Кымбатчылык жагынан ЕАЭБ ичинде Казакстан алдыда бара жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн желектери. Архив
ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2022
Жазылуу
Коңшу өлкөдө азык-түлүк 19,5 пайызга, кызмат көрсөтүүлөр 10,8 пайызга баасын жогорулатты.
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Ушул жылдын сентябрь айында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин арасынан керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли Казакстанда байкалды. Бул тууралуу Статистика комитети билдирди.
"Былтыркы жылдын аягына салыштырмалуу Казакстанда керектөө секторундагы инфляция 15,4 пайызга жетти. Буга азык-түлүктүн 19,5 пайызга, кызмат көрсөтүүлөрдүн 10,8 пайызга кымбатташы себеп болду", — деп айтылат билдирүүдө.
Башка өлкөлөрдө инфляциянын деңгээли канчалык өстү:
Армения — 5,7 пайыз;
Беларусь — 14,8;
Кыргызстан — 10,6;
Россия — 10,5.
Дүйнөлүк тенденцияга ылайык, ЕАЭБ өлкөлөрүндө дагы товар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык түрү күн санап баасын көтөрүүдө.
Беларусиядагы супермаркет. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2022
Беларуста тамак-ашты кымбаттаткан дүкөндөргө кылмыш иши козголо баштады
Жаңылыктар түрмөгү
0