УКМК депутат Эмил Жамгырчиев өлкөдөн чыгып кеткенин айтып, издөө жарыялады

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңешинин депутаты Эмил Жамгырчиев. Архив
Жогорку Кеңешинин депутаты Эмил Жамгырчиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2022
Жазылуу
Эл өкүлү бир айдан бери коомчулукка дайынын билдире электиги айтылды.
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. УКМК Жогорку Кеңешинин депутаты Эмил Жамгырчиев өлкөдөн чыгып кеткенин айтып, ага издөө жарыялады.
Аталган органдын маалымат кызматы билдиргендей, "Альянс" фракциясынын лидери Жанар Акаев депутаттын үйүнөн жана автоунаасынан аудио-видеожазуу жабдуулары табылганы тууралуу айтканын эскертти. Бул факт боюнча УКМК тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, депутат Акаев, Жамгырчиевдин жардамчысы жана бул окуяга тиешеси бар башка адамдар сурак берген.
"Ошол эле учурда Жамгырчиевге текшерүүнүн маңызы боюнча түшүндүрмө берүү үчүн УКМКга бир нече жолу чакырылган. Бирок иликтөө жана ыкчам издөө иштеринин натыйжасында анын жүргөн жерин аныктоого жана атайын техника табылганын тастыктоого мүмкүн болгон эмес. Депутат Эмил Жамгырчиевдин Кыргызстанда жок болгону чек арадан мыйзамсыз өткөнүнөн жана ал башка өлкөдө жүргөнүнөн кабар берет", — деп айтылат УКМКнын тараткан маалыматында.
Ушуга байланыштуу чекисттер депутаттын кайда жүргөнү боюнча маалыматы бар адамдарга УКМКнын нөөмөт бөлүмүнө (0312)660475, (0312)626504 телефондору боюнча кабарлап коюуну өтүнөт.
Белгилей кетсек, депутат Эмил Жамгырчиев 26-ноябрда Казакстанда баратканда чек арачылар ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынганын билдирген. Андан соң аны чекисттер УКМКга алып келип, сурак берип чыккан. Ошол бойдон эл өкүлү дайынын билдире элек.
Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2022
Боорум ооруп Түркияда дарыландым. Айдарбеков жумушка чыгып абалын айтты. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0