КРде бөйрөк алмаштыруу: жакында жабдуу алынып, операция 7100 долларга жасала баштайт

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте гемодиализде жаткан адам. Архив
Бишкекте гемодиализде жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2022
Жазылуу
Жети миңге чукул каражат операция жасоодо колдоно турчу препараттарга сарпталат.
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу боюнча операция 7 100 доллардан жасала баштайт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Улан Садыков маалымат жыйын учурунда билдирди.
Анын айтымында, бул — Борбор Азиядагы эң төмөн баа.
"Өлкөдө буга чейин деле бөйрөккө операция жасалып келген. Мен билгенден ушул убакытка чейин 54 адамдын бөйрөгү алмаштырылган. Бирок лабораториялык изилдөөлөр жаатында көйгөй бар болгондуктан, операция дайыма эле жасалчу эмес. Мындан улам бейтаптар чет жактан дарыланып келүүгө аргасыз болушчу. Бөйрөк алмаштыруу боюнча операциянын толук циклин өткөрүү үчүн жакында өлкөгө атайын жабдуу алып келинет. Ошондон баштап Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу боюнча операция 7 100 доллардан жасала баштайт. Бул бааны тиешелүү органдар койду", — деген ал.
Буга чейин Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун тубаса кемтиги бар бейтаптарды караган бөлүмдүн жетекчиси Мирбек Байзаков дагы Кыргызстанда бөйрөк алмаштырууга 7 100 доллар сарпталарын айтып, операция акысыз, болгону ага чейинки, аны жасоодо колдонулчу препарат, дары-дармектин акысы эле 7 100 долларга чыгып кетерин белгилеген.
Фармацевтикалык заводдун кызматкери таблеткаларды көрсөтүп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2022
Өткөн жылы дары жетишпей, орган алмаштырган 10 адам каза болгон
Жаңылыктар түрмөгү
0