Быйылкы "Оскар" сыйлыгы кимге буюрушу мүмкүн? Талапкерлер аталды

© AFP / STEFANI REYNOLDS"Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземи. Архив
Оскар сыйлыгын тапшыруу аземи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.01.2023
Жазылуу
Атактуу сыйлыкты тапшыруу аземи жазында болот.
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Быйылкы "Оскар" кино сыйлыгын ала турган талапкерлер белгилүү болду.
Америка кинематография искусствосу жана илимдери академиясынын "Оскар" сыйлыгын тапшыруунун 95-салтанаты 2023-жылы 12-мартта Лос-Анжелесте өтөт. Номинанттар аныктала элек, бирок кино сынчылар ар бир актёр кыялданган статуэтканын кимдерге буюрарын болжолдоп жатышат.

Мыкты актриса

Марго Робби. Актриса Брэд Пит менен биргеликте "Вавилон" деп аталган комедиялык драмага тартылган. Дэмиен Сэйр Шазеллдин фильми Голливуддун түптөлүшү туурасында баяндап берет. Буга чейин Марго Робби Оскарды "Тоня против всех" жана "Скандал" кинокартиналары үчүн алууга ниеттенген.
Даниэль Дэдуайлер. Афроамерикалык актриса "Тилл" драмалык картинасында башкы ролду ойногон.
Нигериялык-америкалык режиссёр Чинонье Чуквунун бул тасмасында актриса XX кылымдын ортосунда жарандардын укугун коргоого аттанган адам жана мугалим Мэми Тиллдин образын жараткан.
Мишель Йео. "Все везде и сразу" деп аталган фантастикалык комедияда Эвелина Вонг — кир жууган жайдын ээсинин ролун ойногон.

Мыкты актёр

Брэндон Фрейзер. Актёр "Кит" деп аталган психологиялык драмада ойногон.
Остин Батлер. Биографиялык "Элвис" фильминде башкы ролду аткарган.

Мыкты фильм же режиссура

"Фабельманы" драмасы, режиссёр Стивен Спилберг. Фильм Спилбергдин Аризона штатында өткөн балалык учурундагы эскерүүлөрүнө негизделген.
"Тар" драмасы, режиссёр Тодд Филд. Бул аталган режиссёрдун 16 жылдын кийинки биринчи картинасы. Ал дирижёр Лидия Тар туурасында баяндайт. Башкы ролу Кейт Бланшетт ("Мыкты актриса" номинациясына ат салышууда) аткарган.
"Топ Ган: Мэверик" боевиги, режиссёр Жозеф Косински. Башкы ролду Том Круз аткарган. Фильм дүйнөлүк прокатта 1,5 миллиард доллар топтоп, 11-орунга чыгып, кино тарыхында көп көрүлгөн жана пайда көп түшкөн картиналардын катарын толуктады.
Режиссер Актан Арым Кубаттын Эсимде тасмасынан кадр - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2022
Актан Арым Кубаттын "Эсимде" тасмасы "Азия Оскарына" көрсөтүлдү
Жаңылыктар түрмөгү
0