Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Сагынбаев: өлкөдө дары чыгарган бирдиктүү ишкана ачылат

© Sputnik / Асель Акмат"Кыргыз индустриясы" ачык акционердик коомунун вице-президенти Жыргалбек Сагынбаев
Кыргыз индустриясы ачык акционердик коомунун вице-президенти Жыргалбек Сагынбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2022
Жазылуу
"Кыргыз индустриясы" ачык акционердик коомунун вице-президенти Жыргалбек Сагынбаев өлкөдө инсулин жана башка эң зарыл болгон дары-дармек чыгарган завод ачыларын айтты.
Ош шаарында өткөн кыргыз-орус инвестициялык форумунун алкагында европалык фармакологиялык компания менен биргеликте Кыргызстанда дары чыгарган завод ачуу боюнча меморандумга кол коюлду. Бул апта ичи келишим түзүлсө, аркы жумалардан биргелешкен ишкана ачылганы турат. Бул тууралуу Жыргалбек Сагынбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Сагынбаев: өлкөдө инсулин чыгарган завод курулат
Анын айтымында, завод "Бишкек" эркин экономикалык аймагына караган жерге жайгашат.
"Учурда Кыргызстан керектеген дары-дармегинин үч пайызын гана өзү өндүрүп, калган 97 пайызын сырттан алып келет. Биз бул биргелешкен ишкананын ачылышы менен, тескерисинче, 97 пайыз дары-дармекти өзүбүз чыгарганга жетишели деп турабыз. Аталган завод инсулин чыгарууга да басым жасайт. Анткени бул багытта өлкөдө чоң көйгөй бар. Биз бир эле өлкө муктаждыгын жойбостон экспортко да чыгарууга дарамети жете турган ишкана түзгөнү жатабыз. Мындан сырткары, Саламаттык сактоо министрлиги берген эң зарыл дарылардын тизмесинен турган 400дөн ашуун дары-дармек да өзүбүздөн чыга баштайт. Европалык компания менен жарым жылдан ашуун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп отуруп, кыргыз-орус инвестициялык форумунун алкагында кол коюуга жетиштик. Аларды биздин инвесторлорго карата мыйзамдардын жеңилдетилиши кызыктырды", — деди Сагынбаев.
Ал долбоордун жалпы баасы 150 миллион доллар экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0