Манастын Каныкейге күйөөлөп барып, кагуу жеши. Улуу баяндан 6 факт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргыз улуттук филармониясынын алдындагы Манастын жана Каныкейдин эстелиги. Архивдик сүрөт
Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы Манастын жана Каныкейдин эстелиги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.10.2022
Жазылуу
Манастын Каныкейге чейин Карабөрк, Акылай деген аялдары болгон.
Кудага барууга ашыккандар. Атемир кандын кызы Санирабийганы Жакып бай жактырып, кыздын жолдугун кылып келген соң Манастын тууган-уругу, он эки уруу кара кыргыздар кандын кызды алуудан качырып калыңга деп салган эбегейсиз көп малын топтоп ийишет. Анан кудалыкка барар, алыс жолго жараар адамдар, мал тандалат, дүйнө-мүлк жыйналат. Калайыктан көпчүлүк "Манаска куда болуп мен барсам" деп уйкудан калат кыялданып. Күйөө болор жигитти жандап сыйда сакал, кер мурут жигиттерден он эки миңи тандалды, Жакып кайнатаны коштоп жашы толгон, сакалы куу болгон тогуз миң киши турду катарда, Шакан-Чыйырды кудагыйдын чачпагын көтөрүп, акыл кошуп, алыс жолдо эрмек болор тогуз жүз кемпир топтолду. Кырк чоронун ар бири миңден киши алса, алар кырк миң болуп калыптыр. Комузчудан жүздү, кернейчиден үчтү, сыбызгы менен чоорчудан отуз жетини, сурнайчыдан алтымыш жетини алды. Кырк үйдөн бирден кой чыгарса алары отуз миң болду, жүз нар, айрыдан эки жүзү турду тирелип, кайда жүрөрүн билбей алыска карай телмирип. Үч миң жылкы жолго чыгарын жүрөгү сезип, кошкуруп короолорго тирелди. Жол азыгы деп токсон бээ, тогуз байтал союшту. Көпчүлүктү башкарып Көкөтөй баатыр демденет, мал башчысы Баймырза менен Жанай санагын улам такташат.
Он үч күндүк узак жол. Кернейлери бапылдап, дап согулуп дапылдап, сурнайдын үнү такылдап, чилмардан кагып шакылдап, жезнай үнү ызылдап, сыбызгы үнү тызылдап көпчүлүк Атемир кандын калаасын көздөп жолго чыкты. Жылкылар кишенеп, койлор маарап, уйлар мөөрөп, төөлөр желип-жортуп көчтөй болуп көөлгүп барат кудалар, куда болчу жакшылар. Ойду-кырды басышты, ашуулардан ашыкты, дайраларды кечишти, биябан чөлдүн кумун малташты, ошентип кудалар кербени үйдөн чыккандан он эки күн, он эки түн жылып өттү. Он үчүнчү күндүн кечинде тоодон түшкөн улуу журт Кейип деген шаарга келип жетти. Жүгөрү деген бирөөсү келе жаткан калың колду көрүп, жан-алекетке түшүп Атемир канга кабар кылат. Муну угуп Атемир аскерлерин жыйдырат, аскери анын кырк миң экен, кыйласы келип топтолот, душманга каршы ок болот. Ушул кезде үч элчи: Ажыбай, Чалыбай, Кутунай коркуп турган Атемир канына келет. Булардын өзүн көрүп, сөзүн угуп Атемир баягы куда болом деп кеткен чал келген экен деп жаны жай алат.
Кыз калыңы. Ошентишип турганда койлорун чуурутуп айдап кой башчысы Коңурат отуз миң кой-козу айдап "кой башчысы кайда булардын, бул койлорду киргизип албайбы" деп кирип келет. Кара курттай койду көргөндө кыйбалыктар кыжылдап, тажиктин баары быжылдап бул семиз койдун баары сатылат бекен, мал базарга түштүбү деп биринен бири сурашат. Анан эле калаага Бакай, Кыргыл чал, Каратоко Мажиги, Камбар уулу Чалиги – бешөө кирет. Үч миң жылкы айдашып, дагы бир топ келет. Жылкычы башы Саламат, анын жанында Үмөт, Жайсаң, эр Чубак, Серек, Сыргак, Калкаман – алтоо "жылкычылары кайда экен, жылкыларын санап албайбы" деп шаштырат. Бир убакта тогуз жүз уй айдап, уй башкарган Делдеши келет бакырып, мүйүздөрү каркайган, өгүздөрү даңкайган, букалары өкүргөн кара малын каптатып. Артынан эле кийинки топтор келди, үч жүз төөнү айдашып, төөлөрүнүн бирлери айры өркөчү селкилдеп, ач бөйрөгү бүлкүлдөп, арасында нар буура. Булар анан төөлөрдү өткөрүп, алар төөчүлөрүн таппай турушту. Төө башчы Отор кыйкырат. Алтымыш миң эли бар Атемир кандын Кейип-Бадаң шаары кылкылдаган мал менен ары-бери кыйкырынган жанга толду. Атемирдин күйөөлөп келген Манас менен иши болбой малды карап, колу бошобойт. Арадан бир күн өтөт. Экинчи күнү кечинде ачууланган алп Манас кыжырданып Ажыбайды "барып билип кел, адамды билбеген ант ургур кандай неме экен, аземдеген бейбагын аныктап тактап билип кел" деп жиберет. "Жолдогу сакчыларга жамбылардан берип кел, жолум тазалансын, кызы жалынса жанын коёрмун, жаман болсо жай билбес жаткан жерге соёрмун, акылын аңдап билермин, акылы кем жан болсо кара боорун тилермин, капкасынын оозуна тирсегинен илермин" дейт. Деп алып, өзү бир орунда тура албай, жүрөгү дегдейт, ак күбөсүн кийип, Аккуласын минип кызга тез жеткиси келет.
