Кыргыздардын Каныкейдин калыңы үчүн мал чогултушу. Манас баянынан 7 факт

© Теодор ГерценТеодор Герцендин "Манас" эпосуна тартылган иллюстрациясы. Каныкей
Теодор Герцендин Манас эпосуна тартылган иллюстрациясы. Каныкей - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2022
Жазылуу
Манас баатырга жар боло турган кызды атасы Жакып бай өзү издейт.
Манастын атын укканда... Манас баатырга жар издеп жүргөнүн атасы Жакып айтып салары менен Атемир кандын даанышманы Абдыкалык аксакал чочуп кетти, угуп жүргөн да айкөлдүн даңазасын, жүрөгү кабынан козголуп, акырын жылып чыга качты. Чыгып эле шашылып Атемир канга барды. Барып эле кыргыздан бир киши аты жок жөө келгенин, анан анын таарынып, урушуп атканын, бул уруш бир балакет иштин башталышы экенин кабарлайт. Анын сөзүн угуп отурган Атемир кылымда киши жеңбеген элден келген мейманды тез кабыл алып, зыяпат көрсөтүп, коноктоого буйрук берет. Анан бектерин, кеңешчилерин бүт чакырып Жакыптын келген жөнүн, булардан кыз ала турган уулу Манасы ким экенин сүрүштүрөт. Дагы Жакыпка барып кайсыл кызды жактырганын сурашат. Ошондо Жакып Санирабийга деген кызды келин кылып алууну туура көргөнүн айтат, ушул кыз уулума да жагар дейт. Эртеси Жакып Саанини дагы жакындан көрөт, Атемирдин өз кызы экенин угат, угуп алып аябай кубанат. Жакыптын айтканын Атемирдин беш беги канына кабарлап, "беребиз десек түк болбойт, алар бизге ылайык эмес, бербейбиз десек, Манасы келип акыр заман салат" деп коркушат.
Атемирдин бир чечимге келе албай кыйналышы. Жакыптын өз кызына келгенине көзү анык жеткен Атемир кан жети мыршап чаптырып, шаардагы бектерин, казы менен муптусун, удайчысын чакыртат. Букар менен Кейип жерин жердеген буларга Манас деген бир балаа көз артып калганын, алар Алтай менен Жылдыздан келгенине аз жыл гана болгонун, ошол Манастын атасы Жакып мында жүргөнүн, жамандык менен келбегенин, жалгыз кызы Саананын колун сурап келгенин кабарлайт. Кыз бербей узатсак алардын ач бөрүдөй алышарын, арманы жок салышарын да кошумчалайт. Атемирдин сөзүн муюп уккан көпчүлүк элейип үнсүз турду мелтиреп. Арасынан акылгөйү чыгып, "ырысы жокко доочу, ырыстууга жуучу келерин", кыз бой жетип, он алты жарым жашкы келип калганын өкүмдарга каңкуулайт. Бул Манасы канчада болду экен, канча катын алды экен, ошого ушул тал чабыктай кызды бермек белек, ошону үчүн жуучуга келген кузгундай чалды "бербейбиз" деп кесе айтпай, калыңга деп ар кайсыдан айтып төлөй албас арбын мал салалы да, аркалык куу башты качыралы дейт. Атемирдин жанында отурган Абдыкалык, Акылбайыс, Түлөөбек, Абдылкасым, Шаатемир, дагы-дагы башкалар ушул акылды макул көрдү.
