Августта өлкөдөн рекорддук көлөмдө акча чыккан, кирген каражат да аз болгон жок

© Sputnik / Жоомарт УраимовСом жана доллар купюралары. Иллюстративдик сүрөт
Сом жана доллар купюралары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2022
Жазылуу
Акыркы айларда өлкөгө кирген жана чыгарылган акчанын агымы өсүп, бир нече ирет рекорд коюлган.
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Кыргызстандан чыгарылган акчанын көлөмү август айында 133,4 миллион долларды түзгөнүн Улуттук банктан билдирди. Кеп жеке тараптардын акча которуу системасы менен салган каражаты туурасында жүрүп жатат.
Улуттук банктын ачык маалыматтарына таянсак, бул 2005-жылдан тарта бир ай ичинде коюлган рекорд болуп калды. Адатта азыраак болот, мисалы, өткөн жылдары тышка чыгарылган акчалар 60 миллион доллардан эки ирет гана өйдө болгон. Бирок акыркы айлары (апрелден августка чейин) Кыргызстандан чыккан акчалар суммасы менен рекорд коё баштады. Мындан мурдараак эң жогорку көрсөткүч июль айында кездешип, анда 113,8 миллион доллар которулган.

Жыл башынан бери акчанын чыгышы кандай болгон?

Быйылкы жылдын сегиз айынын эсеби менен алганда 608,9 миллион доллар сыртка кеткен. Мурдагы эң жогорку көрсөткүч 2019-жылы катталган, ал 336 миллион долларды түзгөн.

Кирген акчалар тууралуу маалымат

Эң көп сандардан Кыргызстандан которулган акчалар эле эмес, келген каражаттар боюнча да маалымат алууга болот. Август айында өлкөгө которуу жолу менен 301,6 миллион доллар келип түшкөн. Бул тарыхтагы экинчи ирет жасалган рекорд, биринчиси 317,2 миллионго чыгып, июнда катталган. Негизи, акыркы айларда которуулардын көлөмү төрт миллиарддан түшкөн жок, бул дагы көп сан. Салыштыруу үчүн айтсак, биринчи айларда 200 миллион доллардан алда канча аз каражат түшкөн.

Жыл башынан бери канча акча түшкөн?

Сегиз ай аралыгында республикага 1 миллиард 919,6 миллион доллар келген. Буга чейин жогорку көрсөткүч 2018-жылдын январь–август айларында болуп, анда 1 миллиард 744,1 миллионду түзгөн.
5000 сомдук купюра. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2022
Кыргызстанда элдин банкка салган акчасы 280 миллиард сомго жетти
Жаңылыктар түрмөгү
0