Көкөтөйдүн ашына элдин келиши, Манастын кечигиши, Жолойдун жоругу. Баяндан 8 факт

© Фото / Теодор Герцен"Манас" эпосуна иллюстрациясы
Манас эпосуна иллюстрациясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.12.2022
Жазылуу
"Манас" боюнча өткөндө Көкөтөйдүн ашын кеңешүү, Каркыранын тандалышы туурасында баяндап бергенбиз. Бүгүн ашка элдин миң сандап келип түшүшү, Айкөлдүн кечигиши жана башка кызыктуу окуялардан кеп салабыз.
Ашка калмак, кытай, манжулардын эң алды келе башташы. Көкөтөйдүн ашынан кабар уккандар жөн тура албай оолугуп, кылымда болчу бул күндү туулгандан бери күтүп аткандай дээлигип турду. Эчен жандын кыйыны Эр Багыш даңазасы таш жарып аткан Суркийик деген атын таптап, уулу Толтойду да жанына алып, аты барда жер көрсүн, атасы барды эл көрсүн деп жол камына урунду. Аз жүрбөдү – көп жүрдү, артуу-артуу ашуу-белес жүрдү, он үч күн дегенде Үч-Булактын оюна, Үч-Каркыра боюна келип түштү төрт миң кол менен, бөлүнгөн үйгө жайгашып, бөлүнгөн союштарын алышты, жайлоонун салкын абасында жол жүрүп келген немелер жыргап жатып калышты. Артынан эле кызыл байрак туу менен, кыйгыйлаган чуу менен, кытайдын зору эр Коңур, кыйынсыган оңбогур, уруму мылтык аткандай, уул-келинин чапкандай, айылын жоо баскандай, коросондон куу коюп, коло найлуу канжасын коркурата соруп жүз миң кытай колу менен келди да, кең жерди ээлеп жатып калды. Кызыл чоктуу Нескара жети миң, Кырмустун уулу Мурадил он миң кол менен түштү, анан алар аз келгенсип, чаап кете тургандай калмактардын Ушаңы эки миң, Солондордун Алооке элүү миң, доңуз кыял Жолой дөө отуз миң, Токшукердин Бозкертик отуз миң, Солобонун Соорондук отуз миң, кара жалдуу Бороончу отуз миң, Каңгайдан Ороңгу катын токсон миң, Каткалаңдын Сайкалы отуз миң, кан жээни Жүгөрү жыйырма миң кол менен түшүп, Каркыраны кара комок кылып кумурскадай кылтылдап басып калды. Алардын баарын кыргыз-казак эт тартып, оюн-күлкү менен түнкү конок кылды.
Эртеси күнкү коноктор. Таң атып-атпай Көкмөк уулу Керкөкүл эки миң, Көчбөс уулу эр Жанай жети миң, анан эле Чеч-Дөбөнү жердеген катагандын кан Кошой Боз жоргосун чайпалтып, ак сакалын жайкалтып, ак сакалы жаркылдап, келгин каздай каркылдап, сурнай кулак тундуруп, тууну тууга урдуруп отуз миң колу менен келди. Жети жылы Жер астында жүрүп желмогуздар менен алышып, Жер үстүнө чыкканга жети эле күн болгон экен, ошого карабай Эламандын кичүү уулу Төштүк төрт миң аскери менен түштү. Алар суусундук ичип канганча артынан эле Сары-Арканы жайлаган, сан казагын айдаган, Кертөбөл атын алкынткан, саймалуу калпак, сары шым, шалдыркан кисе, бото кур, алтындан наалы, жез өкчө Айдаркан уулу эр Көкчө туура отуз миң колун ээрчитип, конокторго кошулду. Ар тарабын чаң кылган, майдандын ичин кан кылган Эштек уулу Жамгырчы жети миң жоокери менен шашыла жете келди. Артынан эле Эки-Кемин элинен, эгиз кара ат байлаган, кыпчактардын кыйыны, он эки миң жыйыны Үрбү көрүндү. Орто-Чаткал жердеген, оодарып бенде жеңбеген, жарагы белде бир кучак Буудайык уулу Музбурчак тогуз миң толук кол менен Кең-Каркыранын бир түзүнө түштү.
