14-октябрга карата аба ырайы

© ФотоБишкектеги кыргыз-азербайжан достук сейил багы
Бишкектеги кыргыз-азербайжан достук сейил багы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2022
Жазылуу
14-октябрда өлкөнүн дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Жума күнү республиканын айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы болжолдонду. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда +21…+26, Таласта +20…+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +22…+27, Ысык-Көл чөлкөмүндө +14…+19, Нарын өрөөнүндө +15…+20 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы Бишкекте +24…+26, Ош шаарында +25…+27 градус болот.
Көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2022
Жылуу болот. Дем алышка карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0