"Ак илбирстин тукуму", "Сүйүү закымдарын" тарткан Нуртай Борбиевди эскерип...
"Ак илбирстин тукуму", "Сүйүү закымдарын" тарткан Нуртай Борбиевди эскерип...
Sputnik Кыргызстан
Белгилүү кинорежиссер, оператор Нуртай Борбиевдин көзү тирүү болгондо быйыл 85 жашка толмок. Sputnik Кыргызстан агенттиги киночуну эскерип, анын сүрөттө калган... 04.12.2022, Sputnik Кыргызстан
Нуртай Борбиев 1937-жылы 15-январда Фрунзе облусундагы Кызыл-Аскер айылында жарык дүйнөгө келген. Мектепти аяктаган соң Искусство институтун кинорежиссерлук боюнча актаган. Андан соң "Кыргызфильмге" оператордун жардамчысы болуп ишке алынып, бара-бара "Советтик Кыргызстан" киножурналына сюжеттерди тарта баштайт. Кийин "Мурас", "Бак", "Манасчы", "Кыргызстандын койчулары", "Тынчсыздануу", "Дунгандар", "Чаткал", "Кадыржан", "Гүлдастан" даректүү тасмаларына оператор болгон.Ошондой эле таланттуу киночу "Ак илбирстин тукуму", "Сүйүү закымдары", "Шаркыратма", "Азиат", "Маңкурт" көркөм кинофильмдерин камерага түшүргөн.Кыргыз эл артисти 2019-жылы 8-июнда узакка созулган оорудан улам 82 жашында көз жумган.Тема боюнча:— Кино менен театрдын өчпөс жылдызына айланды. Муратбек Рыскуловдун сүрөттөрү — Киношедеврлерди жараткан Төлөмүш Океев. Режиссердун сүрөттөгү ирмемдери
Белгилүү кинорежиссер, оператор Нуртай Борбиевдин көзү тирүү болгондо быйыл 85 жашка толмок. Sputnik Кыргызстан агенттиги киночуну эскерип, анын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Нуртай Борбиев 1937-жылы 15-январда Фрунзе облусундагы Кызыл-Аскер айылында жарык дүйнөгө келген. Мектепти аяктаган соң Искусство институтун кинорежиссерлук боюнча актаган. Андан соң "Кыргызфильмге" оператордун жардамчысы болуп ишке алынып, бара-бара "Советтик Кыргызстан" киножурналына сюжеттерди тарта баштайт. Кийин "Мурас", "Бак", "Манасчы", "Кыргызстандын койчулары", "Тынчсыздануу", "Дунгандар", "Чаткал", "Кадыржан", "Гүлдастан" даректүү тасмаларына оператор болгон.
Ошондой эле таланттуу киночу "Ак илбирстин тукуму", "Сүйүү закымдары", "Шаркыратма", "Азиат", "Маңкурт" көркөм кинофильмдерин камерага түшүргөн.
Кыргыз эл артисти 2019-жылы 8-июнда узакка созулган оорудан улам 82 жашында көз жумган.
"Ак илбирстин тукумун" камерага түшүрүү учуру. Сол жакта биринчи турган белгилүү режиссёр Төлөмүш Океев, анын жанында техникалык адис, камера кармап турган оператор Нуртай Борбиев, четтеги көз айнекчен ассистент Марс Умаров. Кегети капчыгайы, 1984-жыл
"Мурас" даректүү тасмасын камерага тартуу учуру. Колуна тапанча алган СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев, камерасын кармап турган КРдин эл артисти, оператор Нуртай Борбиев жана эки ассистент. Ысык-Көл облусу, 1969-жыл.