Антимонополия социалдык маанилүү товарлардын орточо баасын жарыялады

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүДүкөндөгү товарлар менен тележка. Архив
Дүкөндөгү товарлар менен тележка. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.01.2023
Жазылуу
Бир аптанын аралыгында баалар дээрлик өзгөргөн эмес.
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы социалдык маанилүү товарлардын орточо наркын жарыялады.
Баалар 4-январга карата чекене түрүндө сатылышына карап эсептелген.
Биринчи сорттогу буудай уну — 42,8 сом (кг);
Экинчи сорттогу буудай уну — 31,6 (кг);
Бөлкө нан (биринчи сорттогу ундан, кг) — 59,4;
Макарон азыктары — 67,4;
Пастерленген 2,5-3,2% майлуулуктагы сүт — 68,6;
Каймак май (72%дан аз эмес) — 440,6;
Кумшекер — 87,4;
Жергиликтүү күрүч ("Өзгөндөн" башка) — 114,4;
Импорттолгон күрүч — 117,1;
Күнкарама майы — 153,2;
Кой эти — 520;
Уй эти — 506,3;
Чочко эти — 465;
Тоок эти —266,3;
Картошка — 27;
Сабиз — 29,8;
Тоок жумурткасы (10 даана) — 110,3;
Бензин А-80 — 54,8;
Бензин А-92 — 60;
Дизель майы — 74,5;
Суюлтулган газ (баллон 10 кг) — 724,7;
Көмүр (жергиликтүү) — 5164,3;
Көмүр (импорттолгон) — 6183,3.
Белгилей кетсек, Антимонополия социалдык маанилүү товарлардын орточо рыноктук чекене бааларына мониторинг облустун борборлорунда жана Токмок шаарында жума сайын жүргүзүлөт. Бир аптанын аралыгында баалар дээрлик өзгөргөн эмес.
Өсүмдүк майы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.01.2023
Кыргызстан өсүмдүк майын сатып алган өлкөлөрдүн тизмеси
Жаңылыктар түрмөгү
0