https://sputnik.kg/20221013/sadyr-zhaparovdun-sujlogon-sozu-1068929630.html
Садыр Жапаровдун Астанадагы сүйлөгөн сөзү. Урунттуу учурлар
Садыр Жапаровдун Астанадагы сүйлөгөн сөзү. Урунттуу учурлар
Sputnik Кыргызстан
Мамлекет башчы глобалдык экономика эл аралык чыңалуудан улам жаңы соккуларды баштан кечирип жатканын белгилеген. 13.10.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-10-13T13:45+0600
2022-10-13T13:45+0600
2022-10-13T13:47+0600
кыргызстан
казакстан
астана
саммит
садыр жапаров
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/0d/1068926947_74:286:2687:1756_1920x0_80_0_0_ebb986fe02b8ddceee20767cbbb47302.jpg
БИШКЕК, 13-окт.— Sputnik. Бүгүн, 13-октябрда, президент Садыр Жапаров Астанада өтүп жаткан Азиядагы кызматташуу жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин 6-саммитинде сөз сүйлөдү.Мамлекет башчы токтолгон маселелердин урунттуу учурлары:
https://sputnik.kg/20221013/putin-sammit-sujlogon-sozu-1068928876.html
казакстан
астана
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/0d/1068926947_356:0:2752:1797_1920x0_80_0_0_934dbfd7b152f607ca393065cdc91176.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, казакстан, астана, саммит, садыр жапаров
кыргызстан, казакстан, астана, саммит, садыр жапаров
Садыр Жапаровдун Астанадагы сүйлөгөн сөзү. Урунттуу учурлар
13:45 13.10.2022 (Жаңыртылды: 13:47 13.10.2022) Мамлекет башчы глобалдык экономика эл аралык чыңалуудан улам жаңы соккуларды баштан кечирип жатканын белгилеген.
БИШКЕК, 13-окт.— Sputnik. Бүгүн, 13-октябрда, президент Садыр Жапаров Астанада өтүп жаткан Азиядагы кызматташуу жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин 6-саммитинде сөз сүйлөдү.
Мамлекет башчы токтолгон маселелердин урунттуу учурлары:
коронавирус пандемиясынын таасиринен толук чыга элек глобалдык экономика азыр эл аралык чыңалуудан улам жаңы соккуларды баштан кечирүүдө;
маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен жасалган мыйзамсыз аракеттердин түрлөрү көбөйүүдө. Алар менен күрөшүү үчүн жалпы күч-аракет жана кеңири кызматташтык керек;
Кыргызстан террорчулукка жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүүнү улантууда. Террордук кыймылдарга эл аралык байкоо жүргүзүү үчүн жүргүнчүлөрдү алдын ала маалымдоо жана жүргүнчүлөрдү каттоо боюнча система ишке ашырылган;
Кыргызстан ШКУнун алкагында Бишкекте Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүү маселесин иштеп жатат;
БУУнун жана бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн чакан мамлекеттердин көйгөйлөрүнө буруу максатында Кыргызстан 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин сунуштады.

13 Тогуздун айы 2022, 13:07