Бишкекте жол эрежелерин бузган фактылар: 9 айдын жыйынтыгы сандар менен

© Sputnik / Табылды КадырбековКайгуул милиция кызматкерлери. Архив
Кайгуул милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2022
Жазылуу
Бюджетке эрежени сактабаган айдоочулардан 123, 6 млн. сом түшкөн.
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Борбор калаада жыл башынан бери жол эрежеси 235 миң жолу бузулган. Бул тууралуу Кайгуул милициясынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.
Жогоруда көрсөтүлгөн сандагыдай протокол түзүлгөнү аталган башкармалыктын 9 айдын жыйынтыгы боюнча болгон ыкчам кеңешмесинде айтылган.
Бюджетке эрежени сактабаган айдоочулардан 123 миллион 623 миң 890 сом түшкөн.
Кандай эреже бузуулар катталган:
Туура эмес токтотуу — 125 945 жолу;
мотошлем менен коопсуздук курун туура эмес колдонуу — 52 664;
жөө жүргөндөр менен велосипедчендердин эреже бузуусу — 18 606;
автоунааны мас болуп алып айдоо — 2236;
документи жок айдоо — 1557;
автоунаанын айнегин негизсиз караңгылатуу — 530;
автобейбаштык — 42;
башка эрежелерди бузгандар — 33 348.
Тогуз айда айып короого 19 миң 801 темир тулпарды токтотушкан.
Жол кырсыгына кабылган унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2022
Кыргызстанда 8 айда 379 адам жол кырсыгынан каза болду
Жаңылыктар түрмөгү
0