10-ноябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүСаргайган жалбырак. Архив
Саргайган жалбырак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2022
Жазылуу
10-ноябрда өлкөдө абанын температурасы төмөндөйт. Туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Бейшемби күнү республикада жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй +4...+9, Талас өрөөнүндө 0...+5, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +6...+11, Ысык-Көл жергесинде +3...+8 жана Нарын аймагында -1...+4 градус болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +7...+9, Ош калаасында +8...+10 градусту көрсөтөт.
Бишкек жарык муниципалдык ишканасы чырактарды алмаштырууда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2022
Бишкек: көчөдөгү жарык чырактары мурдагы көрүнүшүндөй кылып жасалат. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0