Манас менен Каныкейдин никелешүүсү, 40 чоронун кыз тандашы. Улуу баяндан 5 факт

© Фото / предоставлено Майрамкулом АсаналиевымКаныкей композициясы. Сүрөтчү Майрамкул Асаналиев
Каныкей композициясы. Сүрөтчү Майрамкул Асаналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2022
Жазылуу
Кыз алам деп келген Манас жосунсуз жоругу менен Каныкейди иренжитип алып кагуу жеп, кайнатасынын калаасын кыйратып кетмек болот.
Манастын никесине кирүүгө Санирабийганын аргасыздан макулдук бериши. Энесинин айтканын эки кыла албай, Саани кыз кара кыргыз канына турмушка чыгууга көнөт. Башына алтын жыга тагып, айдай жүзүн жаркытып, жыпар жытын балкытып, күрөөкө тондой жылт этип, күдөрү тондой былк этип, күкүктөй үнү шыңк этип, тургандарга карап "барча тажик журт үчүн, Кыйба шаары кырылбаш үчүн Манас деген кыргызга кыйылбай барайын" дейт. "Бали!" дейт эли. Анан жанына кырк кызын алат, Акылбайыс баш болгон атасынын алты бегин ээрчитет, желегине жарашуунун белгиси деп ак жоолук байлайт, алтын челекке азелдүү шербет куюп алат. Ушундай кылып ак тилек, таттуу тамак менен каптап келген кыргыз колунун астынан тартынбай чыгат. Эң алды дайымкыдай Бакай менен Кыргыл чал келе жаткан экен. Октолгон мылтык атылбай, сунулган кылыч шилтенбей, кыздын кылганына түшүнбөй, кыңк этпей келип токтоду кыраан кыргыз жигиттери. Булар эмне турат, салбайт беле кыргынды, көрсөтпөйт беле Атемир кызына ал билбеген кызыкты деп артынан ачуусу келген Манас барат шаша-буша. Санирабийга анын алдына жакындайт да, сизди коркутуп койгон колуктуңдун мүнөзү, кыялыңды билмекке кыз жарың сени сынады, мында чыдабай кеткен айып да сенде, сынап ийген айып да менде деп келип, айтар сөзүн мындай деп улайт: "Кара башым чын тартуу, канкорум, сенин жолуңа, түйүндү, төрөм, чечиңиз, дүүлүккөн ачууң кечиңиз, таарынып элди кыйратпай, талабыңа жетиңиз. Кана таарынган менен неттиңиз, кайнатаңдын калаасын, талкалап таштап кеттиңиз, эл бүлүндү, чабылды, не мураска жеттиңиз?".
Санирабийганын Каныкей аталышы. Саани кыз тиштерин жаркылдатып, үнүн шаңкылдатып, Манастын Аккуласына жакын барып чылбырдан алат. Муну көрүп, кызды көрүп жинденген Манастын жини күбүлүп, кыз сөзүн кайтарбай, кырып ий деп айта албай туруп калат жалдырап. Ошол кезде жакын турган Абылкасым жезделеп келип Манаска "кандайлыктан, жездеке, капилет калкка бүлгүн салдың, эми биз нени айтсаң да көнөбүз, Санирабийга баланы никейиңе бердик, кан баласы канышаны никейиңизге алыңыз. Кыйба тажик баарыбыз кандын никейине өткөнүнө күбөбүз дегенде Бакай аба, Кыргыл чал кошо жарышып күбөгө өтүп ийишет. Абылкасым айтканда кандын никейине өттү деп кыргыздар менен кыйбалыктар жабыла Санирабийганы Кан никейи, Каныкей атап ийишти.
Күйөө балага сый. Атемир кан умачтай көзүн ачып, уучтаган колун жазып, балдарга батасын берип, жолуна деп жүз миң дилде чачтырды, үч нарга кызыл дилде жүктөттү, күйөө болор балага атап тиккен жошо кошпой сырдаган, үзүктөрүн кылдаган, ууктарын учтаган, туурдуктун баарысын учуга менен тыштаган, түндүгүн алтын чаптырган, зымдар боодон тактырган кырк бир отоо үйүн чечип, Кашар-Дөбө оюна, кара суунун боюна тиктирди. Каныкей ушундай болорун билген белем, астына машаты килем салдырыптыр, ичине барча, буулум, дүрүйө жааптыр, мамык жаздык коюптур, атлес, шайы, тубардан алты жүз жууркан жыйдырыптыр, алтын чайдоос-даңкандан алтымышын алып барган экен. Муну көрүп кара кыргыз жакшылары айран калды он алты жашар кыздын кылган-эткенине. Булардын үйүнө жандашып кыркалай кырк үй тигилип, кырк бийин кызматка чегериптир. Кырк үйгө бойго жеткен мүчө-сыны келишкен кырк кызды отургузуптур.
