00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:53
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
От Чокморова до новых звезд: будущее кыргызского кинематографа
18:06
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Улуттар аралык кастыкты козуткандар мыйзам чегинде катуу жазаланат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кемин шаарында жергиликтүүлөр менен баарлашууда айтканын өкмөттөн маалымдашты.Жолугушууга президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, орус улутундагы коомчулук, Кеминдеги православ чиркөөсүнүн кызматкерлери, укук коргоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты. "Жолугушууда ЖМКларга чиркөөнүн жана жергиликтүү жашоочулардын терезелерин сындырып кетишкендиги жөнүндө жарыяланган маалыматтар жөнүндө кеп болду. ИИМ жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү фактылар тууралуу маалымат беришип, алдыда мындай көрүнүштөрдү болтурбоо аракеттери жүрөрүн белгилешти. Ошондой эле Кемин көп улуттуу шаар болгону менен анда улуттар аралык көйгөй жок экени, жергиликтүүлөр ынтымакта жашап келери айтылды", — деп жазылат маалыматта. Байсалов Кыргызстандагы бүгүнкү күндөгү чоң коркунуч улуттар аралык мамилеге доо кетирүү экенин белгилеп, мындай аракеттерди ишке ашырууну каалагандардын баары мыйзам чегинде катуу жазаланарын белгилеген. Ал ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө бул багыттагы иштерди күчөтүүнү, чиркөөгө колдоо көрсөтүүнү, мындай жагдайларды алдын алуу иштерин уюштурууну тапшырды.
Бишкекте сентябрдан тарта 30 мектепте сабактар жарым саат эрте, тагыраагы, 7:30да башталарын мэриядан билдиришти. Учурда борбордогу 103 мектепте 198 миң 129 бала окуйт. Анын ичинен 7 миң 842 бала Чүйдүн жакынкы райондорунан келишет. Ошентип, күздөн тарта иштеп жаткан муниципалдык мектептердин 42 же 44 пайызы эртең мененки саат 7:30дан баштап окууга өткөрүлөрүн кошумчалашты.Мындан тышкары, мэрия ата-энелерге автоунааларды мектептердин жанынан токтотууга тыюу салынарын, эреже бузгандарга айып пул салынып, эвакуатор алып кетерин эскертти.Эске салсак, шаар бийлиги тыгындарды азайтуу максатында мектептерде саат 8:00гө чейин, ал эми училищелерде жана университеттерде саат 10дон кийин окууну баштоо каралган.
Бүгүн кыргызстандык суучул Денис Петрашов мелдешке чыгат. Париждеги Олимпиада оюндарында 27-июлда 14 медалдардын топтому ойнотулат. Кыргызстандын спортчуларынан биринчилерден болуп Денис Петрашов 100 метрди брасс ыкмасы менен сүзөт. Бул аралыкка сүзүүгө жалпысынан 36 спортчу катышат, алар 5 топко бөлүнөт. Денис Петрашов акыркы жарышта сүзөт. Алдын ала жарыштан кийин жарым финалга күчтүү 16 суучул суурулуп чыгат. Белгилей кетсек, жайкы Олимпиада оюндары Парижде 26-июлдан 11-августка чейин, ал эми Паралимпиадалык оюндар 28-августтан 8-сентябрга чейин өтөт.
ЕАЭБ өлкөлөрү Индия менен кызматташуунун жаңы формаларын, анын ичинде преференциялык соода келишимин иштеп чыгууну кароого даяр. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын соода министри Андрей Слепнев Индиянын соода жана өнөр жай министринин орун басары Сунил Бартвал менен жолугушууда билдирди.Алар ЕЭК менен Индиянын соода кызматташтыгы жогорку потенциалга ээ экенин белгилешкен. Муну жүзөгө ашыруу үчүн соода жүгүртүүнүн түзүмүн диверсификациялоо жана экономиканын түрдүү тармактарында кызматташууну кеңейтүү зарыл."ЕАЭБ мамлекеттери өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жана товарлардын ассортиментин кеңейтүүгө мүмкүнчлүк берүүчү преференциялык соода келишимин иштеп чыгууга даяр", — деди Слепнев.
Жаңылыктар түрмөгү
0