Путин Эрдоганга Түркияда газ хабын түзүү идеясын айтты

© Sputnik / POOL / Медиабанкка өтүүРФ лидери Владимир Путин жана Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган
РФ лидери Владимир Путин жана Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2022
Жазылуу
РФ лидери украин бийлигинин "Түркия агымында" жакында эле теракт уюштурууга аракет кылганын эске салды.
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. РФ лидери Владимир Путин Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоганга Түркияда газ хабын түзүү идеясы тууралуу айтты.
Эки мамлекеттин лидерлери Астанада өткөн Азиядагы кызматташуу жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин 6-саммитинин алкагында жолукту.
"Сиздердин энергетика министри жана BOTAŞ (Түркиянын мамлекеттик мунай-газ компаниясы) жетекчиси катышкан кеңешүү, сүйлөшүүдөн кийин "Газпром" менен келишим болду. Мен баарынын алдында эгерде Түркия жана башка өлкөлөрдөгү биздин кардарлар кызыкдар болсо, дагы бир газ түтүгүнүн системасын куруу мүмкүнчүлүгү туурасында айттым. Андан сырткары, Түркиянын аймагында башка, үчүнчү өлкөлөргө сатыш үчүн газ хабын куруу жаатында да кеп кылдым. Албетте, бул биринчи иретте европалык мамлекеттер", — деди Россия президенти.
Кечээ ал "Россиялык энергетикалык апта" аймагында Москва көгүлтүр оттун транзитин "Түндүк агымдан" "Түркия агымына" которо аларын билдирген. Анын айтымына караганда, мындай чечим экономикалык жактан пайдалуу болот жана маршрут алда канча коопсуз.
"Рынокту кадыресе деңгээлде, эч кандай саясий өңүтсүз эле кыйынчылыксыз (бааны – ред.) жөнгө салмакпыз," — деген Россия президенти.
Ал, мындан сырткары, украина бийлигинин "Түркия агымына" жакында эле теракт уюштурууга аракет кылганын эске салды.
"Өзүңүздөр уккандай, аны да жардырууга аракет кылышкан... Кудайга шүгүр, бул ишке ашпай, азыр ал кадимки калыбында турат", — деген Путин.
Балтика деңизиндеги газ куурларынын төрт жеринен газдын агып чыгып жатканы боюнча 26-сентябрь күнү белгилүү болгон.
Батыштын санкцияларынан улам Siemens турбиналарын оңдоодо маселе жаралгандыктан "Түндүк агымдын" иши августтун аяк ченинен тарта токтогон. Ал эми 2021-жылы курулуп бүткөн "Түндүк агым — 2" ишке берилген эмес. Анткен менен эки түтүктө тең газ бар болчу.
Nord Stream AG оператор-компаниясы буга чейин мындай авария болбогонун, калыбына келтирүү иштеринин мөөнөтүн болжоп болбой турганын билдирди. Германия менен Дания бийликтери кырсык атайылап жасалышы мүмкүн экенин айтышты.
Ал эми Кремль болгон окуяны террордук акт деп баалоодо. Россия президенти Владимир Путиндин айтымында, "англосактар санкцияга ыраазы болбой", эми жалпы европалык энергетикалык инфраструктураны жок кылууга өтүштү. Вице-премьер Александр Новак өз кезегинде "Түндүк агымдарды" иштен чыгарууга аталган долбоорго каршылык көрсөтүп келген мамлекеттер кызыкдар болушу мүмкүн экенин айтып, мындай өлкөлөрдүн катарына АКШны, Украина жана Польшаны кошкон.
Түркия жана Россия желектери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2022
Энергетика министри: Түркия Россияга каршы санкцияларга кошулбайт
Жаңылыктар түрмөгү
0