Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Манасчы "мүсүрөт" деген сөздүн маанисин чечмелеп берди

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2022
Жазылуу
НовостиTelegram
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздү чечмелеп берди.
"Мүсүрөт" деген бедел, оомат, даңк, аброй дегенди түшүндүрөт. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Манасчы "мүсүрөт" деген сөздүн маанисин чечмелеп берди
Анын айтымында, аталган сөздү бир нече мааниде колдонсо болот.
"Манас баянында "кыргызга келген мүсүрөт", "калкыма келген мүсүрөт" деген саптар көп кездешет. "Мүсүрөт" деген сөз сыймык, оомат, даңк, аброй деген маанини түшүндүрөт. Мындан тышкары, "мүсүрөтү кетүү", "мүсүрөттөн кетүү" деген түшүнүктөр кездешет. Ал атак-даңкынан, беделинен ажыроо, сыймыгынан ажыроо деген маанилерди түшүндүрөт", — деди Талантбеков.
Ошондой эле ал көөнө сөздөрдү колдонуу менен тилди байытууга болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0