Айтматовдун 95 жылдыгына карата кыргыз-казак интеллигенциясынын форуму өтөт

© Sputnik / Александр ФедоровКыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов. Архив
Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.01.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган кыргыз-казак интеллигенциясынын эл аралык форуму январдын аягында өтөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлады.
Аталган иш-чара президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата эл аралык жана республикалык деңгээлде өтө турган иш-чаралардын башаты экени айтылды.
"Эл аралык форумга Казакстан Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаевдин, Казакстандын маалымат жана коомдук өнүктүрүү министри Дархан Кыдыралинин катышуусу күтүлүүдө", — деп билдирди маалымат кызматы.
Президент Садыр Жапаров посетил Дом-музей Айтматова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2022
Жапаров Айтматовдун үй-музейине барып, бүлөсүнө эл аралык сыйлыкты тапшырды
Жаңылыктар түрмөгү
0