Көзкамандардын келиши, Манастын Акун хан менен бел куда болушу. Улуу баяндан 6 факт

© Sputnik / Табылды КадырбековТеатралдык оюн. Архив
Театралдык оюн. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2022
Жазылуу
Манас баянын улантабыз, буга чейин Манас менен Каныкейдин никелешүүсү, 40 чоронун кыз тандашы тууралуу айтып бергенбиз. Эми жамандыктын башаты болгон көзкамандардын келиши тууралуу баян кылабыз.
Айкөл Каныкейге үйлөнүп, ак өргөөсүн көтөрүп, той артынан той кылып бир топ жүрүп калат. Баатырдын бул атагын көпчүлүк алкоого алганы менен айрымдар көрө албайт: өйдө болсо этектен тартчуулар, ылдай болсо дагы ылдыйга түртчүлөр ар заманда болуп келген экен го, чиркин. Ошондойлор чыгат.
Бул тууралуу улуу баяндын Көзкамандар окуясында айтылат.
Үсөндүн тарых-таржымалы. Калмагы бир жагынан, кытайы бир жагынан, манжусу бир жагынан Ногой кандын балдарын кысымга алганда, үйлөрүн кызыл уук кылып өрттөп, кыздарынын бирин калтырбай талап, эрлерин кул, кемпирлерин күң кылганда Ногойдун Үсөн деген баласынын бири Жууша деген жерге, дөңгө деген элге качып барат. Үсөн өзү жаш экен, жаш болсо да аз гана топко баш экен. Кудайдын иши белем, анын зайыбы төрөттөн көз жумуп, наристе жыйырма төрт жаштагы Үсөндүн колунда калат. Бир жагы качкын болсо, бир жагы адам болор-болбос эркек бала колдо калса Үсөндүн ачуусу келгенби, айтор, балага Көкчөкөз деген ысым ыроолойт. Баланы бага берет, аштык айдап, эптеп курсагын тойгузуп жүрөт. Өлгөндүн артынан өлмөк беле, Субай аттуу калмак кызга нике кыйдырат да, биринен кийин бири жарык дүйнөгө келген алты уулду жаратат. Аларга Чагалдай, Арбалдай, Дөрбөлдөй, Агалдай, Бегалдай, Тоголдой деген ат ыйгарат. Таякелери калмак алты бала менен тайлары кыргыз бир бала, Көкчөкөз бирге чоңоёт. Үсөндүн өз атын атабай эле Көзкаман дешет көпчүлүк. Ошол Көзкаман-Үсөн агасы Жакыптын уулдуу болгонун, анын аты Манас экенин, ал бала баатыр чыгып, аталарынын жери Анжиянды душмандардан бошотконун угуп жүрөт да, ашык-кеми жок жетимиштин төртүнө келгенде Жакып агасы менен анын уулун издеп жолго чыгат. Анчалык ирденбеген белем, жөө-жалаңдап отуруп Алтай ашып, Илеге түшүп, Ала-Тоо көздөй жүрөт.
Үсөндүн эл-жерине келе жатып Манаска кездешүүсү. Манас баатыр кырк жигити менен эчки-кийиктин кени болгон Тарбагатай деген жерде салбуурундап аң уулап жүргөн эле. Ошол кезде аска-зоо башындагы кырк жигиттин бири өзөн бойлой келе жаткан көчтү көрөт. Самсыган көч көптөн бери азып-тозуп келе жаткандай: жарымы жөө, жарымы атчан, аттары араң басат кыбырап, өздөрүнүн бут шилтеши билинбейт, бири-бирине жөлөнө калат жан талаша. Булар ким болду экен деп Манас алардын жообун алат. Сурап келишсе бир аксакалы Жакыптын уулу Манаска бара жатканын, Ногой кандын бир уулу Үсөн экенин айтат. Муну угуп Манас "абакелеп" алдынан тосуп, Кара-Тал деген Тарбагатайдын бир оюна кондуруп, эчки-теке, бугу-марал этине тойдуруп, байтал бээден сойдуруп, эстен чыккыс конок кылат мусапырларды. Алар конок болуп атканда жигиттерин чаптырып, жакын жердеги казактар менен кыргыздардын байлары менен аксакалдарын таптырып, үч жүз мингич жылкы да алдырат, аларды жаңы туугандардын алдына тартат. Ордосуна сүйүнчү суратып, Ала-Тоого ат чаптырат. Ошол кезде катагандар менен тейиттерден жардам сурап чабаган келет. Жол көрсөтөр жигиттерди кошуп берип, Манас өзү колун чакыртып, Ооган жакка аттанат.
