00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бир суроону он жолу бересиңер! Спикер Шакиев депутаттарды тилдеген видео

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2023
Жазылуу
Төрага парламентте эч качан маанисиз маселе каралбай турганын айтып, баарын тегиз катышууга чакырды.
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев депутаттарды өз ишине шалаакы мамиле жасоого айыптап тилдеди.
Жыйында "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү экинчи окууда каралып жаткан. Юстиция министринин биринчи орун басары Зарема Аскарова так жооп бере албай жаткандыктан эл өкүлү Эмил Токтошев долбоорду артка кайтарууну сунуштаган.
"Өзүңүздөр маселе каралып жатканда талкууга активдүү катышпайсыздар. Анан бул жерде биринчи жолу угуп оюңарды айтасыңар да. Кагаз жүзүндө сунуштарды бербейсиңерби, кызыкпайсыңарбы... Кечирип коюңуздар, айрым депутаттар! Азыр кээ бир суроо берип жаткан депутаттарды көптөн бери жыйын залынан көрө элекмин. Көбүнчө маселе каралып жатканда чыгып кетесиңер. Анан алдыда 10 депутат берген суроону 11-болуп сурап убакытты аласыңар. Кичине өзүңөрдү сыйлап туура мамиле кылалы да, тартипти сактайлы", — деди Шакиев.
Ошондой эле ал парламентте эч качан маанисиз маселе каралбай турганын айтып, баарын тегиз катышууга чакырды.
"Бул жерде отургула, катышкыла, түздөн-түз ишиңерди аткаргыла! Анан чыга калып эле "мен билбептирмин, көрбөптүрмүн, мындай-тигиндей кылам, сунуш берем, четке как" деген туура эмес, урматтуу депутаттар", — деди төрага.
Андан соң Эмил Токтошев төрага дагы ар дайым орунда отурбай жатканын белгилеп, акыл үйрөтө бербей сунушту добушка коюшун талап кылды. Бир катар депутаттар да спикерге жооп берип, регламенттеги нормаларды жүйө келтиришти.
Төрага аталган мыйзам долбоорун добушка койду эле өтпөй калды.
Жогорку Кеңештин жыйын залы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2022
Жыйында бирөө да жок. Спикер "Ынтымак" фракциясынын депутаттарын издеп жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0