Коноктордун алды келгенге он бир күн өтүп, он экиге толгондо... Келбегендер али көп экен, Сакалаттан Сары дөө алты миң кол менен самсып келип атты, сандыргалуу Кейкубат жети миң, Дөбөттүн беги кан Дөмүл үч миң аскери менен суу жээктей конду. Дөөкүрсүгөн Чоюн алп, Жору куйрук Жоон алп, Кайчы кулак Каман алп, киндиги темир Китен алп, Жез тумшуктун уругу, жергеси бөлөк бу бир калк үч миң кол, дагы башкасы жүз миң кол менен келсе, эки жүз араң кол менен Маамыт султан да келип калды. Аз кол менен келгендер билинип-билинбей эле жутулуп жоголду, Кемел жүз киши, Айкожо үч киши, Ыйбанкуп жүз киши, Бакүрүш миң киши менен келип, көпчүлүккө сиңип кетти. Оогандан алты миң адамын алып Акун кан өзү түштү.
Арадан бир ай өттү. Манастын келбей кечигип жатышы. Ушунча конок Каркыраны жайлап, анын баарына казан кайнап, келет дегендин баары келип бүттү. Ушул турган Таластан келчү Манас жок. Буга эмне болду деп Бокмурун да, Кошой дөө да чый-пыйы чыгат. Анан чакырчу жигит жаш Айдардан тактап сурашат. Ошондо ал элге айткан сөзүн буларга да айтып, Мааникер үстүнөн өктөм сүйлөп атканда Сыргак, Серек, Акбалта бийдин Чубагы чогуу турган бекем, чып дедире эр Серек чылбырдан кармай калыптыр, ушу жерге соймокко Айдарды жылаңачтап алыптыр. Ошол кезде кудай жалгап ууга кеткен Манас булардын үстүнөн чыгат. Жайма көкүл жаш Айдар Манасты көргөндө боздоп ыйлап жиберет да Бокмурун үйрөткөн айтчу сөзүн айтат. Бокмурун алакандай Анжиянга ашты кантип берем деп, такыядай Ташкенге тамаша кантип кылам деп, баатыр сизди Каркырада аш башкарчу башчы кылам деди эле, мен сизди чакырып келдим эле, бу Сыргак, Серек, Чубагың мени өлтүргөнү жатыры, өзөртүп уруп союп салмак болушту дейт калтырап да, титиреп... Жигиттеринен Жаш Айдарды арачалап, каалгадай кашка тишин кашкайтып, карс-карс күлүп, чакырчу балага буулумдан бирди кийгизип, буурул жорго мингизип, анан жолго салып, аркаңдан эле жете барып каламын деп узатты.
Толго спектакли Кыргыз драма театрында. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.11.2022
Көкөтөйдүн керээзи: Бокмурундун Манаска барышы. Улуу баяндан 6 факт
Манастын кол жыйнашы жана жолго чыгышы. Каркырага ашка барабыз деп убагында кабар таппай калып, кеч болсо да камынып Манас аскерин жыйнап кирет, башын Арсы, Жөлөктөн, аягын Ысар, Көлөптөн жалаң кара кыргыздан кол топтоп, барабан согуп күңгүрөп, салкынга жолун салыптыр, Суусамырлап, шамалдуу Кочкор жол менен, санды түмөн кол менен Чолпон-Ата боюна, Чоңкой суунун оюна кечке жуук түшүп, көл менен тоо арасы аскерге жайнап калды. Көпкөк темир кийген көп аскер Көл жакалай жүрүп, Кызыл-Кыянын белин ашмакка жайма-жай жүрүп баратты. Жаш Айдар көп кол менен Манастын келерин Бокмурунга айтып барган экен, сүйүнгөндөн аш ээси Кызыл-Кыя белине сарай үйүн тигип, тогуз жүздөй бий коюп, тогуз миң киши жол тосуп, токсон жерде бээ союп, улакчыларын да, ырчы-чоорчуларын да белендеп, жолго даяр эл коюп күтүнүп аткан экен.
