Манастын жери Талас деп аталышы, Алмамбеттин келиши. Улуу баяндан 6 факт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүМанас баатырдын айкели. Архив
Манас баатырдын айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2022
Жазылуу
Бул сапаркы баянда айкөл Манастын Таласты жердеши, Алмамбет менен Манастын биринчи ирет кездешкени жана достук, бир туугандыктын башталышы тууралуу кеп болот.
Манастын ууга чыккысы келгени. Бир бейшемби таң менен Арстан Манас баатыр шаң менен аккелтесин асманга атты, баң менен. Мунусу анын башкаларды мында келгиле деп белги бериши эле. Эмне болуп кетти деп кырк жигити алдына тизилди. Не кызмат деп какайып туруп калды. Ошондо Манас "беш ай бекер жаттыңар, тамактан башка иш кылбадыңар, эки жакка жылбадыңар, айың менен ушак айтышып силер турганда, мылтыктын ичин дат басты, аттар семирип кулан болду, эми кийик уулап ууга чыгалы, адырдан аркар аталык, алтымыш айры бугу аталык, кызыгына баталык" дейт. Бул айтканга Бакай, Кыргыл чал баары колдоп ынанды, жан казандарын асынып, Анжиян, Алай, Кашкар талаасын аралап уу кылмак болду. Урушарга жоо жок, урунарга тоо жок калганда минтип аңга чыкты кырк жигит. Аларга төрөнү ээрчип дагы төрт жүзү кошулду.
Аң уулоо кызыгы. Кийик уулоо Бадандын башы Текестен башталды. Эки күндө беш жүздөй кийик, он эки айры бугу атышты, аябай кумарга батышты, буту-колун жазышты. Капкара кулжадан элүү төртүн сулатты. Мастан аюу дегенден жетөөнү, жолборстон сегизди атты, марал атты, бугу атты, илбирс менен чөө атты, ийри моюн төө атты. Ала-Жууку, Үч-Ташка жетти. "Өлүүсү чирип дөң болгон, өрүгү чирип көң болгон, жер кайыбы өм болгон, алчасы чирип дөң болгон, алмасы жатып көң болгон Саяң-Жайлак, Ара-Көлдө болду. Он беш күн болгондо Чаначты ашып өтүп Көтөлөк деген жерге келди. Бөлүнүп учкан казы көп, каркылдап учкан казы көп, ат жортпогон тулаңы, ар тараптан сандаалап агып түшкөн булагы көп бир жер экен, көз тийгидей. Мынча сонун жерге калмактар ат койгон экен, Манас айтат, "калмактын атын жоёлу, кыргызча ат коюлу". Анда Бакай акылман "Бул жердин аты Талас болсун, Таластын ээси Манас болсун" деп жиберет, ага баары макул болот. Ошол жердеги Бото-Мойнокко баатыр Кошой туу байлайт, боз байталды соёт, келгендин баары эт-боорсокко тоёт. Бул жерде Манас баатыр алты күнү жатат да, көк жайык сары өзөн Чүйгө карай жол тартат.
Алмамбеттин жол азабы. Көкчөдөн көңүлү калган Алмамбет чыканак жерге салбай, чырм этип уйку албай, жол ката белин чечпей, эрини чарт кесилип, аты чөп жебей, чөп жесе да көп жебей, өткөн күндөрүн эстеп элсиз, журтсуз ээн талаа, эрме чөл аралап келе берди. Артымдан издээр агам жок, артта калган балам жок, таянарга тагам жок деп миң кайгырат, эми кайда барып баш катам деп сарсанаа болот. Жолдо келе жатса алдына ызгыч куш келип конуп калат, ошондо ага айтат: "Ызылдаба ызгыч куш, ырасын айтсам ушул иш, тызылдаба ызгыч куш, чынын айтсам ушул иш – канаттуудан сен жалгыз, какшыган чөлгө бүтүпсүң, кара башта мен жалгыз, кайыры жок элге бүтүпмүн, кылып кыйла пайданы, кызматым жерге житипмин, куйруктуудан сен жалгыз, кубарган чөлгө бүтүпсүң, жумуру башта мен жалгыз, куруган элге бүтүпмүн, куруп келем жапжалгыз, кубанычым жерге житипмин, уяң менен ишим жок, учурарга кишим жок, ушу жерде мен өлсөм кишим түгүл, жаныбар, улуп калар итим жок". Ушинтип арманын боздоп айтат, сыздап айтат. Ошондо ызгыч куш учуп келип, Алмамбетке бир тиет. Буга ачууланган жолоочу коломсого кол салып, ызылдаган ызгыч кушту канатка атты. Куш Алмамбеттин алдына түштү. Кармап көрсө алы жок, алы тургай жаны жок. "Алыңа карабай адамга неге катылдың, өз өлүмүңдү өзүң сурап алдың" деп аны жемелеп жатып, өзүн да ажалдын тонун мен кийдим деп айыптайт. Анан эле тонун чечип жарадар ызгычтын канатына кайнатма кара дарыдан сыйпап, канатты тал жибек менен чырмайт. Боз жер деген дөңгө чыгат, ал жер азыр Ак-Эрмендин ою, Ашмаранын бою аталып калган, ошол жерден ызгычты учурат да, артын карайт.
