Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Карасартов: өлкөдө жеңил өнөр жайды өнүктүрүүчү үч ири долбоор ишке ашууда

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономика жана соода министрлигинин жеңил өнөр жайын өнүктүрүү секторунун башчысы Талантбек Карасартов
Экономика жана соода министрлигинин жеңил өнөр жайын өнүктүрүү секторунун башчысы Талантбек Карасартов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.10.2022
Жазылуу
Экономика жана соода министрлигинин жеңил өнөр жайын өнүктүрүү секторунун башчысы Талантбек Карасартов Кыргызстанда жеңил өнөр жайды өнүктүрүү боюнча үч ири долбоор ишке ашырылып жатканын айтты.
Жеңил өнөр жайы текстиль, кийим жана тери өндүрүшүнөн турат. Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, үстүбүздөгү жылдын тогуз айында текстиль тармагы 1 миллиард 400 миллион сомдук продукция, 4 миллиард 403 миллион сомдук кийим-кече, ошондой эле 278 миллион сомдук булгаары өндүрүлдү. Бул тууралуу Талантбек Карасартов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Карасартов: өлкөдө жеңил өнөр жайды өнүктүрүүчү үч ири долбоор ишке ашууда
Анын айтымында, өндүрүлгөн товардын 90 пайызы ЕАЭБ мамлекеттерине, өзгөчө Россия менен Казакстанга (136 миллион сомдук продукция) экспорттолот.
"Жеңил өнөр жайды өнүктүрүү боюнча негизги долбоорлордун бири — Чүй облусундагы Военно-Антоновка айыл округунун аймагында тикмечилик тармакты өнүктүрүү максатында салына турган заманбап технополис. Ал 10 миң кызматкерге ылайыкталып, анда 40ка жакын ишкана жайгаштырылат. Бул жерде тигүү ишканалары гана эмес, тери, трикотаж буюмдарын, бут кийимдерди, аксессуарларды жана фурнитураларды чыгарууга да болот. Кийинки долбоор Ош шаарындагы "Кыргыз Текстиль ЛТД" индустриалдык паркы жети миң жумушчу орунга эсептелген. Биринчи этапта тигүү ишканаларын ишке киргизүү, экинчисинде текстиль ишканаларын ишке киргизүү, даяр продукцияны чыгаруу менен пахтаны өндүрүү жана иштетүү каралган. Текстиль фабрикасы кийим-кече, трикотаж буюмдарын, ошондой эле кездемелерди жана тикмечиликке керектүү буюм-тайымдарды чыгарат. Дагы бир долбоор Чүй облусундагы Silk Way индустриалдык паркы. Мында кийим-кече, текстиль жана бут кийимдерди чыгаруу боюнча адистештирилген 112 фабриканы куруу мерчемделген. Долбоордун жалпы баасы 200 миллион долларды түзөт жана ал ишке ашыруунун баштапкы этабында турат", — деди Карасартов.
Ал учурда Ош шаарындагы "Кыргыз Текстиль ЛТД" суткасына 55-60 тоннадай текстиль, жип чыгарып жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0