Манастын Ооганга барышы. Ушул кезде Ооган каны Түлкү деген катагандар менен тейиттерди кыйнап атканын, а түгүл катагандын кан Кошоюнун Алике деген баласын атасы жокто өлтүрүп таштаганын жолдон угат. Мынча болбогондо катаган менен тейиттер жардам сурап Манаска чабаган жибербейт эле да. Кыргыз колу Ооганга жакын калганда алардын Көгөш деген аяры ат болуп кубулуп келип, кол ичиндеги эң жашын, Көкөтөйдүн уулу Бокмурунду уурдап кетет. Кыргыз аярлары жөн турмак беле, кубулуп барып, Түлкү кандын алты бегин, иниси Акунду баш кылып уурдап келет. Аларды издеп Түлкү кан көп кол менен согуш баштайт, согушка Манастын колу да катуу кирип, кыргын салып калайман көрсөтүп атканда Түлкү кандын бир тууган иниси Акун колго түшкөн жеринен урушту токтотолу, эми жарашалы деп Манаска жалынат. Айкөлүң мындайда не кылмак, Түлкүнү кандыктан кууп, ордуна такка Акунду отургузат. Ал жигит агасындай эмес экен, акыл десе акыл уюган, күч десе күч-кубат уюган бир сөздүү адам экен. Жагып калат. Сөздөн сөз чыгып, илгери үмүт менен Манас баатыр да перзенттүү болоруна ниет кылып Акун кан менен бел куда бололу деп көкүрөк кысышып, ырымдарын кылат. Бокмурунду туткундан бошотуп, эми кетели десе боз бала кыйылып эле туруп берет. Не болгонун такып сурашса, жашабагыр он үчтөгү Бокмурун ордо жатып Түлкү кандын кызын жактырып калган экен. Анысын айтат. Не кыларын билбей, же басып кете албай Ажыбай менен Бакай Оогандын тактан түшкөн каны Түлкүгө барып кызынын колун сурайт, атасы кызынын жаш экенин айтып көнбөйт. Жуучулар кыздын атын айта албай Түлкүгө уят болот. Кийин билсе кыздын аты Канышай экен. Ошондон кийин кыргызда жуучуга барганда эң биринчи кыздын атын тактап сурап алган салты калган дешет. Кызын бербей атса Түлкү, Бокмурун кайтып кете албай атса, не кылуу керек деп айкөлүң төрт миң ат айдатып, жаш кызынын калыңы деп Түлкүнүн астына салып берет. Мындайда кандай ата болсо да ийибей койбойт экен, малга ыраазы болгон Түлкү дароо эле той баштап, балакатка эми жеткен кызын он үчтөгү Бокмурунга кошуп берет.
Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы Манастын жана Каныкейдин эстелиги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.10.2022
Манастын Каныкейге күйөөлөп барып, кагуу жеши. Улуу баяндан 6 факт
Көзкамандарды тосуп алуу. Тарбагатайда жүргөн Манас берген үч жүз көлүктү минип, гүлазыгын алып, айдаган жылкыларын союп, казы менен картага тоюп, Үсөн туугандын көчү да кирип келет. Эл дүрбөп, жигиттер алдын алыстан тосуп, тозуп кеткен Ногой кандан тараган туугандарды урмат менен айылга киргизет. Алардын арасында Атемир кызы Каныкей да бар, ал жубайынын жаңы туугандарын жүз мал союш алып, сүйүнүп, алдынан күтүп алат. Өрүлүктөтөт. Келгенде аттан түшүп ийилип таазим кылат. Кыргыздардын катын-калачынын, аксакалдарынын ичинен "бул келгендер бизди теңсинбедиби же өздөрү ушундайбы – баш ийкеп эле коюп, төш тийиштирип жакшы учурашпады, текебер немелер экен" деп күбүрөгөндөрү да болду. Жүк түшүрүп, баштарынан суу айлантып, үй тигишип жүргөндөрдүн ичинде Манастын эки катыны, Карабөрк менен Акылай да жүрдү. Шоорук кандын кызы Акылай келгендердин балиттигин бир айтып, кийген кийимин эки айтып, жүрүш-турушун үч айтып болбойт, антсе аны Каныкей акылы тетик эрке катын эмеспи, кой эми деп тыйган болот. Карабөрк болсо калмактын кызы да, тигилер менен калмакча сүйлөшүп, калмакча тамак кылып берип, алды-артына түшүп, аларды да жактырат, өзү да аларга жагып алат.
Көзкамандарга арнап той берүү. Оогандан кайтып келери менен Манас абакеси Үсөндүн жети баласы менен жергесине жеткендин урматына той баштайт. Ар бирине короо-короо кой, үйүр-үйүр жылкы, саап ичер бада берет. Астыларына шырдак, килем, аюу талпак, илбирс жакөндөс салып, үй тикелейт. Анан кыргызча кийим, башына ак калпак кийгизип, мурда кийип келген калмакча кийимдерин отко жактырат. Боор эти менен тең болуп калган кайкалаган калмак калпактарын, калмак өтүктөрүн, жакасы жок көйнөктөрүн өрттөткөнгө ичи кошо өрттөнөт көзкамандардын. Ичинде Манаска деген бир дүпүйгөн кир калат, бир ачуу кек калат. Кечинде өздөрүнчө отуруп, биз ушунча жерден ушул Манас деп келсек, мунун эмне кылганы, ордун эми биз ээлеп, кайрадан калмакча кийимдерди киебиз, муну кандай да болсо жок кылабыз деп кекенет. Булардын ары-бери кыймылынан, кылган-эткенинен, шыбырашкандарынан шек санап жүргөн белем, Каныкей байына айтат, булардын түрү бузук, түсү суук, сага бир жамандык көрсөтүп жүрбөсүн дейт. Айкөл анда да элебейт, катындын айткан сөзү деп кенебейт.
Көзкамандарды Ат-Башыга көчүрүү. Инилери менен шыбыр сөздү бышырган Үсөндүн кыргыз катынынан көргөн Көкчөкөз бир күнү Манаста не кабар бар экен деп кан ордого кирип келет уурданып, кытмырланып. Жаңы тууганы келгенде ордунан туруп, берер тамагын, жакшы кебин аябай тосуп алган Манастын бул кылыгы анын корккону деп түшүнөт Көкчөкөз. Анын ал-жайын сурап атканда Манаска ысыкка көнө албай кыйналып жатканын, элден оолак, бийик тоолуу жакка көчүп алалы деп суранат. Жамандык ойдо жок Манас даанышмандарына акыл салып, бир ойго келип, аларга Меңдибай сыяктуу эл жакшыларынан кошуп берип, мал-жанын дагы көбөйтүп, Ат-Башы деген жерден жай тандаттырат да, ошол жакка көчүрөт. Ээн жер, ары жагы калмакка жакын, Манаска каршы кол топтосок да болот деп көзкамандар ичинен кымылдап, жайы салкын, жайлоосу тегиз, малы эгиз, суусу мол Ат-Башыны жердеп калат, калмак журтунан, Жуушадан Манаска ыктап келген көзкамандар.
Каныкей композициясы. Сүрөтчү Майрамкул Асаналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2022
Манас менен Каныкейдин никелешүүсү, 40 чоронун кыз тандашы. Улуу баяндан 5 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0