Былтыр Кыргызстандан рекорддук көлөмдөгү акча которулду. Өлкөлөрдүн тизмеси

© Photo / Pexels / cottonbroАкча эсептөөчү машинадагы доллар купюралары. Иллюстративдик сүрөт
Акча эсептөөчү машинадагы доллар купюралары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2023
Жазылуу
Өткөн жыл каражат жаатында бир топ кызыктар менен коштолду. Алсак, өлкөгө келген да, өлкөдөн чыккан да акчанын көлөмү көбөйдү.
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Улуттук банк акча которуулар (2022-жылдын январынан ноябрына чейин) боюнча статистиканы жаңыртты. Мында кеп жеке тараптардын акча которуу системалары аркылуу жасаган транзакциясы тууралуу болууда.
Эске алчу жагдай: акча ар кандай валютада которулган, бирок Улуттук банк баарынын эквивалентин доллар менен көрсөтүп берген. Негизинен акча мигранттардан келип, кайра чыгып турары айтылат, бирок айрым эксперттер каражаттын кайсы бир бөлүгү ишкерлерге тийиштүү экенин белгилешүүдө. Статистика 2005-жылдан тарта жүргүзүлүп келерин унутпайлы (салыштыруу үчүн дал ушул жыл негиз болуп берет).

Кыргызстандан чыккан рекорддук көлөмдөгү акча

Ноябрда Кыргызстандан 142,8 миллион доллар которулган. Бул октябрь менен сентябрга караганда аз болсо да рекорддук рейтингде үчүнчү сапты ээлеп турат. Эскерте кетсек, өлкөдөн былтыркы жылдын жаз айларынан тарта акча көбүрөөк которула баштап, 11 айда 1 миллиард 82,5 миллион доллар чыккан. Буга чейин мындай көрсөткүч жыл ичинде болгон эмес. Эң көп деп 562,8 миллион доллар которулган 2021-жыл эсептелчү.

Кызык учурлар

Негизи чыккан акчанын басымдуу бөлүгү Россияга кетет, бирок 2022-жылдын күз айларында алыскы өлкөлөрдүн да үлүшү көбөйө баштады.
Түркияга 2005-жылдан былтыркы жылдын августуна чейин 40,3 миллион доллар которулган болсо, сентябрь-ноябрь ичи эле 161 миллион доллар кетип, сумма төрт эсеге көбөйдү.
Германияга жөнөтүлгөн акчанын көлөмү да өстү. Сентябрда 2,1 миллион, октябрда 2,3 миллион, ал эми ноябрда 4,2 миллион доллар которулган. Статистика жүргүзүлө баштаган мезгилден бери аталган мамлекетке 16,4 миллион доллар жөнөтүлгөн, анын жарымы былтыркы каражатка туура келүүдө.
Күздүн үч айында АКШга 9 миллион доллар которулган, буга чейин бир айда 1 миллионго жетпеген каражат жөнөтүлүп келген.

Келген акча да көбөйдү

Ноябрда өлкөгө 239,3 миллион доллар которулду. Бул октябрга караганда (287 миллион) кыйла аз. 11 айдын аралыгында 2 миллиард 737,8 миллион доллар келип түшкөн, бул тарыхтагы рекорддук көрсөткүч. Буга чейинкиси 2021-жылы катталган болчу, анда 11 айдын ичинде 2 миллиард 517 миллион доллар келген.
Акча кайсы мамлекеттерден көп которулат (2022-жылдын январь-ноябрь айлары)
Түркиядан — 11,3 миллион доллар (2021-жылы 0,7 миллион);
АКШдан — 50,9 миллион (39,4 миллион);
Казакстандан — 6 миллион (5,2 миллион);
Германиядан — 4,2 миллион (900 миңге жетчү эмес);
Улуу Британиядан — 5 миллиондон көбүрөөк (2005-2021-жылдары 16 миллионго чукул)
Россиядан — 2,6 миллиард (+150 миллион).
АКШ доллардын пачкалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2023
Улуттук банк биринчи ирет 100 млн. доллардан ашкан интервенция жасады
Жаңылыктар түрмөгү
0