Торжественная церемония открытия этногородка в урочище Кырчын - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2022
Көкчөнүн кутумчулардын тилине кирип Алмамбетке эрегиши. Улуу баяндан беш факт
Алыстан Манас менен Алмамбеттин бири-бирин көрүшү. Артын караса алыстан-алыстан Манастын тобу көрүнөт. Манас да алыстан жалгыз караанды көрөт, дароо эле ойлойт, "түштө тапкан кылычым, түштө көргөн жолборсум ушул тура" дейт. Алмамбетти узактан көрүп эле "кызыл түктүү пил экен, кыраан эрдин бири экен, алыскы ишти ойлонгон акылмандын бири экен, айбатына жан түтпөс, баатырлардын бири экен, кең көкүрөк, сом далы, туткандын чыгар далдалы, балбандардын бири экен, кездешкенин мент кылып, алгандардын бири экен, азуусу албарс, уу тырмак, арстандардын бири экен, айбаты менен ааламды, баскандардын бири экен" деп дагы көп сөздөрдү айтып Алмамбетке баа берет. Тегерек-четине жетине албай үнү үйдөй таш жарып "сүйүнчүлөп" кыйкырат. Бул келе жаткан киши бизге көл-дарыя ырыскы болот, аздырбай алып калалы, жергебизде жүрсө жектебейли, осол көрүп кектебейли, чогоолдук кылса көтөрөлү, кейишке салса кечирели деп эскертип өтөт.
Алмамбетти сыноо. Анан Алмамбетти сынамакка Эр Манас белине таңар беш баатырга – Күлдүрдүн уулу Чалыбайга, күлдүргүчү Ажыбайга, сырттаны Сыргакка, акимдин бири Кутунайга, Акбалтанын Чубагына ушул жолоочунун капыс жолунан чыккан каракчы болуп, атын жыгып алгыла, тоноп тонун алгыла, алдыма айдап келгиле деп буйрук берет. Аларга ошону айтып коюп, жигиттеринин эки жүзүнө ордо аттырат, кыркына чатыраш ойноттурат, тогуз-онун бириктирип тогуз коргоол салдырат, жыйырмасына топ таш аттырат. Алмамбет келсе саламына алик албагыла, ордуңардан турбагыла, оюнуңарды бузбагыла, "кытайдан келсе казакка, казактан калса азапка, кыргыз дагы шек берип калбайлык кара мазакка" дейт. Жигиттерине тигил келгендин өзүнө ат менен кирип салам айтпашын, жөө киришин тапшырат. Беш баатыр жолоочунун алдынан мылтык атып, добул согуп, жеп ийчүүдөн бакырып чыга калат. Ой баскансып Алмамбет тигилерге чил учтубу да дебей, карап да койбойт. Бешөө аны карап таң калат, ананчы, ушундай да адам болот экен да, жолдон азган бир жолборс экен, жологонду тим койбос экен. Найзасы – колдо, албарсы – белде. Беш баатыр ызылдап барганы менен жакын жолой албай токтолот, кайрат-күчү жайык маңдай, жазы төш Алмамбетти көргөндө өзүнчө эле жок болот. Манастан кем эмес немеге беш баатыр салам айтып кошо бастырып калат. Кудай бизге бериптир, Манаска шерик келиптир деп Сыргак астына түшөт. Кебелбеген Алмамбет тигил бешөөнү адам катары санабай ээрчишип Мойноктун белинен ашып түшөт. Келишсе ордо аткандар, чатыраш ойногондор, кумалак салгандар бири да салам айтмак түгүл бурулуп карап койбойт. Манастын отурган чатырына элүү кадам калганда паашасынын буйругуна ылайык Алмамбетти атынан түшүрүп, жөө кирүүсүн айта албай айлалары куруйт. Эшигине жакын келгенде Ажы бий Алмамбеттин чылбырына колун жеткирди да, "сары алтындын кенисиз", "кадамыңыз кут болсун, каалап мында келипсиз, кадыр алда жар берсе, калың кыргыз журтуна карашуучу шериксиз" деп мактап келип, "каныбызга ат менен салам берген болбостур, улук да болсоң, кичик бол", "андай кылбасак төрөбүздүн ачуусу жаман, баарыбыз көргүлүктү көрөбүз, төрөбүздүн колунда өлөбүз" деп жөө басышын суранат. Ошондо Алмамбет бир убакта ким болгонун, ошол дөөлөт кеткенин, ушинтип ушул абалга келгенин айтып өксүйт. Ажы жылоодон алат. Алмамбет кирип барганда баары салам айтып туруп калат. Ал Бакай аба менен учурашып, Манас менен көрүшүп, төрдөн – экөөнүн ортосунан жай алат.
