Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Германияда миңдеген адам бийликтин Украина боюнча саясатына каршы митингге чыкты

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүГерманиянын желеги. Архив
Германиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2022
Жазылуу
Дүйшөмбү күнү кечинде Саксония, Тюрингия жана Саксония-Анзальт шаарларында көчөгө чыгышкан.
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Германиянын чыгышындагы шаарларда Украинадагы кризис жана энергетика тармагы боюнча федералдык өкмөттүн саясатына каршы эл демонстрацияга чыкты. Бул туурасында DPA агенттиги укук коргоо органдарына таянуу менен жазды.
Миңдеген киши дүйшөмбү күнү кечинде Саксония, Тюрингия жана Саксония-Анзальт шаарларында көчөгө чыгышкан.
"Бир катар шаарларда алар Украина кризисинин кесепетине, күйүүчү майдын кымбатташына жана федералдык өкмөттүн саясатына каршы пикирин билдирүүдө. Полициянын маалыматы боюнча, нааразычылык акциясына жети миңден ашуун адам катышты. Ири демонстрациялар Эрфурд, Магдебург жана Лейпциг шаарларында өттү", — деп жазган германиялык агенттик.
Нааразылык акцияны "Левые" жана "Германия үчүн альтернатива" партиялары уюштурган. Полиция билдиргендей, бул ирет Pegida популисттик кыймылы дагы жүрүшкө чыккан.
Германияда энергетикалык оор кырдаалга байланыштуу митингдер тынбай өтүп жатат. Ишемби күнү Берлинде жана башка шаарларда 20 миңдей адам көчөгө чыгып, калктын кирешеси аз катмарына жеңилдиктерди берүү, турак жайдын ижара акысын көтөрбөө, байлык үчүн салык салуу, газ менен көмүрдөн көз каранды болбош үчүн энергиянын кайра жаралуу булактарын колдонууну кеңейтүү талаптарын коюшкан.
Украинанын президенти Владимир Зеленский. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кыш өтө оор болот! Зеленский элине кайрылды
Жаңылыктар түрмөгү
0