Манас эпосунан иллюстрация - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2022
Жакыптын баатыр уулу Манаска жар издеши. Улуу баяндан 10 факт
Манастын Санирабийга жаткан жерге кириши. Ажыбай шырп алдырбай акырын Маматбекти шерик кылып, Санирабийганы кайтарар жетөөнө жети жамбы алып жетип барат. Жетөөнүн артыкчасы Нааркүл деген акылман катын экен, аны ойготуп, Ажыке бал тилге салып отуруп, калган калча кароолдоруна да жамбы берип, баатырдын жолун ачып берди. Ордунда тура албай калган кыраан Манас жыла басып, толкундап, оозгу бөлмөгө жетет, отуз чырак жапжарык кылып туруптур, андан ары алты парда бетинде, алтындалган тактада, алтымыш кабат пактада жайнап жаткан экен Саани кыз. Ошондо Арстан Манас жөн тура албай, жүрөгү түрсүл согуп кыздын койнуна алп колун салып иет. Чочуп кеткен Саани бул чакыртылбай келген адамды көрдү, караса көзү жута тургандай, бой-келбети шып тирейт, өңү айбаттуу, эми бир шумдук. Билсе да Санирабийга белмексенге салып, жети катын канизектерден, шырп алдырбас кароолдордон, эшиктин алдындагы көлдөн кантип өткөнүн, атакесинин ак ордосуна кантип кирип келгенин сурап, "эркек кадам койбогон эшиги ачык ак сарай жойлоп кирген сен кимсиң, ойлонбостон иш кылып жандан кечкен сен кимсиң, алтын барда көшөгө, боосун чечкен сен кимсиң, жаткан Рабийгага колду салган сен кимсиң?" деп келип, дагы-дагы көп нерселерди айтып чуу чыгарат. Ажал өлүм келе электе жай кетип калышын суранат. Мындайда Манас жөн турабы, атасы анын калыңына айры өркөчтүү нар бергенин, жер жайнаган мал бергенин, алтын, күмүш зар бергенин, эми аны алганы келгенин, аты Манас экенин, ашепке артык сөз айтса, башына акыр заман саларын айтат. Анын жанына кадам сайын карк алтынын чачып келгенин, ат бойлобос кара көлүн кечип келгенин, казын каркылдатпай, сазын шарпылдатпай, кууларын куркулдатпай бугуп келгенин айтат, баркымды билер жарым деп өзү келгенин, ортосу жыпар бардасын беттеп келгенин, ак чүчтөдөн көйнөгүн ачып келгенин айтат.
Рабийга кыздын Манаска айтканы. Манас ошондой деген соң кыз "асыласың келип тим, аты-жөнүң, өзүң ким, жайыңды айтчы өзүңдүн, жалыны чыгат көзүңдүн" дейт кишиге тике карап. Баатыр кайраттана түшүп аты Манас экенин, кыргыздан башына бак-дөөлөт орнотконун айтып мактанып кирет. Ошондо кыз ачуусу менен минтет: "Сен кыргызда Манас болсоң, мен Кыйбада Рабийгамын, кыйылып кетер жаның, төгүлүп кетер каның, атым Манас деп жүрөсүң, менин нөөкөрүмдүн аты да Манас, жөөкөрүмдүн аты да Манас, бакарчым аты да Манас, бакалчым аты да Манас, малчымдын аты да Манас, жалчымдын аты да Манас, башымды кантип көмөйүн, аты Манас экен деп айтканга кантип көнөйүн, атамдын үйүн булгабай азыр кетип жөнөгүн!". Ушинтти да ачууланган кан кызы колуна канжар алды, анысын мыжыга кармады да, Манаска шилтей берерде ал кача бергенде канжар сол билекке тиет, билектин көк тамырын канжар тилет, шыркырап кочкул кан агат. Жаны ачыган алп Манас Санирабийганы көөдөнгө тепти эле кыз көмкөрүлүп кетти. Сулуунун беш кабыргасы сынды, бетин басып ыйлап кылды. Арстан Манас аскерлерине канын куюлтуп жете барып, урушка чакырган добулбасын кактырды, колдун баары кошулуп, аттарына асылды. Урушка кирди жабыла, калааны көздөй агыла, Бай Жакып менен Көкөтөй токтото албай кыйкырат. Алардын үнүн ким угат. Бир убакта карашса алтымыш ат тартуу алып Атемир өзү келе жатыптыр. Тартуу менен келе жаткан кандан өтө албай, кара кыргыз кылычын кынга киргизип токтой калды. Атемирдин айтканын аткарып, кырк чоронун баарысын, Кыргыл, Бакай карысын коноктоп бектери бөлүп кетти. Булардын Манас менен иши жок. Санирабийга менен кабарсыз. Экөө эки жакта. Кыз өзү басып келет деп, кечирим сурайт деп Манас ачуусун жута албайт.
