Катарда өткөн аалам биринчилигинде 64 беттеш тартууланып, алардын көбү сенсация, эмоция ташкыны менен эсте калды. Беттештердин урунттуу учурларын биздин сүрөт баяндамадан көрүңүз.
Дээрлик бир ай бою миллиарддаган күйөрман төрт жылда бир болчу дүйнө чемпионатынан ырахат алып жатышты.
Катарда өткөн аалам биринчилигинде 64 беттеш тартууланып, алардын көбү сенсация, эмоция ташкыны менен эсте калды. Беттештердин урунттуу учурларын биздин сүрөт баяндамадан көрүңүз.
Аргентиналык Лионель Месси мындай жаңсоону Нидерланддар курама командасынын машыктыруучусу Луи ван Галга жолдоду. Көп жылдар мурун ван Гал Барселонаны машыктырган мезгилде Мессинин кумири Хуан Роман Рикельмеге негизги командадан орун берген эмес. Аягында чыгып гол киргизген соң ушинтип жаңсаган. Месси Рикельмени туурады
Учурдагы дүйнө чемпионатында Криштиану Роналдонун жолу болгон жок. Ал бир гана жолу гол киргизип, плей-офф оюндарында Португалия курамасынын негизги курамына кирбей калды
Франция командасы биринчиликке учурдагы чемпион катары келип, титулун коргоого аракет кылды. Эки ирет катары менен чемпион болуу бактысы 1962-жылы бразилиялыктарга буйруган болчу
Ачылыш оюнунда талаа ээси Катар командасы менен Эквадордун футболчулары беттешти. Эквадорлуктар Эннер Валенсиянын эки голунун аркасы менен дүйнө чемпионатынын ачылышында жеңишке жетишти
Француз футболчусу Рандал Коло Муани дүйнөлүк чемпионаттын жарым финалында Марокконун дарбазасына киргизген голун белгилеп жатат. Франция 2:0 эсеби менен финалга чыкты
Марокколуктар жарым финалда жана үчүнчү орун үчүн болгон оюнда утулуп калышты. Бирок футбол тарыхына өлкө атын жазып кетти. Буга чейин бир дагы африкалык команда чейрек финалдан ары өтө алган эмес
Дүйнө чемпионатынын каармандарынын бири — хорватиялык дарбазачы Доминик Ливакович. Ал эки пенальти сериясында өзүн мыкты көрсөттү: 1/8 финалда япондор менен беттешип, топту үч жолу пенальтиден кайтарды, чейрек финалда бразилиялыктарга каршы бирөөнү кайтарды, бирок бул жеңиш үчүн жетиштүү болду (бразилиялыктар дагы пенальтиден өтпөй калышты). Жыйынтыгында хорватиялыктар коло медалга ээ болушту
Франциянын чабуулчусу Оливье Жиру дүйнө чемпионатында төрт гол киргизип, Франция курамасынын тарыхындагы эң мыкты снайпер болуп калды (53 гол жана Тьерри Анриден эки гол көп)
Нидерланддар чейрек финалда Аргентинага 2:0 эсебинде утулуп калган, бирок андан кийин алмаштырылган голландиялык чабуулчу Вут Вегхорст эки жолу гол киргизип, оюнду кошумча убакытка жеткирди. Беттештин тагдырын пенальти сериясы чечип, анда аргентиналыктар ийгиликке жетишти
Франция курамасынын чабуулчусу Килиан Мбаппе сегиз гол киргизип (анын үчөө финалда), турнирдин мыкты снайпери болду. Бирок бул жеңиш үчүн жетишсиз болуп, француздар титулун коргой албай күмүш медаль менен кайтышты