Өз киндигин өзү кескен Касымалы Баялинов. Сүрөттө калган ирмемдери
Өз киндигин өзү кескен Касымалы Баялинов. Сүрөттө калган ирмемдери
Sputnik Кыргызстан
Быйыл кыргыз эл жазуучусу Касымалы Баялиновдун 120 жылдыгы белгиленүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги калемгердин архивдик сүрөттөрүн сунуштайт. 15.10.2022, Sputnik Кыргызстан
Касымалы Баялинов 1902-жылы 25-сентябрда Ысык-Көл районунун Көк-Мойнок айылында жарык дүйнөгө келген. Эрте эле ата-энесинен ажырап туугандарынын колунда чоңойгон. 1916-жылкы Үркүндө 14 жашар Касымалы эл менен кошулуп Кытайга качып Октябрь революциясынан кийин мекенге кайтып келип Кочкордо малай болуп жүрүп, 16 жашында Токмокко жөө келген. Ошентип эптеп жан багып аскердик бөлүмдө ашпозчунун жардамчысы, дарыканада дары-дармек ташуучу болуп эмгектенген.17 жашында комсомолдун катарына кошулуп Ташкенттеги алты айлык советтик-партиялык курста окуган. Билимге суусаган жигит андан соң алты айлык педагогикалык курсту, Алматыдагы казак педагогикалык техникумун, Москвада Бүткүл союздук журналистика институтун аяктаган.Болочоктогу калемгер алгачкы ырларын 18 жашында жазып, казак, татар тилинде чыккан. 1926-жылы "Ажар" аттуу аңгемеси биринчи жолу жарык көрөт. Кийин "Бакыт", "Кыйын өткөөл", "Курман жылга" повесттерин, "Боордоштор", "Көл боюнда" романдарын, "Түлкү менен суу", "Чабалекей менен жылан", "Шаифтин аңгемеси", "Мурат" аттуу аңгемелерин жаратып, котормочулук менен да алектенген. Кыргыз эл жазуучусу 1979-жылы 3-октябрда 77 жашында дүйнө салган.Тема боюнча:
Быйыл кыргыз эл жазуучусу Касымалы Баялиновдун 120 жылдыгы белгиленүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги калемгердин архивдик сүрөттөрүн сунуштайт.
Касымалы Баялинов 1902-жылы 25-сентябрда Ысык-Көл районунун Көк-Мойнок айылында жарык дүйнөгө келген. Эрте эле ата-энесинен ажырап туугандарынын колунда чоңойгон. 1916-жылкы Үркүндө 14 жашар Касымалы эл менен кошулуп Кытайга качып Октябрь революциясынан кийин мекенге кайтып келип Кочкордо малай болуп жүрүп, 16 жашында Токмокко жөө келген. Ошентип эптеп жан багып аскердик бөлүмдө ашпозчунун жардамчысы, дарыканада дары-дармек ташуучу болуп эмгектенген.
17 жашында комсомолдун катарына кошулуп Ташкенттеги алты айлык советтик-партиялык курста окуган. Билимге суусаган жигит андан соң алты айлык педагогикалык курсту, Алматыдагы казак педагогикалык техникумун, Москвада Бүткүл союздук журналистика институтун аяктаган.
Болочоктогу калемгер алгачкы ырларын 18 жашында жазып, казак, татар тилинде чыккан. 1926-жылы "Ажар" аттуу аңгемеси биринчи жолу жарык көрөт. Кийин "Бакыт", "Кыйын өткөөл", "Курман жылга" повесттерин, "Боордоштор", "Көл боюнда" романдарын, "Түлкү менен суу", "Чабалекей менен жылан", "Шаифтин аңгемеси", "Мурат" аттуу аңгемелерин жаратып, котормочулук менен да алектенген. Кыргыз эл жазуучусу 1979-жылы 3-октябрда 77 жашында дүйнө салган.
Баялинов кыргыздын алгачкы кесипкөй котормочуларынын бири. Ал Максим Горький, Александр Пушкин жана башка орус жазуучуларынын чыгармаларын кыргызчага оодарган
Баялинов кыргыздын алгачкы кесипкөй котормочуларынын бири. Ал Максим Горький, Александр Пушкин жана башка орус жазуучуларынын чыгармаларын кыргызчага оодарган
СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү жакын санаалаш, замандаштары менен. Баялинов эмгек жолунда түрдүү бут тосууларга кабылган. Бирок чыгармачыл инсан ага баш ийген эмес
СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү жакын санаалаш, замандаштары менен. Баялинов эмгек жолунда түрдүү бут тосууларга кабылган. Бирок чыгармачыл инсан ага баш ийген эмес