Манас эпосунан иллюстрация - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2022
Жакыптын баатыр уулу Манаска жар издеши. Улуу баяндан 10 факт
Жар тандоо. Тойго нагыра кагылып, чилдирман чалынып, ак сакалдуу уламадан алтымышы отуруп, никеге кутпа окулду. "Манастын баатырлары кыздарга аталып тигилген үйлөргө кирип кыз тандасын, жактырса – алсын, жактырбаса – калсын" деди уламалар сөз улап. Анда Манас "кыз тандап отурбай дөбөгө чыгып барып, ат жарышып түшөлү, алдын келгендер бирден кызды ээлеп кете берсин" деген сунушун айтат. Муну макул көрүп ат жарышы башталды. Жаш баладай биринен сала бириси кыздар үчүн чуурашты. Алдын келди Алмамбеттин Сарала, дароо эле Аруукенин ак өргөөсүн тандады, андан кийин отуз беште Бакай Көзмончогу менен чаап келип Нааркүл деген кыздын үйүнө кирди, андан кийин Сыргак келип Саягүл деген сулуу, зымпыйган сулууну жандады. Ажыбай Карала аты, Кутубий Акбакайы менен, иши кылып улам келгени улам кыздардын өргөөлөрүн өбөктөп киришти. Мындай иш болгон эмес кылымда, мындай жарышты ким көрүптүр буга чейин кыргызда. Ала-Тоодон келген жигиттер кыйбалык кыздарды бир-бирден тандап, бир-бирден жандап туруп калды арбалып, бирден ургаачыга кармалып. Эң акыры арстан Манас жете келди далбаңдап. Ошол кезде "ак сарайдан буралып, ак маралдай суналып, ак чүчтө кийип чубалып, сандыргасы санда жок, салтанаты жанда жок, улук бейил анда жок Санирабийга чыгыптыр, ыргала басып теңселип, Аккуланын дүбүртүн алыс жерден угуптур". Кыз чыгып эле Манаска атынын күлүк экенин айтат, канжар тийген колуңуз айыктыбы деп сурайт, кыздардын аяк жагында турсам да, бактысына табылганын айтып, оюна койбой оодарып оёндун атын алат. Үйүнө киргизип, Найманадан алдырган алтымыш көөкөр аркытына күчала туурап салдырган экен, анысын, күчтүү тарткан арагын, жез челекке куйдурган, жети меште шарабын, шекер менен шербетин, балы менен кантын, сексен түрдүү нанын, жая менен жалын ак дасторконго жайнатып койду. Манас эле эмес, кыргыздын жигиттерин жаңы тапкан зайыптары менен кошо чакырды үлпөтүнө. Эртеси күн батарда кыздар да, жигиттер да кечээ жарышта туура эмес жар тандап арманда калган болбосун деп, баатырларды ары алып барып, кыздардын көзүн таңып, эми дагы табышкыла дешти эле, кыздар ошол-ошол жигиттерди тандашты. Үтүрөйгөн кара кыз Алмамбетти кармады, Атемирдин кызы Манасты жандады. Эми жигиттердин көзү таңылды, жигиттер жарларын табышы керектиги жарыя айтылды. Дагы эле ошол – биринчидей, экинчидей, бири-бирин издешпей табышты, табышкандары менен катар тура калышты. Алмамбет менен Арууке бири-бирин жактырбайт, ага карабай Аруукени Каныкей "менден да артык акылы" деп аябай мактап салат. Алмамбет Аруукени албайм деп айныганда Манас кайра ачууланып, Алмамбет үйлөнбөй кетсе Кыйбанын баарын кырып таштап кетемин, эч кимин эч кимибиз албайбыз деп чыгат. Кыргыздын аксакал-көксакалы Манасты көндүрө албай айлалары алты болот. Муну көрүп турган, атайын кыр көрсөтүп куник болуп алган, сүйлөгөндө кечеленип алган, Арууке аяр өз калыбына кайтат. Көрсө, ал сулуунун сулуусу, акылдуунун акылдуусу экен. Аны көрүп Алмамбет жүрөт кымылдап.
Той шааниси. Каныш кыз атасынын эчен жыл топтогон казынасына төрт жүз катын жиберди, буулум, бута, атлас, шайы, машуроо, барча, кымкап, дейилде, торгун, дүк, доолон, соолон, чүчтү, санам, дүрүйө, дагы-дагы эл билбеген маталар, кийим-кечелер жайнап кетти. Бейкасамдан беш жүзү коюлду, жууркан менен көрпө, жакандосу, килеми жыйылды. Кыздардын энелери сепке деп тапкан-ташыганын алып келди, ар бири отуздан жууркан кошушту. Табышкандарга үч катар нике байланды. Кырк күн, кырк түн той болду. Ат чабыш, күрөш, найза сайыш, жамбы атмай деген кыргыз оюндарынан мелдеш өтүп, кыйбалыктарды таң калтырды. Алты шаардан ар уруудан, ар элден конок чакырылды. Той тараарда эки миң атанга сеп жүктөлдү. Карылар алакан жайып жүздөрүнө бата тартты. Шакан байбиче баш болуп Ала-Тоодон барган тогуз жүз катын Каныкей баш болгон кыйбалык кыздарды көчүрүп жөнөдү.
Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы Манастын жана Каныкейдин эстелиги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.10.2022
Манастын Каныкейге күйөөлөп барып, кагуу жеши. Улуу баяндан 6 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0