Кыргызстанда депозиттердин көлөмү дээрлик 330 миллиард сомго жетти

© Sputnik / Жоомарт УраимовСом монеталары. Иллюстративдик сүрөт
Сом монеталары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2022
Жазылуу
Акыркы айларда депозиттик базанын көлөмү жаңы рекорддорду коюп келет.
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Ноябрдын аягына карата Кыргызстанда депозиттердин көлөмү 327 миллиард сомго чейин өстү. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтындагы маалыматта айтылат.
Аталган суммага депозиттин өзү (мөөнөтү жана керектөөгө чейинки) жана банктык эсепте турган акчалар дагы кошулган. Кеп юридикалык жана жеке жактардын, ошондой эле чет элдик жарандар салган каражат жөнүндө болууда.
Негизги маалыматтар:
октябрдын аягында — 313 миллиард 499,6 миллион сом;
ноябрдын аягында — 327 миллиард 2 миллион сом.
Башкача айтканда, депозиттик база 13,5 миллиард сомго көбөйгөн.
Анализге ылайык, эсептеги каражаттар 7,3 миллиардга, керектөөгө чейинки депозиттер 3,7 миллиард сомго көбөйгөн. Ал эми мөөнөттүү депозиттердин көлөмү 2,6 миллиард сомго өскөн.
Эске салсак, 2021-жылы депозиттик базанын өлчөмү туруктуу негизде өсүп турган (62 миллиард сомго), ал эми быйыл үч ай катары менен азаюу үстүндө эле (30 миллиарддан ашуун). Андан соң кайра көбөйө баштап, июндан бери рекорддук суммага жетүүдө.
Ведущий специалист сектора финансовой грамотности в НБКР Кубаныч Мусуралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2022
Радио
Мүсүралиев: адам тапкан акчасынын 10-20%ын керексиз нерсеге жумшайт
Жаңылыктар түрмөгү
0