https://sputnik.kg/20221227/mamlekettik-banktar-biznes-chojro-1071508751.html
Өкмөт: өнүктүрүү фонддору жана мамлекеттик банктар бизнес-чөйрөнү өнүктүрүшү керек
Өкмөт: өнүктүрүү фонддору жана мамлекеттик банктар бизнес-чөйрөнү өнүктүрүшү керек
Sputnik Кыргызстан
Төрөбаев эки жумалык мөөнөттө бир катар долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сунуш берүүнү тапшырды. 27.12.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-12-27T10:52+0600
2022-12-27T10:52+0600
2022-12-27T10:54+0600
кыргызстан
экономика
банк
өнүктүрүү
фонд
долбоор
бакыт төрөбаев
сүрөт
https://sputnik.kg/img/07e6/0c/1b/1071508374_357:369:2628:1646_1920x0_80_0_0_5f8545472d21ae16690d549aa95e17d7.jpg
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Өнүктүрүү фондуларынын жана мамлекеттик банктардын жетекчилери бизнес-чөйрөнү өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө активдүү катышууга милдеттүү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди.Анын айтымында, Координациялык кеңештин жыйындары жаңы бизнес-долбоорлорду иштеп чыгуу жана издөө мүмкүнчүлүгү катары эмес, өкмөттүн жумушчу жыйынын өткөрүү катары кабылданууда.Ал эки жумалык мөөнөттө "Билим кенч" жеке менчик мектебин, "Кант шина кайра иштетүүчү заводун", "Фарма Нур" жана "Экобайк" фармацевтикалык компанияларга тиешелүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча негиздүү сунуштарды берүү тапшырмасын берди.Төрөбаев отурумду жыйынтыктап жатып өнүктүрүү институттарына республикадагы макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууга көмөктөшүү максатында иштелип чыккан долбоорлорду кароого жана алдыга жылдырууга активдүү катышууну сунуштады.
https://sputnik.kg/20221227/kyrgyzstan-karyz-toloo-1071499988.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0c/1b/1071508374_474:234:2580:1813_1920x0_80_0_0_e9c09a5b28f3434719653f7e62e6d9bc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, экономика, банк, өнүктүрүү, фонд, долбоор, бакыт төрөбаев, сүрөт
кыргызстан, экономика, банк, өнүктүрүү, фонд, долбоор, бакыт төрөбаев, сүрөт
Өкмөт: өнүктүрүү фонддору жана мамлекеттик банктар бизнес-чөйрөнү өнүктүрүшү керек
10:52 27.12.2022 (Жаңыртылды: 10:54 27.12.2022) Төрөбаев эки жумалык мөөнөттө бир катар долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сунуш берүүнү тапшырды.
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Өнүктүрүү фондуларынын жана мамлекеттик банктардын жетекчилери бизнес-чөйрөнү өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө активдүү катышууга милдеттүү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Координациялык кеңештин жыйындары жаңы бизнес-долбоорлорду иштеп чыгуу жана издөө мүмкүнчүлүгү катары эмес, өкмөттүн жумушчу жыйынын өткөрүү катары кабылданууда.
"Өнүктүрүү фондуларынын жана мамлекеттик банктардын жетекчилери бизнес-чөйрөнү өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө активдүү катышууга милдеттүү. Мен сиздердин демилге жана сунуштарыңызды, ошондой эле долбоордук кеңсе жана Координациялык кеңештин катчылыгы менен тыгыз кызматташууну күтөм", — деди Төрөбаев.
Ал эки жумалык мөөнөттө "Билим кенч" жеке менчик мектебин, "Кант шина кайра иштетүүчү заводун", "Фарма Нур" жана "Экобайк" фармацевтикалык компанияларга тиешелүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча негиздүү сунуштарды берүү тапшырмасын берди.
Төрөбаев отурумду жыйынтыктап жатып өнүктүрүү институттарына республикадагы макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууга көмөктөшүү максатында иштелип чыккан долбоорлорду кароого жана алдыга жылдырууга активдүү катышууну сунуштады.

27 Бештин айы 2022, 09:11