Манас эпосунан иллюстрация - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2022
Жакыптын баатыр уулу Манаска жар издеши. Улуу баяндан 10 факт
Атемирдин Жакыпга жолугушу. Ичинен кытмыр ой ойлоп, Атемир ата уулунан алты жүзүн чогултуп мейманканада жаткан Жакыптын алдына келет. Ал кезде байдын алдына кара кыргыздардан Акынбек уулу Меңдибай, Атайдын уулу Бөкө, Алыбек уулу Жөкө да ат багар эки кулу менен келип калган экен. Ошол чакта Атемирдин адамдары панжадан канча салалы, төөдөн канча салалы, аспиден канча салалы, келеден канча салалы, көспенттен канча салалы, шуудурдан үчтү салсак, жылкыдан жүздү салсак, беш жүз кой бер десек, бакардан отузду салсак, эркек менен ургаачы эки кул алсак, куу чалдын эсин оодарып кайра келген жагына салсак дешип масилет курат. Жамбыдан алалык, кызыл алтын салалык, аларды миң дейли десе, бири ушул тоолук кыргыздарда алтын болмок беле деп шылдыңдайт. Буларды угуп отуруп Атемир, эл айткандай Темир кан, "силерде кымындай акыл жок экен, менин кыз берер көөнүм жок, айтканыңарды оңой эле төлөп койсо не кылабыз, кыргыздын малы көп болот" дейт да, өз баасын бычат. Ал айтканы: "алтымыш шуудур, ошол шуудур төөнүн отузу башы кара, башкасы ак болсун, отузу эркек болсун, жамы бети кара, өңгөсү ак болсун, эркек болсун отузу, жамы бою капкара, жалаң башы ак болсун, беш жүз жылкы салабыз, ошол аспиден маңдайында агы бар, тумшугунун үстүндө нокто кескен тагы бар кара аттан жүз болсун, капкара болсун куйругу, өнө бою ак болсун, жоору жок, чаар болсун, ак, карадан неме жок, кыпкызыл болсун жээрде, кара куйрук, ак атты кайдан табам деп бу чалдын көөнү дак болсун, элүү деп эсеп салыңар, чабдар менен торудан жыйырма бештен алыңар, эки-үч асый бакардан элүүнү актан салыңар, кара болсун букасы, карадан элүү алыңар, актан бука салыңар, өңкөй таргыл өгүздөн элүү өгүз салыңар, кара ала өгүз жыйырма беш, сары ала өгүз жыйырма беш, эки жүз бакар салыңар дейт. Эки миң көспант салыңар, миңи кара, миңи ак болсун, кызыл алтын дилдеден, кыргыз билбес дүйнөдөн, кырк миң дилде салыңар, жамбыдан бир миң алыңар", ушинтип кыргыз эмес, аркы кытайды кошо да төлөй албас салык салып качыралы деп таажысын кийип Бай Жакыптын алдына барат. Атемир менен Жакып салт боюнча жакшы учурашат, Жакып келген жөнүн бүт айтат. Балабыз жаш эле дейт Темир кан. Он алтыдан ылдыйкылар жаш болорун, бу кыздын жаштыгы өткөнүн кыйытат ак сакалдуу Жакып Бай. Канча баласы бар экенин сурайт. Кан эки кызы, үч уулу бар экенин, чоң кызы Адирабийга бара турган байына барганын айтат. Ошол кезде Жакып Акымбек уулу Меңдибайды карай салса, байынын айтканын көз ирмемден түшүнгөн Меңдибай куржундан бир шаңшуур жамбы алып жете келет, Жакып кулдукка берүүгө шаңшуурдун чоңунан онду алды, чочпарадан онду алды, тай туяктан онду алды, муну бата аяк деп Атемирдин алдына коё салды.
Манас баатырдын айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2022
Манастын жери Талас деп аталышы, Алмамбеттин келиши. Улуу баяндан 6 факт
Бата аякты бөлүштүрүү. Атемирдин ата уулдары баары чогулуп, соогат, салам үмүт этип анын ордосуна киришти. Кан алтын жамбы мага калсын, калганын бөлүп алгыла деп отуз жамбы чыгарды. Кыргыздын салтын билбесе да ушундай болор деп Жакыпка кызыл кымкап дейилде үч сарпай, башайы менен бейкасам тогуз сарпай кийгизди. Жарашып куда болушту да, иши жүрүшкөн Жакып бай жолго чыкты.
