00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
48 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
2 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Бизнес по-женски: страхи, стратегия и формула успеха
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Өлкөдөгү логистикалык системанын келечеги: Кыргызстан транзиттик өлкө боло алабы?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Новая валюта или новая реальность? Зачем Кыргызстану цифровой сом
18:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кыргыз жылкы менен байланышты үзгөн жокпу — жаштар эмнелерди биле жүрүшү керек?
19:06
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Меняющие мир
Горы как школа жизни: разговор с президентом Федерации спортивного туризма Кыргызстана
20:06
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Медициналык камсыздандыруу полисин алган жарандарга дагы кандай жеңилдетилген кызматтар кошулат?
21:05
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Залкарлардын алдында ырдаган Токтосун Тыныбеков. 60 жыл мурунку таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталган сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.
© Фото / из семейного архива Тыныбековых
Солдон оңду көздөй белгилүү комузчу Карамолдо Орозов, төкмө акын Осмонкул Бөлөбалаев, анын артында жаш Эстебес Турсуналиев, төкмө акын Алымкул Үсөнбаев, композитор Ыбырай Туманов, акын, манасчы Молдобасан Мусулманкулов жана колуна комуз кармаган акын Токтосун Тыныбековдун сүрөтү 1960-жылдары Фрунзе шаарында тартылган.
Сүрөттөгүлөрдүн көпчүлүгү филармонияда эмгектенип, атагы алыска кеткен инсандар эле. Эстебес Турсуналиев менен Токтосун Тыныбеков алардан таалим-тарбия алган.
Ал кезди Токтосун Тыныбековдун кызы Клара Тыныбекова мындайча эскерет:
"Атамдын жөндөмүн, талантын Калык Акиев байкап калып Жалал-Абаддан Фрунзеге өзү алып келген. Борборго келгенде Калык атанын үйүндө жашап, филармонияда Осмонкул Бөлөбалаев, Калык Акиев өңдүү кайталангыс таланттар менен сахналаш болуп, Алымкул Үсөнбаевдин катчысы болуп да иштеп калган. Шаарда жашаган жылдары үйгө көп залкарлар келип чер жазып ырдап отуруп кетишчү. Мисалы, Осмонкул Бөлөбалаев көп келчү. Ал киши апамдын таятасы болчу. Тууганбай Абдиев конок болуп бат-баттан каттап турчу. Балалык кылып айткан сөздөрүн, ырдаган ырларын угуп жаттап калбаптырбыз. Азыр ошол учурду эстегенде аябай өкүнөм", — деди Тыныбекова.
Азыр филармониянын эл аспаптар оркестри Карамолдо Орозовдун, Каракол мамлекеттик музыкалык окуу жайы Ыбырай Тумановдун ысымын алып жүрөт. Ошондой эле таланттуу инсандардан куралган чыгармачыл топ "Эл ырчысы Эстебес" деп аталып келет.
Тема боюнча:
Арабадагы Алиман Жангорозова жана аны сүйрөгөн киночулар. Тасмадагы таберик сүрөт
Шакирттеринин курчоосундагы Гапар Айтиев. Ысык-Көлдө тартылган таберик сүрөт
Бакен Кыдыкеева казакстандык "келини" менен. "Саманчынын жолунан" таберик сүрөт
Темиркул Үмөталиев, Гапар Айтиев, Түгөлбай Сыдыкбеков. Таберик сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0