Манастын колу. Колдун шаңы. Бул Манастын колунун алдында атканын жазып куткарбас жыйырма адис мерген келет, алардын мылтыктары октолуу, милтелери чоктолуу, мүрүдө кундак токтолуу. Алардан кийин дагы жыйырмасы – саадагы тайдын белиндей, тартканын жазбас жыласы, бөрү тил мизин чыгарган, учун ууга сугарган алеңгир жаа асынгандар. Булардын оң жагында жыйырмасы – жалаң кылычты кындангандар, сол жагында жыйырмасы – ак күрөөкө соотчон, колдорунда эшик эндүү айбалталары азыр эле чапчуудай, анан – мубакүлдүү сыр найзачандар. Буларды коштой тобун жазбай катарлаш токсон миң аскер жылып келет. Жүрүштү коштой керней үнү бапылдап, сурнай үнү такылдап, жезнай чыгып шакылдап, доол согуп күңгүрлөп, тоо көчкөндөй дүңгүрлөп айбаты башка үн келет. Андан ары заарына киши чыдабас, отуз бөгөлдү жолдош кылып, алды жагынан алты жасоол жол баштап, он эки желдет бош коштоп, жети мыршап астында, үкүнүн жүнүн тактырып, үртүктү кабат жаптырып, маңдайында багы бар, кулагында шамы бар, айбандан артык шаңы бар Аккуланы алкынта минип кылымда жок алп Манас ак мөңгүлүү зоодой жылып келет. Манастын колу аш болор жерге жакындап келгенде Көкөтөйдүн Бокмурун Арчатору тулпарын алдына тартып, сарыдан улак тарттырып, садагасын чаптырып, кызылдан дилде чачтырып тосуп алды. Анын артынан саламдашып салалы, учураша баралы, заарына калбайлы деп Катагандын Кошою, казактардын Көкчөсү, Элемандын Төштүгү, Эштектердин Жамгырчы, Жедигердин Багышы, Жеткир бийдин Агышы, Кара жаак эр Үрбү, Карашактын Жүгөрү – баары улук, баары сегиз кан жете келди. Манастын алдына келип Кошой дөө атчан турду, калгандары жөө турду отуз күнү келбей аткан баатырдан кандай кеп чыгар экен деп. Салам-аликтен кийин Кошой абасы гана үн чыгарып, неге кечиккенин, эми келет, эртең келет деп жатып аскердин баары малды талап жеп атканын, аштын кечигип атканын айтып кейип калды. Ошентип турганда Бокмурун тогуз кара ат жалпоочтоп тартууга келип калбаспы. Атайы арнап ак сарай салдырган экен, ага баштады. Манасты көрсөм дегендер жөөлөп келип, коруганга карабай, таяк жегенге карабай, түртүшүп улам жакын келет. Кара курттай жабыла келген көпчүлүк Манастын дидарын бир көрүүгө куштарланып үйгө чейин жетип, жабыкты түрөт, туурдук тешет. Эл ошентип чурулдашып жатканда Алооке кандын Чагырай деген сынчысы бу кыргыздын паашасы кандай болду экен деп көргөнү келди. Жыртыктан карап Чагырай алп Манасты көрөрү менен көзүн басып калды да, жүрөгү чыгып кабынан, жыгылып кетип жан берди.
Аш башкарылбай жатканда. Бир ай өтсө да аш башталбай, келгендер дуу-дуу болуп атканда, Чагырайдын жүрөгү жарылгандын эртеси түш эңкейип, сарт бешим ооган кезде Бай Жакыптын кызыл туусунун аягын жерге сайылтып, асабасын асманды көздөй жайылтып, ак асаба туу байлап, аркасынан сурнайлап кырк миң кыргыз кол келди, баш жагында Бакай бар. Булардын алдынан Мааникер атына кындыйып минип, бадана тонун зымпыйтып кийип айласы алты кеткен Бокмурун ашка келген адамдын көптүгүн Манаска көрсөтүп, султаным Күн батышын карасам Улабастын учунда, Кызыл-Кыя тушунда, жетиген жагын карасам Чарындын куйган оюнда, Күн чыгышын карасам Кетмендин белинде, ушуларды башкарып бериңиз дейт. Манастын колу Бокмурундан бир союш жебей, бүт өздөрү ала келген. Алып келгендерин жеп, аскер оюндарын калтырбай, аш камын көрүп жатты.