Баатырлардын түш көрүшү жана аны Бакайдын жорушу. Жакып айылга келгенде Манас, Алмамбет болуп көп жигит Кара-Тоого уу кылганы кеткенине жети күн болгон экен. Ошол ууда жүргөндө алардын баары түш көрөт, Алмамбет түшүндө чекеси кетик толгон Айды колуна алып, аны койнуна салыптыр, Манас да түшүндө чекеси кертик толгон Ай көрүптүр. Кырк жигит, Кыргыл чал, Бакай кары – баары толук Ай көрүптүр түштөрүндө. Муну Бакайга жорутушат. Ал айтат, Манаска Ай тийгени – ала турган жарыңдын акылынын жетиги, чекесинин кетиги – башка чукак болушу дейт. Башкалардын толук Ай алышы – баарынын жарлуу жана балалуу болору, Алмамбет менен Манастын кетик Айы көпкө балалуу боло албай жүрүшү деп жоруйт. Манастын түшүндөгү Айынын аягында толушу анын баласынын көптө табылып, элине ээ болушу дейт. Он бир күн арадан жылып өтүп, көп кумарга батып, акыры үйлөрүнө кайтышат, түшүн айтпай эч кимге, тилдерине катышат.
Жакыптын жыйын курушу. Манас менен Алмамбетти аң уулоодон келери менен Жакып Абыкени жөнөтүп, өзүнө чакыртат. Кыз тапкан окшойт деп экөө тез жетип келет сүйүнө. Алардан беш күн мурда эле Жакып бул кабарды элине салган экен, кыйындын баары менен сүйлөшүп алган экен. Дагы топтолду Жакып байдын жакындары. Анан ал Алмамбет келген бала үчүн ааламды кыз издеп кезгенин, Чаржуй менен Букардан таппай, Самаркандан, Ташкенден кыдырып, Жанардын белин ашканын, балдары үчүн кыз издеп далай жолду басканын, анан Арсуу, Кейип деген жерге келгенин, алардын эли кыргыздардан көп жыл мурда мусулман болгон тажиктер экенин, алардын ургаачылары эркекке жакын турбасын, каны Атемир, Абылкасым иниси, кенжеси Шаатемир экенин, Абыл, Кабыл, Жанадил деген үч эркектин ичинде улуу кызы турмушка чыгып кеткен Адирабийга экенин, башы бош кызы ою терең, дене бою келишкен Саани кыз экенин, ошого бата аягын бергенин, дагы бир кайып кызына Алмамбетим алса деп ага да көңүлү ооп келгенин айтат ичи толгон кебин эли менен, балдары менен бөлүшүп баракелде Бай Жакып.
Торжественная церемония открытия этногородка в урочище Кырчын - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2022
Көкчөнүн кутумчулардын тилине кирип Алмамбетке эрегиши. Улуу баяндан беш факт
Кыздын калыңын жыйноо. Жакып кебин бүткөндө Акымбектин Меңдибай Атемир жолдук кылган он эки сарпайды көтөрүп келип ортого коёт. Ата уулдун балдары, он эки тайпа бир-бирден кийит алат кубана. Ортодон оолуккан Манас алардын салты кандай экенин, калыңга мал салган-салбагынан сурап ийет атасынан. Анда Жакып аларда кыздарга калың албаганын, ушул жолу кысталышта бизге алып келесиңер деп далай мал, эсеп жетпес алтын, жамбы салганын, алар кандай мал экенин, кандай мүлк экенин эрикпей бир-бирден эстеп айтып берет. Кайын атаң карыганда мени калжаңдатты, эми тапсаң, ошол кызды аласың, таппасаң каларсың дегенде Манас калкын карады, куда болордо ага-иниден кошумча болор кыргыздын наркын эстеди. Отургандар обдулду, ак баш кара төөм бар деп алты жүз он төрт киши кеп айтты, ак маңдай кара жылкыдан алты миңге жакынды алыңыз деп баарысы Эр Манасты такыды, кара куйрук ак жылкыдан жок дегенде беш миңдейин берербиз деп чыкты он эки тайпадан чогулган көпчүлүк. Дагы-дагы айтышты. Ошентип бир эле күнү ыкыбалдуу эл, ырыстуу журт калыңга деп кыз атасы айткан малдан үч эсе артык чогултуп ийди...
Алмамбет баатыр. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2022
Алоокенин Анжияндан кетиши, Алманбеттин жеринен качып чыгышы. Улуу баяндан 6 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0