Алмамбетке – сый. Аңгыча кымыз келет. Өзөгү өзөрүп турса да, келген аякты Алмамбет Бакайга сунат. Бакай ооз тиет, кайра Алмамбетке келет, ошондо Алмаң ачкалыгын билдирбейин деп аз гана жутат кылт эттирип. Болбой эле бою талыкшып, кымыз өзөгүнө түшүп, уйку басып, дене боюнан тер кетип, анан кайра туруп өзүнө келет. Ошондо Манас акырын кайсыл элден экенин, кайсыл жерлик болорун, ат жарагы, кийген кийими бүт кытайча экенин, аты не, атасынын аты не экенин сурайт. Муну угуп турган Алмамбет барарына жери жок каңгып жүргөнүн, оң караган киши издеп ооп жүргөнүн, алын билер киши жоктугун, кара башын өлүмгө даяр кылып койгонун, чылбырын үзгөн тулпар экенин, жем салган акырына жетпей жүргөнүн айта муңканат. Турагы Анжы-Манжы, Таңша, Киричте, Кентун шаары экенин айтат, ата-тегим аркы атам аты – Чылаба, Чылабадан – Солобо, Солобо уулу – Соорондук, Соорондуктун тун баласы – Алмамбет деген мен болом дейт. Муну угуп отуруп Шер Манас "Аркайган бийик Ала-Тоо, ак марал кууп ким ашпайт, айкын талаа, узун жол, адашса жолун ким баспайт, чакырса келбес Чын каны, чыйрыма келип турганы, кааласа келбес Каканчын, кашыма келип калганы, кутман келип, кут келип кудайдын берип салганы" деп сүйүнүчүн билдирет. Манастын буйругу менен Алмамбеттин алдына өзүнүн алтын ээр куюндан бүткөн жаныбар Аккула атын, ортосу болот, оозу албарс Аккелте мылтыгын, албарс учтуу сырнайзасын, алтын саптуу ачалбарсын, ак күбө тонун алып келишет. Буларды Каканчын-Бээжин жерине кетсе ала кетсин тартууга дейт. Аккулага кошо сыйга берилүүгө Маралтору буудан, Кызкара, Ачкула, Торуча бедөө көй күлүк турат. Артынан Кокондуктун Кошчабдар, Койчумандын Карасур, буларга кошо Сарала – баары тогуз ат камдалды бир Алмамбетке. Сары улак садага чабылды, кызыл алтын, дилдеден кырк миңи анын төбөсүнөн ылдый чачылды, алты челек сары майды башынан айлантып, алтымыш итке төгүп берди, кийик менен кой союп, алардын этин Алмамбеттин башынан тегеретип, канаттууларга чокутуп садага кылды. Анжияндын сарала жибегинен, Букардын дүрүйөсүнөн сарпай кийгизди. Ошондо Арстан Алмаңдын аккан жашы тыйылды, көңүлү жаркып сүйүндү. Тартуулардын ичинен бир гана Сарала атты аламын, калганын кайта беремин деди. Ага Манас болбойт, баарын ал, кааласаң кал, кааласаң кет дейт. Экөө көпкө тартышат. Алмамбет же турам дебейт, же кетем дебейт. Ат чабыш кылышат Алмакеңдин келиш урматына. Ат чабышта башчы болуп, Бозуул он жети жигит алат. Биринчи келгенге – жети, экинчиге – үч, кийинки үч атка – эки байге сайылат. Бир убакта чапкан аттар көрүнөт, эң алдында буту тийген жерлери жер очоктой казылып, жөө тумандай жазылып бир ат келет, карашса – Алмамбеттин Сарала. Кырк чоронун баарысы, Кыргыл, Бакай карысы Алмамбет деп чуу салат, Алмамбеттин көңүлүн бир көтөрүп дуу кылат. Жигиттердин баарысы Алмакелеп турушат, колуна суу куюшат, көзү менен бир болот, сөзүн эки кылышпайт, кылчакташып жанынан бир кадам да жылышпайт. "Кетсең мына жети жигитти ала кет" дейт Айкөлүң. "Кетсең, кетип түңүлдүк, турсаң, тутуп сүйүндүк" дейт Ажыке. Ошондо Алмамбет "ырас, мени тур десең ынтымак сурайм көбүңдөн, кудай берсе ынтымак, куусаң кетпейт, ырыс- бак, мени коё салыңар, ынтымактуу жүрмөккө бата кылгын баарыңар" деп алакан жайып жүзүнө тартып, Манастын элинде, баатырдын жанында аны менен тең, эгиздей жүрүүгө макулдук берет. Манас буга аябай ичтен сүйүнөт...
Алмамбет баатыр. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2022
Алоокенин Анжияндан кетиши, Алманбеттин жеринен качып чыгышы. Улуу баяндан 6 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0