https://sputnik.kg/20221127/surabaldieva-ajdarbekov-dajynsyz-ehmil-zhamgyrchiev-1070395010.html
Сурабалдиева: Айдарбеков дайынсыз болуп жатат, Эмил Жамгырчиев УКМКга жеткирилген
Сурабалдиева: Айдарбеков дайынсыз болуп жатат, Эмил Жамгырчиев УКМКга жеткирилген
Sputnik Кыргызстан
Буга чейин Айдарбеков кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча макулдашуу долбоорун колдоо токтомуна кол койбогондугуна байланыштуу Жогорку Кеңештин эл... 27.11.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-11-27T13:54+0600
2022-11-27T13:54+0600
2022-11-27T13:59+0600
эмил жамгырчиев
укмк
чыңгыз айдарбеков
кыргызстан
элвира сурабалдиева
сурак
саясат
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/14/1069172894_0:160:3073:1888_1920x0_80_0_0_0d98a44618fa2f8af27f3bf7a80eb561.jpg
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин “Альянс” фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиев УКМКга жеткирилип, андан соң бошотулганын депутат Эльвира Сурабалдиева "Твиттердеги" баракчасына билдирди.Анын айтымында, "Альянстын" дагы бир мүчөсү Чыңгыз Айдарбековдун дайыны чыкпай жатат.УКМКнын маалымат кызматы азырынча комментарий бере элек.Буга чейин Айдарбеков Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагалыгынан алынган. Ага ишеним көрсөтпөө чечимин үч фракция жана депутаттык топ колдогон.Буга Айдарбековдун комитет жыйынында кабыл алынган кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча макулдашуу долбоорун колдоо чечимине кол койбогону себеп болгон. Ал өз позициясын депутаттарга документтердин толук пакети көрсөтүлбөгөнү менен түшүндүргөн.Андан соң вице-премьер Эдил Байсалов Айдарбековду сынга алып, ал каалашынча каршы добуш бере аларын, бирок комитет мүчөлөрүнүн көпчүлүгү жактырган чечимге кол коюуга милдеттүү экенин айткан.Андан соң ал Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангынан ажыратылган.
https://sputnik.kg/20221124/surabaldieva-menen-tashiev-kayym-aytyshty-1070284425.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/14/1069172894_170:0:2901:2048_1920x0_80_0_0_dc73c7c32dfa8b8fb3ee92d31ada8202.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
эмил жамгырчиев, укмк, чыңгыз айдарбеков, кыргызстан, элвира сурабалдиева, сурак, саясат
эмил жамгырчиев, укмк, чыңгыз айдарбеков, кыргызстан, элвира сурабалдиева, сурак, саясат
Сурабалдиева: Айдарбеков дайынсыз болуп жатат, Эмил Жамгырчиев УКМКга жеткирилген
13:54 27.11.2022 (Жаңыртылды: 13:59 27.11.2022) Буга чейин Айдарбеков кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча макулдашуу долбоорун колдоо токтомуна кол койбогондугуна байланыштуу Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагалыгынан алынган.
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин “Альянс” фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиев УКМКга жеткирилип, андан соң бошотулганын депутат Эльвира Сурабалдиева "Твиттердеги" баракчасына билдирди.
Анын айтымында, "Альянстын" дагы бир мүчөсү Чыңгыз Айдарбековдун дайыны чыкпай жатат.
"Жамгырчиев менен Айдарбеков тажияга катышуу үчүн кетип жатышкан. "Ак жол" постунда Жамгырчиевге башка өлкөгө чыгууга тыюу салынганы аныкталды. Аны УКМК кармап кеткен, кийин бошотушту. Ал эми Айдарбековдон кечээтен бери дайын жок", — деди Сурабалдиева.
УКМКнын маалымат кызматы азырынча комментарий бере элек.
Буга чейин Айдарбеков Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин
төрагалыгынан алынган. Ага ишеним көрсөтпөө чечимин үч фракция жана депутаттык топ колдогон.
Буга Айдарбековдун комитет жыйынында кабыл алынган кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча макулдашуу долбоорун колдоо чечимине кол койбогону себеп болгон. Ал өз позициясын депутаттарга документтердин толук пакети көрсөтүлбөгөнү менен түшүндүргөн.
Андан соң вице-премьер Эдил Байсалов Айдарбековду сынга алып, ал каалашынча каршы добуш бере аларын, бирок комитет мүчөлөрүнүн көпчүлүгү жактырган чечимге
кол коюуга милдеттүү экенин айткан.
Андан соң ал Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси
дипломатиялык рангынан ажыратылган.

24 Жетинин айы 2022, 12:01