Манас баатырдын айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2022
Манастын жери Талас деп аталышы, Алмамбеттин келиши. Улуу баяндан 6 факт
Манастын жиндениши. Атемирдин эли конокторду тосуп жүрөт баарылап, жекендос менен баяндос, атилес көрпө, ак мамык жерге салышып. Кыргыздар боз үйдө жашайт деп Атемир бакчасын четтен кыйып, алтымыш уста алдырып, Манаска атап боз үй салдырыптыр, алдыларына төшөөгө төрт жүз кийиз таптырыптыр. Ошол кезде Манасты эч ким карабай арстандай кеңгиреп, каары чыгып өңүнөн, эки күн жатты эңгиреп. Кырк жигиттин Манас менен иши жок, кыз кылыгына куштарланып жаткандыр деп жүрүшөт, ар нерсе айтып күлүшөт. Калаалыктар кудалап келген кыргыздарды кан баккандай багышты, оюн-күлкү салышты. Анан туруп бирөөлөр Капия деген катынды алдап-соолап күйөө баланы көрүп чык деп жиберишет. Капия келип караса, күйөө бала эмес эле бир балээ тургандай. Анан качып барып, катындарга как желмогуздун өзүн көргөнүн айтып эстен тана жыгылат. Алты катын биригип, калтырагын басып, Санирабийгага барыптыр. Ошол кезде Бакай баш болгон кыргыздын кыйындарынын бир тобу да жаш кыз менен ойноп отургандыр деп Манастан кабар алганы жөнөйт. Ар кимден сурап Манастын сарайын табат. Кирери менен жинденген Манас Бакайды төрдөн туруп көмө түртүп ийиптир, Кыргылга кошо Алмамбетти уруптур, Сыргакты алып көтөрүп Ажыбайды көздөй ыргытыптыр, Сереги менен Кутубийин уруптур. Жаны ачыган Эр Серек, керек кезде ачуусу келе калчу Жаш Серек жинденип аткан Манаска карап "ачууга сабыр кылбаган акылың тайыз кем белең, ачуулана тургандай алуучу жарың мен белем, кайратыңа жөндөп кел, калың берип, мал чачкан катының беле мындагы эл" деп, дагы-дагы көп сөздөрдү катуу-катуу айтат. Серектин айткан кебине баатыр жыгылып турду. Ошол кезде Манастын оң бөйрөгү болк этти, алып кел деп, Аккула атты алдырып алды тулпарын. Үйгө кирип жоо жарагын кийинди. Баатыр үйдөн чыкканча Бакай бул жер кыргыз эмес Кыйба экенин, кыйырында тажик кыйла экенин, буларды кыргын калбаш керектигин Манастын колуна эскертип үлгүрөт. Болбой эле Манас урушка кирди, артынан кырк баатыры жөнөдү, "бейкут жаткан Кыйбаны, бейкүнөө уруп кыйланы", уруш ачып жиберди. Атемирге "күйөөңүз адамдын баарын кырды деп" кабар жетет. Ак сарай ызы-чууга түшөт, "ант ургур кандай күйөө деп" калаалыктар эч нерсени түшүнбөйт. Бул күйөөгө кызыбыз барды беле, кыз-кыркын тамак жеткирди беле деп сураштырып кирет анан даанышмандар ар кыл ой жооруп. Ошондо анан Манас күйөө баланы "кылайып көргөн бир жан жок, ачка таштап, кыз барбай, кыйыгына калыппыз, кылымга түйшүк салыппыз" деп чырдын башын түшүнүшөт. Болбой эле кырк жигит көрүнгөндүн баарысын кырып келе жатыры, набайлардын тандырын, дүкөнчүнүн дүкөнүн күлгө айлантып атыры. Муну угуп Атемирдин асыл жары Акмама кызы Санирабийга сулууга жалдырап айтат, баарын ажалга салып бердиң деп урушуп да айтат. Саани кыз апасына карады, алдынан чыгып эми мен аны кайтарамын деп шердене жөнөдү.
Теодор Герцендин Манас эпосуна тартылган иллюстрациясы. Каныкей - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2022
Кыргыздардын Каныкейдин калыңы үчүн мал чогултушу. Манас баянынан 7 факт
Торжественная церемония открытия этногородка в урочище Кырчын - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2022
Көкчөнүн кутумчулардын тилине кирип Алмамбетке эрегиши. Улуу баяндан беш факт
Жаңылыктар түрмөгү
0