"Бишкек жарык" ишканасы 140 млн. сомдук зыян келтиргени аныкталды

© пресс-служба мэрии города Бишкек"Бишкек жарык" муниципалдык ишканасынын кызматкери. Архив
Бишкек жарык муниципалдык ишканасынын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2022
Жазылуу
Муниципалдык ишкананын айрым кызматкерлеринин ишине юридикалык баа берүү үчүн материалдар укук коргоо органдарына берилген.
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. "Бишкек жарык" муниципалдык ишканасында 140 миллион сомго жакын акча жетпей калганы аныкталды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, 2022-жылдын 21-сентябрынан 20-октябрына чейин мэриянын борбордук аппаратынын аудит бөлүмү ишканада ички аудит жүргүзгөн.
Текшерүүнүн жыйынтыгында жалпы суммасы 139 589 700 сомдук мыйзам бузуулар аныкталган. Анын ичинде:
эмгек акыны негизсиз төлөп берүү. Ошондой эле штаттык бирдиктерди негизсиз көбөйтүү менен ишкананын бюджетине 95 604 000 сом зыян келтирилген;
мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө 6 432 900 сом өлчөмүндө мыйзам бузуулар аныкталса, анын 1 114 000 сому жасалма келишимдерден келтирилген зыяндар;
адистештирилген жабдууларды ижарага берүү үчүн каражаттарды негизсиз эсептен чыгаруудан 27 870 400 сом зыян келтирилген;
берүүчүлөрдүн ишканага жашырылган дебитордук карызы 5 642 800 сом;
кассалык операцияларды жүргүзүү, эсептик жана негизги каражаттардын жетишсиздиги бөлүмүндө 3 916 100 сомдук бузуулар аныкталган.
Мэрия текшерүүдөн өткөн мезгилде документтерге кимдер кол койгонун да айтып, алардын аты-жөнүн сайтына жарыялаган. Муниципалдык ишкананын айрым кызматкерлеринин бул аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн материалдар укук коргоо органдарына берилгени кошумчаланды.
Акча санап жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2022
Прокуратура: "Чыгыш электрдин" кызматкерлери айлыгын көтөрүп алган
Жаңылыктар түрмөгү
0