрим ачуу үчүн берилген. Негизи Кыргызпатент өлкө боюнча 55 техникалык ийрим жана төрт инновациялык лаборатория (Ош, Баткен, Ысык-Көл, Талас облусунда) ачып берди. Ал эми мугалимдер жыл сайын эки жолу ар кандай темада 72-150 сааттык окутуулардан өткөрүлөт", — деди Түлөбердиева.
Ал балдар айыл чарба шаймандарын, жер титирөөнү алдын ала аныктоочу курал, геологдордун изилдөөдө колдонуучу аспаптарын ойлоп табышканын, айрымдары турмушта колдонулуп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0