Күндүн суукташынан улам Казакстанда 122 жол тилкеси жабылды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖолдогу автоунаа. Архив
Жолдогу автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2023
Жазылуу
Коңшу өлкөдө 42 жол тилкеси дизель менен жүрүүчү унаалар жана коомдук транспорт үчүн жабык.
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Аба ырайынын начарлашына байланыштуу Казакстанда 122 жол тилкеси жабылды. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
ӨКМ 10-январь саат 06:00гө карата төмөнкүдөй маалымат берди:

"Аба ырайынын начарлашына байланыштуу (кар күрткүсү, туман, жолдун тайгагы) 122 жол тилкеси жабылды. Анын ичинен республикалык маанидеги 42 участок дизель менен жүрүүчү унаалар жана коомдук транспорт үчүн жабык", — деп айтылат маалыматта.

Бороон. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.01.2023
Кинотасмадан алынгандай. Кыргызстанда аба ырайынын кескин өзгөрүшү тартылган видео
Жаңылыктар түрмөгү
0