Жолойдун жолою. Отуз күндөн оогон бир күнү калмактын каны, балбан Жолойдун курсагы аябай ачыптыр. Анысы алты батман буудай жеп дан жыттанган, жетимиш алпты бир союп кан жыттанган, таманы каалгадай адам эмес каман алп экен. Атасы бар, бата жок, айтканы бар ката жок, энеси бар, нике жок, туурасы жоон, бою пас, дулдугуй беттүү, өңү саз неме башына малакайын кийип, жанына алты жаң-жуң ээрчитип азыр жеймин деп этсиреп, кемегелүү жер издеп чыкты. Ошол кезде Манас менен Бакайдын келгенине Бокмурун кудайы кылдырып, жылкыдан жүзүктөй жүздү сойдуруп, жүз кемеге ойдуруп, эт карашып турмакка эки жүз жигит койдуруп, эртеси дагы шашкеде миңди сойдуруп, миң кемеге ойдуруп, ар кемегеде бир киши, миң азамат койдуруп койгон кези экен. Андай кылган себеби – көк жал Манас көрүнбө деп көзүмө, азап салам ашыңа, тозок салам тоюңа деп катуу кекеткен экен. Ошол эт бышып атканда келбейби жанагы Жолой, жылкычы Жаңыбайдын кемегесине. Жаңыбай болсо укуругун шиш кылып эт бышырышып жүргөн. Жолой болсо Бокмурунга кекенип, бул ашка чакырып ач койгону неси деп эки кулач бир карыш укуругун алып, эт кайтарган эрендерге баш бербей керүүлөй басып кемегеге барып эле токтой албай, Сукумбек деген баланын казанында былкылдап эми кайнай баштаган карыш казы, кыйма жалга бир карап, табактай болгон этти сайып алды шишине. Сукумбек мындай кылба десе, Жолойдун көзү кетти чекчейип, көкүрөк жүнү сексейип, сакалы кетти түксүйүп, чачы кетти үксүйүп, анан баланы сол колу менен көтөрүп жерге урду да, басып отуруп алды. Бир казан чала бышкан эттин бири калтырбай жалмады, сөөк-сагы да калбады. Экинчи казанга өткөндө эт бышыргычтар ызы-чуу түшүп, Бокмурунду чакыртышты. Бокмурун келсе Жолой турат, бир адам жакын жолобой, мойну бука белиндей, оозунан чыккан илеби улуу белдин желиндей. Бокмурун ачуу менен күүлөнүп барып эле, жолуң каткыр жогол деп, кемегеден эт жеген кейпиң менен куруп кал, ашка атаган бул этти анан кийин жесеңчи деп урушуп кирди. Анын айтканын адырайган дөө Жолой, ат минбеген жөө Жолой же бир тоотуп койсочу. Жолой али баладай көрүнгөн Бокмурундун минип келген атына көзү түштү, ушул ат алакандай бурутка, беш-алты үйлүү журтка ылайык эмес деп өзүнө чактап турду Мааникер тулпарды. Ушинтип ал калмакча булдур-булдур сүйлөнүп, бул атты неге албай жүрдүк деп муштумун түйүп ары басты. Анан Жолой түз барып, кытайдын Коңурбайынын алдында арманын айтып турду: биз тамакка ыраазы болуп, талпайып эле жатып алыппыз, Бокмурун мурдагы күнү Манасын акындарын айттырып, көк бөрүсүн чаптырып, тартууга алдына Арчатору тулпарын тарттырып тосуп алды, бизди эмне андай кылбайт, Бокмурундун Мааникер деген аты бар экен, анын алдында сенин Алгара менен Торайгырың мал эмес тура, мен көргөн дүйнө жүзүндө ошол Мааникерден өтөр айбанда андай жок экен, алы келген азамат ала турган мал экен, белдемчисин байланып, беш калаадан айланып Бээжин барар ат экен, ошол тулпар жаныбар сага ылайык жан экен деп Жолой кытай каны Коңурбайдын канын кызытты...
Манас эпосунан иллюстрация - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2022
Жакыптын баатыр уулу Манаска жар издеши. Улуу баяндан 10 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0